0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Ө. Токтонасыров «Азаттык» үналгысын колдоп митингге чыкты

    02 07 2015 11:40

    Укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «Азаттыкты» эл угат, «Азаттыкты» эл кадырлайт» деген жазууну көтөрүп, аталган үналгысынын кеңсесинде акция уюштурууда.

    Ал КТРКдан «Азаттыктын» телеберүүлөрүн алып салганга каршы. Анын талабы - кайрадан КТРКнын эфиринен үналгынын телеберүүлөрү көрсөтүлсүн. «Биз «Азаттык» радиосунун активдүү угарманыбыз. Акыркы маалыматтарга караганда бийлик тараптар кысым кылып, «Азаттыкты» жабуу аракеттерин көрө баштагандары небак эле сезилген. Акаев жана Бакиевдин убагында ушундай көрүнүштөр болгон. Эмне үчүн азыркы бийлик ошондой жолго түшүп жатат? КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду күнөөлөгүм келбейт. Ал медиа-эксперт, билимдүү жигит. Анын үстүндөгү режиссер-постановщиктерге айтат элем чынчыл болгула деп», - дейт Ө. Токтонасыров.

    КТРКнын «Азаттык» менен болгон телеберүүлөрдү жайгаштыруу келишими 29-июнда токтогонун КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков социалдык тармак аркылуу жазып чыккан.

    Анын билдирүүсүндө, КТРК «Азаттык» менен сүйлөшүү жүргүзүп прайм-тайм учурынан башка убакыт берүүгө даяр. «Радиоберүү жайгаштыруу жана башка келишимдер күчүндө», - дейт И. Карыпбеков.

    Ал эми «Азаттык» КТРК жетекчилигине бул тууралуу алдын ала эскертпегенин айтышууда.

    «Ыңгайсыз суроолордун» чыгарылышында экс-президент Аскар Акаев менен болгон интервью көрсөтүлмөк экен.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *