Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
30-октябрда "Эне-Сай кыргыздары" аттуу көргөзмө ачылат
30-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Н.М.Мартьянов атындагы Минусин аймактык музейинин «Эне-Сай кыргыздары» көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, иш-чара Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан демилгеленип, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Мамлекеттик тарых музейинин, ошондой эле "Улут Ордо" коомунун каржылык колдоосу менен өткөрүлүлөт.
Н.М. Мартьянов атындагы Минусин аймактык музейинин жана КР Мамлекеттик тарых музейинин фонддорунан алынган сейрек кездешүүчү архиологиялык коллекциялар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүп жаткан эл аралык илимий-көргөзмө долбоору болуп саналат. Минусин музейинен алынган материалдар Мамлекеттик тарых музейиндеги азыркы Кыргызстандын аймагынан табылган экспонаттар менен толукталды.
Көргөзмө иши 25-декабрга чейин улантылат.