Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев «КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду
09 01 2015 17:40
Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 4-декабрда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - жарандардын адилеттүү сотко карата укуктарын камсыз кылуу боюнча Жазык-процесстик кодекстин айрым жоболорун өркүндөтүү болуп саналат. Бул максатты ишке ашыруу боюнча Мыйзамда тергөөчү жазык ишин козгоодон баш тартканда, даттануунун тартибин түшүндүрүү менен токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыз берүүчүгө жиберүүгө милдеттендирилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.