Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Москвадагы Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катышат
08 05 2015 06:24
Президент Алмазбек Атамбаев 7-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин бейформалдуу жолугушууcуна катышуу үчүн иш сапар менен Москва шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилиндеги эски үлгүдөгү самолетторду көрүп чыкты.
9-майда президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларга, анын ичинде Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышат.
Мамлекет башчысы ошондой эле Москва облусунун Волоколамск шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылыш аземине катышат.