Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен куттуктады
30 01 2015 10:50
Бүгүн, 30-январда Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоо телеграммасында Президент урматтоо жана өз ара ишеним принциптерине негизделген Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп кылымдар бою түзүлгөн достук жана жакшы коңшулаштык байланыштар бир тууган эки элдин кызыкчылыгында өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев Президент Ислам Каримовго чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.