Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Бекматов: «Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртсөк болобу» деген маселени элге добуш берүүгө салыш керек
23 06 2015 15:18
«Жалпы элден «Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртсөк болобу деген маселени добуш берүүгө коюш керек», - деп бүгүн, 23-июнда ЖКда адам укуктары комитетинин жыйынында «Республика» фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, өзгөрткөнгө болот деп эл добуш бергенден гана нормаларды кароо абзел. «Мен нормаларга каршы эч нерсе айтып жаткан жокмун. Болгону принцип тууралуу айтып жатам», - дейт А. Бекматов.
Бүгүн парламентте «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы боюнча референдуму (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам долбоору жөнүндө «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов баяндама жасап жатат.