0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    А.Атамбаев КМТУнун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

    А.Атамбаев КМТУнун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
    18 09 2014 14:48

    Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 60 жылдык мааракесине карата мугалимдерди жана студенттерди куттуктады. Мындай маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

    Куттуктоо текстинде: “Бүгүн  сиздердин окуу жай техникалык билим берүүдө алдыңкы катарды ээлеп, Кыргызстандын инженердик кадрларды даярдоонун өнөрканасына айланды. Техникалык университеттин тарыхы - республикабызда жогорку билим берүүнүн калыптануу тарыхы. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, мекени үчүн талыкпай эмгектенген муундун тарыхына үндөшөт. Окуу жайынын алгачкы  ректорлору Георгий Акимович Сухомлинов жана Владимир Михайлович Журавлев - ошол муундун өкүлдөрү. Белгилүү окумуштуулар, мыкты уюштуруучулар ондогон жылдар бою зор эмгек кылып, Кыргызстандын илимий-техникалык кадрларын даярдоону калыптандырган.

    Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган. Анткени ал республикабызда алгачкы техникалык жогорку окуу жайын түзүүнүн демилгесин көтөргөн. Исхак Раззаковдун “Эгерде мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген учкул сөзү Мекенине, элине кызмат кылуунун белгиси болуп калды.

    Бүгүн Кыргызстан мамлекет үчүн, анын келечеги үчүн иштөөгө жөндөмдүү жаш адистерге муктаж. Сиздердин университет замандын талабына толук жооп бере алат деп ишенем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана бейпилдикте гүлдөп өнүгө берсин!”.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *