0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ВУЗNews - Новости и Мероприятия

    Акыл Тирек 2014

    Акыл Тирек 2014
    18 09 2014 16:57

    ЭКИНЧИ БүТКүЛ ДүЙНөЛүК КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН

     «АКЫЛ ТИРЕК» интеллектуалдык жарышынын жыйынтыгы чыкты

    Ð�мÑ�Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Сизди жана мекеменин жамаатын «АКЫЛ ТИРЕК» жарышынын жеңүүчүлөрүнө жана номинаттарга б.а. жаш окумуштууларга «Акыл Тирек» наамын ыйгаруу салтанатына 2014-жылдын 17-сентябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда болуп өттү, бул жөнүндө TOPNEWS.KGге фонддун пресс-катчысы билдирди.

    «Акыл Тирек» жарышы 2013-жылдан бери «Кыргызстандын идеялык картасы»  долбоорунун алкагында өткөрүлүп, 2014-жылы төмөнкү багыттарды камтыды:

    ·         экономика;

    ·         мамлекеттик башкаруу;

    ·         социалдык долбоорлор;

    ·         илимий -техникалык долбоорлор жана аны турмушта колдонуу.

    Жарыштын алкагында пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган 120 эмгек, илимий жана аналитикалык сунуш, долбоорлор  кабыл алынды.  Алгачкы экспертизадан 74 эмгек өтүп, алардын катарынан комплекстүү экспертизанын (атайын эксперттердин) элегинен алдыңкы сапка 12 иш, алардын авторлору, көмөктөш авторлору озуп чыгышты.

    Прогрессивдүү Демилгелер Фонду эксперттик комиссиядан жеңүүчү деп табылган 12 эмгектен сырткары дагы 9 эмгекке кошумча сыйлык ирээтинде диплом берип, ар бирине 5000 сомдон акчалай сыйлык берүүнү туура тапты. Ар бири сыйлыкты Орозалиев Төлөмүш Орозалиевичтин колунан алышты.

    Ð�мÑ�    Ð�мÑ�

    Алар:

    1.            Коомдук ишмер Какчекеев  Токтогул  агайга – ички иштер министрлигин реформалоо багытында берген эмгеги үчүн;

    2.            Коомдук ишмер Темишов Базарбай агайга – чет мамлекеттердин геосаясий аракеттерине туруштук берген күчтүү кыргыз коомун курууга багытталган эмгеги үчүн;

    3.            Эне жана баланы коргоо Улуттук Борборунун мүдүрүнүн илимий иштери боюнча орун басары Мамырбаева Турсун Турганбаевнага – 6 айдан 2 жашка чейинки балдардын арасында микронутриенттердин жетишсиздигинен пайда болгон оорулардын таркалышы жана алардын алдын алуу ыкмасы боюнча буга чейинки аткарылган иш аракеттерин камтыган эмгеги үчүн (кɵмɵктɵш авторлору Узакбаев, Шалабаева жана Исмаилова);

    4.            М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетинин доценти Турсуналиева Динара Мухтаровнага – жеңил ɵнɵр жай тармагында атаандаштык жɵндɵмдүүлүктү инновациялык ɵнүгүүнүн негизинде камсыз кылуу атуу эмгеги үчүн;

    5.            Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин мүдүрү Жунушалиева Нурзат Манасовнага – коллдеж жана жогорку окуу жай системасында үзгүлтүксүз билим берүү аттуу эмгеги үчүн;

    6.            AVN компаниясынын негиздɵɵчүсү, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Универститетинин аралыкта башкаруу жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башкы адиси Саитов Нурлан Жолдошевичке – билим берүү системасына автоматашттырылган маалымат технолгияларын киргизүү багытында жазылган эмгеги үчүн (автордун автоматташтырылган системасы бир нече ЖОЖдор ишке кирип ийгиликтүү иштеп жатат);

    7.            Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Универститетинин доценти, 2013-жылы жаш окумуштуулар арасында Акыл Тирек наамын алган Асанова Салима Муратовнага – кубаттуулугу 6-35киловаттка жеткен электр түйүндɵрүнүн зым линияларындагы аварияларды оперативдүү түрдɵ аралыктан аныктоо ыкмасы сунуштаган эмгеги үчүн;

    8.            Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университетинин жаш окумуштуулар кеңешинин тɵрайымы Кошбакова Батмахан Муктаровнага  - кыргыз элинин социалдык маданий каада салтын жана үрп-адаттарынын учурдагы абалын терең изилдеп, анын ааламадашуу жана демократиялашуу процессиндеги ролун караган эмгеги үчүн.

    9.            Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин алдыңкы адиси, химия илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкери Султанкулова Алыйма Султанкуловнага -   «Кыргызстандагы «алтындай» калдыктарды кайра иштетүү».аттуу эмгеги үчүн.

    Ал эми Салымбеков Аскар Мааткабылович, Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти Алдашев Алмаз Абдулхаевич жана коомдук ишмер, профессор  Жаманбаев Мурат Жүзүмалиевичтер жеӊүүчүлөргө сыйлыктарды беришти.

    “Акыл Тирек - 2014” конкурсунун жеӊүүчүлөрү

    1.      Жеңиш Нурбек (25 000сом) - Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) доценти жана экономика департаментинин жетекчиси. «Кыргызстандагы кичи жана чакан ишкердиктин экспортко багытталып ѳнүгүүсү: тигүү ѳнѳр-жайы» аттуу эмгегинде калкты иш менен камсыздоого салым кошкон Кыргызстандагы жеӊил ѳнѳр-жайынын флагманы кийим тигуу тармагынын ѳнүгүүсүндѳгү жетишкендиктери каралат. Ошондой эле импорттолуучу кездеме менен фурнитурага тарифтердин жогорулашы жана Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүүсүнѳн улам жыйынтык катары келип чыгуучу натыйжалар каралып чыккан.

    2.      Атабаев Нурлан Узгенович (25 000сом) - Эл Аралык Ататүрк–Алатоо университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы. «Акча-кредит саясатынын кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө тийгизген таасири» аттуу эмгегинде экономикалык өсүшкө тийгизген таасирин эконометрикалык модел аркылуу аныктап, эффективдүү өнүгүүнүн сунуштарын киргизген.

    3.      Гыязов Айдарбек Токторович (25 000сом) - Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя Технология, экономика жана укук институтунда окуу-маалымат департаментинин башчысы, экономика илимдеринин кандидаты. «Кыргыз Республикасындагы чакан ишканалардын ишкердик потенциалынан өсүп-өнүгүүсүндөгү мамлекеттин ролу» аттуу изилдөөсүндө ишкердикти колдоодогу көйгөйлөрдү чечүүнүн макро жана микро денгээлиндеги жолдору жана КРда ишкердик потенциалдын өнүгүүсүндөгү мамлекеттин конкреттүү кадамдары каралган жана багыттар берилген.

    4.      Кыдыралиев Сыргак Капарович (25 000сом) - Борбордук Азиядагы америкалык университеттин профессору. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын саясаты боюнча өзгөчө кɵз караш жана ойлорун билдирип жана  сунуштарды берүүгɵ аракет кылган эмгеги үчүн; 

    5.      Суюнбаев Мурат Насирдинович (25 000сом) - Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору. “Кыргызстандын прогрессивдүү өнүктүрүү модели” аттуу сынактык эмгегинде айыл тургундарын жумуштуулук менен камсыздоо жана заманбап экономикага жакындаштыруу багытында кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү менен креативдүү жаңы ɵнɵр-жай тармагын колдоо моделин сунуштайт.

    6.      Жапарова Дамира - (25 000сом) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  Экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнун доценти, экономика илимдеринин кандидаты. Көмөктөш автору  Бектеновна Дамира Чотуевна – Кыргыз-Славян университетинин Экономика факультетинин “Каржы жана кредит“ бөлүмүнүнүн бөлүм башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор.    “Кыргыз республикасындагы саламаттык сактоо системасынын экономикалык анализи” аттуу изилдөөсүндө саламаттык сактоо системасындагы эң негизги экономикалык көйгөйлөргө көңүл бүруу максатында системанын негизги  каржылык булактары жетишсиз жана медициналык камсыздандырууну «камсыздандыруунун анык модели» деп айтууга мүмкүн эместигине токтолуп, айрым чечүү жолдору сунушталган.

    7.      Осмонов Ысман Джусупбекович (50 000сом) - К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Инженердик техникалык факультетинин профессору. “Койлорду зоотехникалык жана ветеринардык тейлөө үчүн экологиялык жактан коопсуз технологияны жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу» эмгегинде көп жылдык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин натыйжасында фермердик (дыйкан) чарбаларынын, айыл чарба кооперативдеринин жана башка түрдөгү чарбачылыктын шарттарына ылайыкташкан койлорду зоотехникалык жана ветеринардык тейлөө үчүн экологиялык жактан коопсуз технология жана техникалык каражаттар иштелип чыккан. Сунушталган технологияда койлорду зоотехникалык жана ветеринардык тейлөөлөрдүн бардыгы толугу менен механикалаштырылган жана автоматташтырылган.

    8. Дюшеналиева Эркайым Бекжановна (50 000сом)  - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Инновациялык кесиптер институтунун ага окутуучусу. Кыргыз Республикасында мамлекеттик иншканалардын көйгөйлөрү Элдик IPO (өлкөнүн жарандар арасында баалуу кагаздарды айкын жайгаштыруу) менен чечилет. Элдик IPO ишканага акча каражаттарды тартууга мүмкүн берет жана Кыргызстандагы баалуу кагаздардын базарынын өнүгүү факторлорлорунун бири болмокчу деп, конкреттүү долбоор сунуштаган.

    9.      Кулданбаев Нурбек Кудайбергенович (50 000сом) - «Реласкоп» коомдук фондусунун мүдүрү, «Жаш-муун» коомдук бирикмесинин мүдүрүнүн орун басары, «Алдын алуучу медицина» илимий өндүрүштүк бирикмесинин ага илимий кызматкери. Өлкөнүн жаратылыш ресурстарын коргоо жана рационалдуу колдонуу үчүн GPS координаты менен белгиленген стационардык үлгү аянтчаларынын негизинде айлана чөйрө объектилерине мониторинг жүргүзүүнү сунуштаган. Жаратылыш объектилерин GPS системасынын жана металл реперлеринин жардамы аркылуу маркировкалоо аларды узак убакытка байкоого алууга жана изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүүсү боюнча мыкты долбоор берилген.

    10.  Сабырова Гүлзат Жумадиловна (50 000сом) - Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынын бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит кафедрасынын башчысы. “Бюджеттик чыгымдардын натыйжалуу тескелишин жана кѳзѳмѳлдѳнүшүн эсептик-талдоо жагынан камсыздоо». Сунушталып жаткан изилдөө бюджеттик мекемелердеги бухгалтердик эсеп жана ички кѳзѳмѳл тутумун реформалоого арналган. программалык-максаттуу бюджеттештирүүнү киргизүү аркылуу мамлекеттик башкаруунун бардык институттарынын ишмердигинин натыйжасына карай баалоо жана иштин натыйжалуулугу үчүн жоопкерчилигин күчѳтүү зарыл. Бул жаңы милдеттерди орундатуу үчүн принципиалдуу жаңы маалыматтарды алууга багытталган бюджеттик эсеп жана отчеттуулуктун жаңы тутуму керек болот деген ишенимде өзгөчө долбоор берген.

    11.  Асанов Арстанбек Авлезович (50 000сом)  - Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жүк которуп-ташуучу, курулуш, жол машинелери жана жабдыктары кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор. Көмөктөш авторлор: Алымкулов Самсалы Аманович, Жумалиев Кубанычек Мырзабекович. «Инновациалык технологиялардын негизинде Кыргызстандын экономикалык секторлорун жана көмүр тармагын кɵтɵрүү» аттуу эмгегинде Кыргызстандагы көмүрдү энергоэффективдүү колдонуу проблемалары жана инновациалык технологиялардын негизинде кɵмүрдү кайра иштетүү аркылуу энергетикалык кɵйгɵйлɵрдүү чечүүнүн  жолдору баяндалган. Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактары: энергетика, өндүрүш, айыл-чарба, тоо-кен багыттарын системдүү түрдө заманбап технологияларды колдонуунун негизинде өркүндөтүү демилгесин элге жеткизүүнү максаттаган долбоор.

    12.  Молдобеков Болот Дуйшеналиевич (50 000сом) - Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институнун мүдүрү. Көмөктөш авторлор: Орунбаев Сагынбек Жолчуевич,  Усупаев Шейшеналы Эшманбетович, Бегалиев Улугбек, Паролай Стефано, Бинди Дино «Шаарларды сейсмикалык микрорайондоштуруунун жаңы жолдору жана «Ыкчам маалымат берүү борборун түзүү» аттуу сынактык илимий изилдөө ишинде борбор шаарыбыздын жер кыртышын изилдеп, көп кабаттуу турак-жайлардын жана жаңы курулуштардын сейсмикалык абалы талдоого алынган. Ошондой эле шаардан ыраак болгон жер титирөөлөр үчүн «Ыкчам маалымат берүү борборун» түзүү каралып, ал азыркы учурда ишке ашырылып жатат.

    Конкурстун жеӊүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилди. Алар өлкөбүздүн интеллектуалдык ресурсунун негизги тиреги болуп калышат.

    Номинанттар – өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыз.

     ЖОЖдордон, КРнын Улуттук илимдер академиясынан сунушталган жаш окумуштуулар 28 мекемеден 75 номинанттын ысымы бул жылы китепке басылат. Аларга сыйлыкты Саылмбеков Аскар Мааткабылович, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун орун басары Иманалиев Кайрат, ошондой эле 2013-жылы “Акыл Тирек” наамына татыктуу болгон, учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкын жетектеп жаткан Абдыгулов Толкунбек агайлар тапшырышты.

                «Акыл Тирек» китеби – бул Кыргызстандын жаңы тарыхый баракчасы болуп, ал жерде  ɵзгɵчɵ жана жаңычыл кɵз караштары менен идеялык чоң бурулуш  жасаган инсандардын жогоруда белгиленген катышуучу, жеӊүүчү жана номинанттардын ысымдары тʏбɵлʏккɵ келечек муунга үлгү катары жазылып калмакчы. 

               Кошумча маалыматты www.fpi.kg сайтынан, же төмөндөгү телефон жана электрондук почта боюнча ала аласыздар. Тел.: (0312) 69 06 67, 0770 760176, fpi.kg@mail.ru  

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *