0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews - Мнения и идеи граждан

    АКЫР ЗАМАНДЫН ЭҢ ЧОҢ ФИТНАСЫ ДАЖЖАЛ

    АКЫР ЗАМАНДЫН ЭҢ ЧОҢ ФИТНАСЫ ДАЖЖАЛ
    02 03 2015 20:06

    Автор: ХАРУН ЯХЬЯ

     

    Бул дүйнө жашоосу жакшылар менен жамандар, жакшылыктар менен жамандыктар болуп турчу, адамдар кылгандары менен сыналчу, ыйман келтиргендер менен келтирбегендер сыналчу убактылуу бир мекен. Бүт баарын жана бул сыноо чөйрөсүн жараткан Улуу Аллах сыноонун бир шарты катары ар доордо ыйман келтиргендерге каршы каапыр, кылмышкер-күнөөкөр бир душман жараткан. Ар доордо пайгамбарларга жана ыйман келтиргендерге каршы чыккан мындай каапыр, Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистери боюнча, Аз. Иса (а.с.)дын кайра дүйнөгө келиши күтүлгөн, Аз. Мехди (а.с.)дын болсо чыгаар убактысында, б.а. акыр заманда келе турган «дажжал» болот.

     

    Дажжал арап тилиндеги бир сөз, «дежл» сөзүнөн келип чыккан. Сөздүктөрдөгү мааниси боюнча, дажжал «калпычы, тузакчы, акылдарды, көңүлдөрдү, жакшы менен жаманды, акыйкат менен жалганды аралаштырган, бир нерсени кооздоп чыныгы жүзүн жашырган, кадам кадам бүт тарапты кыдырган мүфсид (бөлүүчү, бузуучу, жаман кылуучу) жана меълун (наалат алган, куулган)» бир жандык.

     

    Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде дажжал акыр заманда (дүйнөнүн акыркы доорлорунда) чыга турган эң чоң терс күч катары кабар берилген. Акыр замандай кереметтүү окуялар болуп жаткан бир доордо Аллахтын буйругу менен абдан жакында чыга турган Аз. Иса (а.с.) жана Аз. Мехди (а.с.)га душмандык кылып бүт дүйнөгө шайтандын системасын жайууга аракет кыла турган дажжал балким тарыхтын эң күчтүү каапырларынан бири чыгаар. Пайгамбарыбыз (сав) дажжалдын фитнасынын чоңдугун мындайча сүрөттөгөн:

     

    Адам жаратылгандан кыяматка чейин өткөн убакыт ичинде дажжалдан чоңураак бир окуя жок.1

     

    Дажжал, риваяттар боюнча, туураны туура эмес, туура эмести туура; жакшыны жаман, жаманды жакшы көрсөткөн бир бузуку. «Шексиз жанында бир бейиш жана бир тозок (деп атаган эки дарыя) болушу да анын фитнасы. Чынында тозогу бир бейиш, бейиши болсо бир тозок...»2хадисинде да айтылгандай, ал жакшы, туура деп чакыргандарынын баары адамга балээ алып келе турган жамандыктар. Адамдарга жамандай көрсөткөн баалуулуктар болсо чынында адамдарга жакшылык жана алардын пайдасына. Бирок кээ бир адамдар окуяларды Куран ахлагына жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө жараша баалабагандыктан, дажжал чакырган нерселерге алданып аны ээрчишет жана чыныгы моюн сунушу керек болгон Аллахтын табиятынан капылеттик менен жүз бурушат. Мунун канчалык чоң жаңылыштык экенин болсо дажжал түзгөн зулумдук чөйрөсүнөн улам түшүнүшөт. Ушул себептен, Пайгамбарыбыз (сав) адамдарды эскерткен жана дажжал жаман деп көрсөткөн нерсенин жакшы экенин билүү керек деген:

     

    Дажжал чыгат. Жанында суу менен от бар. Адамдарга суу көрүнгөнү күйгүзүүчү бир от. Адамдарга от көрүнгөнү болсо муздак жана даамдуу бир суу. Силерден ким муну көрсө отту тандасын; өзүн отко таштасын. Чынында ал даамдуу жана сонун бир суу.3

     

    Биз жашап жаткан доор хадистерде кабар берилген абдан көп алааматтардан көрүнүп тургандай, «акыр заман». Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринен түшүнгөнүбүздөй, акыр заман азыр болуп жатат жана Аз. Иса (а.с.)дын жер бетине келиши жана Аз. Мехди (а.с.)дын чыгышы Аллахтын каалоосу менен, ушул доордо күтүлүүдө. Ошондой эле, хадистерде кабар берилгендей, учурда өкүм сүрүп жаткан акыр заман ичинде дажжалдын фитнасы да сезилип, сүйүүсүздүк, баш көтөрүүчүлүк, жамандык, бөлүнүүчүлүк, уруштар жана бузукулук дүйнөнүн бүт тарабына жайылууда. Адамдардын өтө көпчүлүгү дажжалдын фитнасын ээрчип, сонун ахлактан алысташып, жер бетинде каапырчылыкка таянган шайтандык бир системаны кабыл алышкан.

     

    Дажжалдын учурдагы акыр заманда идеологиялык тараптан эң чоң фитнасы болсо дарвинизм болгон. 19-кылымдын эң чоң жомогу болгон дарвинисттик идеология башында терс реакцияга кабылса да, 20-кылымда калк арасында жайылып, массаларды ээрчитип, көптөгөн тараптарларга ээ болуп, мектеп китептерине, илимий адабиятка кирди. Чоң бир калп болгонуна, илимге жамынып, бирок илимий бир дагы далил тарабынан колдоо таппаганына карабастан, дажжалдын таасири менен бүт дүйнөнү алдай алды. Хадистерде билдирилгендей, дажжалдын таасири менен адамдар жок бир нерсени бардай кабыл алып, илим менен эч байланышы жок бир теорияны «жашоонун келип чыгышынын бир түшүндүрмөсү» катары кабыл алышты. Жаш балдар башталгыч класстардан баштап мектептерде Дарвиндин эволюция теориясын окуп баштап, эң көп көрүүчүсү бар дарвинизм тараптары телевизор каналдары эволюция жөнүндө жалган сценарийлерди «илимий эмгек» катары жарыялап, университет профессорлору бул көз бойомочулукту болгон күчү менен жактай турган абалга келишти. Бул батыл (жалган) бир ишеним системасы. Дарвинизм батыл (жалган, далилсиз) бир дин катары пайда болгон; адамдар болсо бул батыл динге эч далилсиз ишендирилүүгө аракет кылынып, ишенбегендер четке түртүлүп, ооздору жаптырылган. Эволюция теориясын колдой турган бир дагы илимий далил жок. Болушу да мүмкүн эмес. Бирок дарвинизм жалган бир ишеним системасы болгондуктан, эволюция теориясы үчүн тынымсыз жасалма далилдер чыгарылып, эволюцияны кыйраткан чыныгы илимий далилдер болсо жаап-жашырылууда. Бул көз бойомочулуктун масштабы чындап эле абдан чоң. Дарвинизм Аллахты жокко чыгарууга таянган, адашкан, жалган бир ишеним системасы болушу жагынан дажжалдын белгилүү жана хадистер боюнча акыр заманда күтүлгөн чоң оюну.

     

    Жандыктар кокустан пайда болгон деп жактаган, адамдын маймыл аталары болгон деген, адамды жер бетинде жоопкерчиликсиз, ээн баш бир айбансың деп ишендирүүгө аракеттенген, күчтүүнүн алсызды эзиши сыяктуу бузуку бир пикирге таянып массаларды өлтүргөн, согуштарды баштаган, адамдарды майда жана төмөн көргөн бул жалган ишеним системасы – дажжалдын эң чоң оюндарынын бири дарвинизм. Бирок 150 жылдан бери уланып келе жаткан бул оюн 21-кылымдын баштары менен эми кыйрады. Дажжалдын оюну бүттү. Дажжал эми өлдү. Массалык алдамчылык бүттү. Батыл (жалган) бир дин катары кабыл алынган бул идеология Аллахтын акыйкат дини алдында жер менен жексен болду. Аллах албетте Өз динин жогору кылуучу. Улуу Раббибиз бир аятында мындайча буюрат:

     

     Аллах, кылмышкер-күнөөкөрлөр каалабаса да, акыйкатты (чындап) Өз сөздөрү менен ишке ашырат. (Йунус Сүрөсү, 82)

     

     

     

    Кылымдын эң бузуку дажжалдык системасы: дарвинизм

     

    Учурдагы жер бетинде динге каршы эң чоң фитналардын бири – бул материализм жана материализмден чыккан ар түрдүү бузуку идеологиялар менен агымдар. Бүт бул агымдарды камтыган, баарынын «илимий» таянычы жана чыгуу чекити болгон көз-караш болсо – бул дарвинизм. Дарвинизм чыккандан бери материалист жана динге каршы идеология, агымдардын негизине айланып, бул идеологияларды жактагандар тарабынан дээрлик бир динге айлантылган. Дарвинизмдин акыр заманда дажжалдын динине айлантылаарына улуу Ислам аалымы Бедиүззаман Саид Нурси азрети мындайча көңүл бурган:

     

    Табиятчылык (дарвинизм) жана материализм философиясынан чыккан немрудане (баш көтөрүүчү) бир агым акыр заманда философия аркылуу барган сайын таркап күчтөнүп, өзүн кудай жарыялай турган бир даражага чыгат.4 (Аллахты аруулайбыз)

     

    Бедиүззаман «табиятчылык (дарвинизм) жана материализм философиясынын чыккан немрудане (баш көтөрүүчү) бир агым» деп айткандай, дарвинизм – бул табиятка өз алдынча бир күч таңуулаган, бүт жандыктар сокур кокустуктардын натыйжасы, алар жаратылган эмес деген (Аллахты аруулайбыз), адамдарды Аллахка ыймандан алыстатууга аракеттенген бир окуу. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистери чогултулган жана хадис түшүндүрмөлөрү орун алган Kütüb-i Sitte Muhtasarı Tercüme ve şerhi (Күтүби Ситте Мухтасары котормо жана түшүндүрмөсү) аттуу китепте болсо бул мындайча жоромолдонгон:

     

    Дажжал жол ачкан акыр заман фитнасынын эң ачык жана эң негизги өзгөчөлүгү – бул динге каршы болушу. Акыр заманда чыга турган бир катар гуманисттик көз-караштар менен баалуулуктар диндин ордун ээлегенге аракет кылат. Бул жаңы дин адамдардагы Кудайга болгон ар түрдүү моюн сунуучулукту жок кылуу үчүн Аллахты жокко чыгарууну өзүнө негиз алат... Түпкү кудайы зат менен адам болгон динден тышкары бир дин.5 (Аллахты аруулайбыз.)

     

    Дарвинисттер эволюция теориясын дайыма жалган далилдер менен илимий көрсөтүүгө аракет кылышкан. Жандуулардын жансыз заттардан пайда болгонун жана эволюциялашып өнүккөнүн, бүт жандык түрлөрүнүн бир-биринен баскыч баскыч келип чыкканын айтышат. Бирок дарвинизм бул пикиринин бир баскычын дагы далилдей албаган, ошого карабастан илимий катары сиңирилиши улантылган бузуку бир ишеним системасы. Дарвинизм пикири боюнча, мындай ойдон чыгарылган өнүгүүнүн эң чоң механизми – бул «кокустуктар». Кокустуктар дарвинизмдин жалган кудайы. Дарвинисттердин ою боюнча, бул жалган кудай мүмкүн эмес нерселерди жасоо күчүнө ээ. Дарвинисттердин ою боюнча, бул жалган кудай бир ылай суудан жандуу клетка пайда кылат, балыкты кабыланга айлантат, аюулардан киттерди пайда кылып аларда жок жерден өпкөлөрдү жасайт. Дарвинисттердин ою боюнча, бул жалган кудай адамды маймылдан чыккан бир жандык деп кабыл алып, адамга акыл, эс тутум, жөндөмдүүлүк сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берип, жер бетинде эч тууроо мүмкүн болбогон адам аң-сезимин жоктон пайда кылат. Болгондо да, кокустуктар булардын баарын «жасап жатканда» кандай болсо да, пландуу, көзөмөлдүү, акылдуу кыймыл-аракет кылып, ката кетирбейт, ал тургай, керектүү учурларда ыкчам чара көрөт. Дарвиндин эволюция теориясы боюнча кокустуктар акылы жана көзөмөлдөө күчү бар бир жалган жаратуучу болуп саналат. (Аллахты аруулайбыз.)

     

    Кокустуктарды кудай тутунган бул бузуку теория ушундай акылга жана логикага сыйбас пикирлери менен ар кандай демагогия жана көз бойомочулуктар аркылуу массаларды алдады. Мунун себеби болсо дажжал. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде бул алдамчылыктын булагынын дажжал экени билдирилген. Дажжалды баяндаган көп хадистерде көптөгөн окшотуулар менен сүрөттөлгөн өзгөчөлүктөр бир идеологиянын өзгөчөлүктөрү катары каралганда, абал андан да айкын болуп калат. Бул боюнча, логикасыз жана негизсиз пикирлер менен пайда болгон, адамдарды каапырдыкка түрткөн, дин ахлагынан алыстаткан, адамдар арасында фитна жана каргаша чыгышына шарт түзгөн ар түрдүү идеология жана пикир системасы дажжалды көрсөтөт. Дарвинизм хадистерде айтылган ушул дажжалдык системага туура келген эң башкы идеология. Улуу Раббибиз Аллах бир аятында дажжалдын бузуку системасын ээрчигендерди мындайча сүрөттөйт:

     

     Эч күмөнсүз, кылмышкер-күнөөкөрлөр бир адашуучулукта жана акылдан азуу ичинде. (Камер Сүрөсү, 47)

     

     Дарвинизм дүйнөнү алдоого, адамдарды Аллах ишениминен алыстатууга таянган бир идеология болгондуктан, дажжалдын тараптарлары үчүн кандай гана болбосун бул жалган динди сактап калуу маанилүү. Мына ушул себептен дажжалдын колтугуна жашынган бир катар кишилер бул идеологияны сактап калуу үчүн бүт ыкмаларды колдонушууда. Бир дагы илимий далили болбосо да, эволюция теориясын бүт дүйнөгө далилденген бир теория сымал пропаганда кылышты. Жок далилдерди бардай көрсөтүшүп, фоссилдерди өз теорияларына ылайыкташтыруу үчүн көз бойомочулуктан тартынышкан эмес. Бир дагы ортоңку форма мисалы болбосо да, ойдон чыгарылган ортоңку формаларды жасашып, көз бойомочулук кылышып, аларды окуу китептеринде илимий далил катары окутушкан. Эволюцияга каршы табылган сансыз далилди четке коюп, атайылап жашырышып, көрмөксөн болушуп, адамдардан жашырышкан. Теорияларын колдой турган бир далил болбогондуктан, жасалма фоссилдерди жасашып, аларды дүйнөнүн эң атактуу музейлеринде ондогон жыл бою көргөзмөгө коюшкан. Көз бойомочулуктары билинип калганда уялуунун ордуна, алдамай ыкмаларын улантышып, жаңы көз бойомочулуктарды чыгаруудан жана аларды жактоодон тартынышкан эмес. Бир даана протеиндин да кокустан пайда боло албашы илимий далилденсе да, жашоо башында бир ылай сууда кокустан башталган деген пикирин өжөрдүк менен улантышкан. (Ишке жарай турган бир даана протеиндин кокустан пайда болуу ыктымалдыгы 10950дөн бир, б.а. нөл. Бирок эң негизгиси бир протеин ал жерде башка протеиндер бар болмоюнча пайда боло албайт.) Жасалма далилдерди гезиттерде, илимий журналдарда, телевизорлордо жарыялоодон тартынышпай, аны сабак катары жылдар бою окуучуларга түшүндүрүүдөн уялышкан эмес. Дарвинизм – көз бойомочулук, алдамчылык жана калпка таянган бир ишеним системасы. Дарвинизм илим эмес. Дарвиндин эволюция теориясы чыккан алгачкы күнүнөн баштап илгерки путпарасттардын кызматын аткарып, адамдарды путпараст кылууга, Аллах ишениминен алыстатууга аракеттенген. 150 жыл бою адамдарды алдап, 150 жыл бою адамдарды бир жалганга ишендирүүгө аракет кылган. Дарвинизм – жок болбош үчүн көз бойомочулуктарга муктаж болгон, тараптарларды топтоо үчүн калп айткан, дарвинизмдин калп экенин айткандарды четке түртүп салууга аракет кылган адашкан бир дин.

     

    Аллах бир аятында мындайча буюрат:

     

    Айткын: «Аллах Кабатында «анык бир жаза катары» мындан да жаманын кабар берейинби? Аллах ага каргыш айткан, ага ачууланган жана аларды маймылдар менен доңуздарга айланткандар менен тагутка сыйынгандар; мына ушулар мекендери жаманыраак жана түптүз жолдон көбүрөөк адашышкан.» (Маида Сүрөсү, 60)

     

    Кадимки шарттарда адамдардын мынчалык тантык бир идеологиянын артынан чуркашы, албетте, логикасыз. Бирок кээ бир адамдар дажжал курган тузакка түшүп, сезбестен, кандай болгонун түшүнбөстөн бул жалганга алданышкан. Себеби дажжал тымызын бир ыкма колдонгон. Дарвинизм дүйнөнү алдап жатканда, бир тараптан дажжалдын бул тымызын жана түрү суук кызматын аркалап, жасалма жана жалганчы ыкмалар менен адамдарга жеткен. Бирок, албетте, ар бир жалган диндеги сыяктуу бул динде да Аллахка каршы курулган бүт тымызын тузактар текке кетти. Аллах аяттарында бул чындыкты билдирет:

     

     Чынында алар бир тузак пландап жасашууда; Мен дагы бир план куруп даярдап жатам. Сен каапырларга бир мөөнөт бер, аз бир убакыт бер. (Тарык Сүрөсү, 15-17)

     

    1. Tirmizi, s. 82; Müslim, Fiten: 126

    2. İbni Ebi Şeybe, Musannef, Fiten: 5, 8/5912 İbn-i Mace, 4075, 4076; Tırmizi, Fiten: 59, no. 2240, 4/510

    3. Müslim; Büyük Fitne Mesih-i Deccal, Saim Güngör, s. 13

    4. İsmail Mutlu, Bediüzzaman'ın Yorumları, Işığında Kıyamet Alametleri, Mutlu Yayıncılık, İstanbul, 1996, s.117

    5. Prof. Dr. İbrahim Canan, Kütüb-i Sitte Muhtasarı, Tercüme ve Şerhi, 13. Cilt, Ankara, 1992, s.457-458

     

    Харун Яхьянын «Дажжал кантип өлдү?» аттуу китебинен алынды.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *