Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ЭлдикNews - Новости глазами граждан
«Алмаз» радиосунун дагы бир филиалы ачылды
Бишкек шаарында обого чыккан Кыргызстандагы алгачкы «Алмаз» радиосу 1992 жылдын 15-июнунда обого чыгып, экинчи филиалы 2001-жылы 16-майда Нарын жергесинде ачылган. Эми минтип дагы бир кубанычтуу жаңылыгы менен түштүк жергесин кубантууда.
Радионун үчүнчү филиалы коомдогу жана республикабызда болуп жаткан акыркы жаңылыктар менен калың элди жакындан тааныштыруу максатында Баткен облусунун Исфана шаарында «Алмаз-Исфана» радиосу тарыхта биринчи жолу 20-октябрда 87.7 FM жыштыгында ачылып, шаар тургундарын өлкөдөгү соңку жаңылыктар менен тааныштыруусун баштады. Биринчи шаардык радио элдин көйгөйлөрүн чагылдырган атайын жана жаштар үчүн көңүл ачуучу, оюн-шоу программалар менен толукталды. Радио Исфана шаарындагы алгачкы 24 саат бою обого чыкчу радио болгондуктан бүткүл түштүк аймагын камтыйт, демек анын аудиториясын жаштардан баштап улуу муундарга чейинки угармандар түзөт.