Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

19 09 2014 09:45
Президенти Алмазбек Атамбаев 18-сентябрда кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды. Мамлекет башчысы эмгек өргүүсүн Түркия Республикасында өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эмгек өргүүсү аяктаары менен Алмазбек Атамбаев келерки жуманын акырында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Стамбул шаарында «Регионалдык өнүгүү үчүн ресурстарды ачуу» маселеси боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын отурумуна катышат.
Ошондой эле Президент Түркия Республикасынын жетекчилери менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.