Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугат
16 03 2015 09:47
Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Президент Алмазбек Атамбаев жана Президент Владимир Путин кыргыз-россиялык кызматташтыктын маселелерин, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын, ошондой эле Евразиялык экономикалык союздун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулоону болжолдоп жатышат.
Белгилей кетсек, кечээ 15-мартта Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барган.