Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Архив агенттигинин имаратын капиталдык ремонт кылуу үчүн 7 миллион сом керектелет
23 06 2015 11:19
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин эки маселеси бар. Бул тууралуу ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин жыйынында аталган агенттиктин директору Орунбай Ахмедов айтты.
Анын айтымында, эки маселе - бул агенттиктин имаратын капиталдык ремонт кылууга 7 миллион сом керек болсо, санарипке өтүү үчүн 10 миллион сом керектелет. «Биз каржы министри менен иш алып барып жатабыз. Комитет ушул маселени чечип берсе», - дейт О. Ахмедов.
Комитет бул боюнча чечим кабыл алды.