Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кыргыз пресса
Аскар Салымбеков: «23 жыл бою убактыбызды саясий талашта өткөрүп, өтө көп нерсени жоготтук»
«Дордой» брендинин түзүүчүсү, футбол клубунун ээси, Нарындагы сүрөт галереясын ачкан меценат жана Кыргызстандын жаш окумуштууларын колдоочу, «Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбеков туурасында айта берсе сөз көп, бирок аны менен сүйлөшүү андан да кызык. Өзүнүн абалына жана зор мүмкүнчүлүктөрүнө, дүйнө таанымынын бийик экендигине карабай бул адам көпкөн жок, бой көтөрүп кеткен жок» деп жазат «Жаңы Жүздөр» гезити.
Маекте коомдук ишмер жана белгилүү меценат Аскар Салымбеков өлкөдөгү коррупция менен күрөшүү боюнча өз оюн ортого салган. Ошондой эле жаштар адам катары калыптаныш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билүүсү керектигин айтып, бизнести жаңыдан ачып баштаган жаштарга өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин берген. «Акча баарын чечпейт. Бирок, акча адамдын өзүн-өзү ачуусуна шарт түзөт, кыймыл аракетиңдеги эркиндикти берет, өзүңө жетиштүү болууга мүмкүндүк берет» деген. Гезиттин кабарчысынын «Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө дагы эмне тынчыңызды алат» деген суроосуна Аскар мырза «Убакыттын бизге каршы жүрүп жаткандыгы тынчсыздандырат. Биз 23 жылдын ичинде убакытты туура бөлүштүрбөгөнүбүздөн улам өнүгүүдө өтө көп нерсени жоготтук, убактыбызды саясий талашта өткөрдүк, ал убакта башка мамлекеттер, өзгөчө коңшу өлкөлөр негизги сектор – экономикага бардык көңүлүн коюп, өнүгүү жолунда болушту.» деген жообун берген.