Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Аскар САЛЫМБЕКОВ: «Таза шайлоо – таза добуш»
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары бүгүн, 4- сентябрда Каракол шаарындагы К. Жантөшев атындагы драма театрында жергиликтүү эл менен менен жолугушту. Алгач сөз Аскар Салымбековго берилип, ал партиянын программасындагы «Ала – Тоо - кенч», «Кооперация» долбоорлоруна кенен токтолду. А. Мааткабылович белгилегендей бул долбоорлор мамлекетке экономикалык жактан олуттуу пайда келтирип, жарандардын эмгекке болгон мамилесин өзгөртөт. Калктын калың катмарынын материалдык шарттарын жакшыртат. Ушул тапта аталган долбоорлор пилоттук негизде республиканын бир катар аймактарында жүрүп жатат. Ошондой эле Салымбеков «Бүтүн Кыргызстан менен Эмгек» партиясынын бирдиктүү ишмердүүлүгү кыргыз элине эки эсе натыйжа, эки эсе күч берээрин баса белгилеп өттү. Ал шайлоочуларга кайрылып жатып, Турдакун Усубалиев, Жусуп Абдрахманов сыяктуу таза инсандарды үлгү кылып, Кыргызстандын өнүгүп өсүшү ушул шайлоого көз каранды деп «Таза шайлоо – таза добуш» деген ураан менен өз сөзүн жыйынтыктады.
Адахан Мадумаров сөз кезегинде оруп жыйноо иштерине карабастан, убакыт бөлүп, жолугушууга келген элге ыраазычылык билдирди. «Күздүн бир күнү бир жылга тете» деген элибизде накыл сөз бар. Сиздер бул жолугушууга келгениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ар бир инсандын бактысы өзүндө. Биз мамлекеттин бүтүндүгүн каалайбыз. Пейилибизди тазартсак, бизге Жараткан өзү баардыгын берет. Канчага чейин дубана болуп, ар кимдин колун карап жүрөбүз. Мен элимдин манкурт болушун каалабайм», -деди А. Мадумаров.
Каракол шаарындагы эл менен болгон жыйында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын лидерлерине ар тараптуу социалдык, экономикалык тармактар боюнча суроолор берилди. Алардын ичинде жумушчу орундарды түзүү, миграция, банктык насыялардын үстөмдүк пайызы, мектеп, бала-бакчалардын тартыштыгы, спорт аянтчасынын жоктугу, жаштар арасындагы олуттуу көйгөйлөргө басым жасалды.
Партиянын лидерлери бул маселелер мыйзамдык деңгээлде оңдоп түзөөлөргө муктаж экенин айтып, анын чечилиши шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды дешти.
Каракол драма театрындагы жолугушуудан кийин партиянын теңтөрагалары андан ары Жети Өгүз районунун эли менен жолугушууга сапар тартышты.
Белгилей кетсек, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы элди биримдикке үндөп келет. Буга чейин партия тарабынан он миңдеген жумушчу орундар түзүлүп, мамлекеттик казынага ири салык төлөмдөрү төлөнүп келет.