0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Новости

    Аскар Салымбеков: Темир Жумакадыровдун артында ак кызматы, калыс иши жана жаркын элеси калды!

    07 10 2017 15:05

    Келечекке үмүт берип, чолпон жылдыздай жанып келе жаткан Темир Жумакадыровдун кырчындай жаш курагында мезгилсиз дүйнɵдɵн кайткандыгына байланыштуу үй бүлɵ, ага-тууган жана жакын-санаалаштарына терең кайгыруу менен кɵңүл айтамын!

    Бул жоготуу бүтүндɵй элибиз үчүн чоң жоготуу болду. Атаганат ɵлүм ак экен, жаштыгы менен курчтугун, акылы менен чынчылдыгын эли үчүн аянбай иштеп жаткан кезинде шум ажал арабыздан алып кетти.

    Темир менен алгач Нарын облусунда губернатор болуп турган кезимде бирге иштешип, жаш болсо да ɵз ишин профессионалдуу аткарган, принципиалдуу жана мээнеткеч экенине күбɵ болгонмун. Кийинчирээк Прогрессивдүү Демигелер Фондун түптɵп, коомчулугубузга жаратман демилгелер менен кызмат кылалык деген аракеттерибизде да биз менен башталышынан бери чогуу туруп, мекен үчүн жан үрɵгɵн азамат экенин далилдеди эле. Мына эми мамлекеттик бийликтин жогорку тепкичтерине кɵтɵрүлүп, болгон күч аракетин, билим менен тажрыйбасын элине арначу мезгилде арабыздан айрылып кеттин!  

    Темике, сен биз үчүн калыс жана так иштеген, кɵптү үмүттɵндүргɵн жаңы муундагы мамлекеттик кызматчы, башкаруучу элең. Коргоо кеңешиндеги жана вице-премьерлик кызматтарындагы баштаган олуттуу иштериң келечекете ɵлкɵбүзгɵ ɵз жемишин берет деп ишенебиз. Артында ак кызматын, калыс ишин жана жаркын элесин калды!

    Кош бол, жаткан жериң жайлуу, топурагын торко болсун элибиздин маңдайына жанган азамат уулу! 

     

    Аскар Салымбеков

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *