Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Б. Абдырасаков: “Жаңы конуштарда жашагандарга караганда түрмөдөгүлөр жакшы жашайт”
13 08 2015 11:56
"Кыргызстан куруучулар" партиясынын лидери Бейшенбек Абдырасаков өкмөттөн жаңы конуштардын өсүп өнүгүсүнө 1, 5 миллиард сом акча бөлүп берүүнү талап кылып жаткандарын айтты.
Анын айтымында, ал бөлүнгөн каражатка мектеп, балдар бакчасын, жолдорду салынат.
“Ошондо шаар менен жаңы конуштардын айырмасы жок болуп элибиз жакшы жашап калабыз. Жаңы конушта 80 пайыз жакыр жашагандар. Жаңы конуштарда жашагандарга караганда түрмөдөгүлөр жакшы жашайт. Түрмөдө суу, үч маал тамак берилет”, -дейт Б. Абдырасаков.
Белгилей кетсек, учурда мыйзамсыз курулган жаңы конуштардын маселеси талкууланып жатат.