Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Б. Сулайманкулов: “Күзүндө парламенттик шайлоого карата Таласка барсаңар элдин үч суроосу болсо анын бири сөзсүз төө бурчак жөнүндө болот”
12 03 2015 11:01
“Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн, акимдерди, Айыл чарба жана мелиорация министрин парламенттик жыйынга чакырып алардын пландарын угушубуз керек”, - деп “Республика” фракциясынын депутаты Болот Сулайманкулов ЖКнын жыйынында айтты.
Анын айтымында, төө бурчактын баасы кескин түшүп кеткен.
“Мен силердин көңүлүңөрдү ички маселерге бургум келет. Негизги маселе дыйкандарды убагында сапаттуу үрөн, минералдык жана химиялык жер семирткичтер менен камсыз кылуу. Күзүндө парламенттик шайлоого карата Таласка барсаңар элдин үч суроосу болсо анын бири сөзсүз төө бурчак жөнүндө болот”, - дейт Б. Сулайманкулов.