Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кыргыз пресса
Бабанов менен Ташиев тандеми

Гезит «Бабанов менен Ташиев тандеми түзүлсө ким утат, карапайым кыргыз элиби же бийликке жулунган бир ууч элитабы?» деген темада кечээ эле эки жээктеги саясатчылардын бүгүн бир пикирге келип, биригерине ишенгендер да, ишенбегендер болуп жатат, эгер бул тандем түзүлсө элге пайдасы тиеби деген ойдун тегерегинде коомчулуктун пикирин жарыяланган.
Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабеков «Убагында Бабановдун өкмөтүн эң көп сындаган депутаттардын арасында Камчыбек Ташиев да бар болчу. Бирок Ө. Бабановго куру жалаа жабылып, кызматынан айдашканда, Ташиев «мен жыгылган адамды эч качан теппейм» деп сын айтуудан өзүн оолактаткан». Эл мындай тандемди колдооруна шек жок.Келечеги мыкты, жакшы кадам» – деп айткан.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Бабанов-Ташиев тандеми тууралуу алдын ала ак-кара сөздөр айтылууда. Саясий мамиле ар кандай боло берет. Негизгиси элдин кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек деген оюн билдирсе, тележурналист Каныбек Темиров «Эки саясатчынын тең өздөрүнө таандык табигый харизмасы бар, башкача айтканда, элди ээрчитип кете ала турган идеяга бай адамдар. Мындай тандем позитивдүү көрүнүш» – деген. Ал эми БЭК партиясынын лидери Руслан Бекназаров «Азыркы жетилип турган муун ушулар» деп бул тандемди колдоорун билдирген.
Ушул эле гезитте «ачык сөз» рубрикасынын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун «Кадимки КПССтин кезиндегидей эле көрүнүшкө күбө болуп жатабыз» деген макаласы жарыяланган. Анда «Биздин өлкөнүн бийлиги авторитардык бийлик экенин такай айтып келем, айрымдар менин минтип айтканым менен такыр макул болушпайт. Бардык маанилүү маселелерди (тышкы саясат, кадр маселеси, Бажы биримдиги, газдын сатылышы) бир гана киши чечет. Кадр дайындаш керекпи, аны сөзсүз президенттин аппараты чечет же кур дегенде алар менен макулдашып иш кылыш керек болот, бул кадимки КПССтин кезиндегидей эле көрүнүш» деген эл депутаты.
Ушул эле гезит Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобеков менен болгон маекти жарыялаган. Анда оппозициянын көптөгөн сунуштары бийликтин кулагынын сыртынан кетип жатат деген маселеге басым жасалып, «оппозициялык айдың кайсы бир саясатчылар менчиктештирип алган талаа эмес, «оппозицияда жүрөт экенсиң» деп А. Атамбаев айтып жүргөндөй, оппозицияда болуунун да кооптуу жактары бар» деп айтылган.