Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кыргыз пресса
Бажы биримдигине кирсек эл итке, чоңдор «Джипке» минеби?
![Бажы биримдигине кирсек эл итке, чоңдор «Джипке» минеби?](uploads/default/blog/57962213e37e1e11500d1a1c15c5fee4.jpg)
«Фабула» гезитине «Ар Намыс» партиясынын өлкөбүздүн Кыргыз Республикасы деген расмий аталышын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү керек деген демилгесине карата коомчулукка таанымал хирург Эрнест Акрамовдун пикири жарыяланган. Анда белгилүү хирург «Саясатчылардын акмактыгы чегинен ашты. Мээси жок депутаттар таптакыр жинди болуп калышты. Адамдар жаныбарлардан аң-сезими менен айырмаланып туруш керек эле. Бирок депутаттар тескерисинче кетип жатышат. Алар курсактарын чоңойткондун ордуна, мээлерин көбөйтсө болмок. Өлкөнүн атын өзгөрткөндө эле эл жыргап кетпейт, мындай идеяны ишке ашырыш үчүн миллиондор керектелет» деп демилгечи топко каршы пикирин билдирген.
Ушул эле гезитте «Эл итке, чоңдор «Жипке» минет» деген макала чыккан. Макалада Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, унааларга болгон бажы төлөмдөр кымбаттайт, баасы асманга чыгат деп эл нааразы болуп турганда өкмөттөгү чиновниктер бажы төлөмдөрдөн түшө турган акчаны эсептеп, көңүлдөрү ток. Бажы кызматынын башчысы ЖКда 50 млн. сом киреше түшөт– деди. Казынабыз толгону менен капчыгы жука эл машине минбей каларын чоңдорубуз капарына да илген жок деп айтылат. Ал эми саясий серепчи Токтогул Какчекеев гезиттин кабарчысына берген маегинде «Кылтыйып алып чуунун баарын депутаттар жасап жатат, алар эмитен эле боло турган шайлоо менен алектенип, элди бөлү-жарып жатышат» – деп айткан.
Ушул эле гезит «Кыргызстандагы гуманитардык илим мамлекеттик камкордукка муктаж» деген академик Абдылдажан Акматалиевдин макаласын жарыяланган. Анда академик «Илимдин ал-абалы бизди бушайман кылып келет. Илимге болгон кайдыгерлик эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн бери өкүм сүрүп келатат. Совет мезгилиндеги илимдин базасы талкаланды, кадрлар жан сактоо үчүн базар экономикасына ылайык тарап кетишти» деп кабатырланганын билдирген.
«Алиби» гезити юстициянын генералы Кубатбек Кожоналиевден маек алган. Ал маекте генерал өлкө башчы Алмазбек Атамбаев ШКУнун саммитинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда кыргыз-тажик чек ара маселесине токтолгону туурасында кеп кылган. Анда чек ара маселесин чыры жок, тынчтык жолу менен чечели деп ШКУнун саммитинде сөз баштаганы туура болду. Бул маселени чечүүдө мурдатан эле төмөнкү чиновниктерге тапшырбай, президент өзү кийлигишсе болмок. Эми өлкө башчы оппозицияга кеп болбой баштаган ишин аягына чейин чыгарыш керек – деп айтылган.
Ушул эле гезитте Көчмөндөр оюнунун өткөрүлүшү боюнча бир нече көрөрмандардын пикири жарыяланган. Айтыш коомунун жетекчиси, режиссер Садык Шер-Нияздын баамында өлкөнү позитивдүү таанытууга көчмөндөр оюну салым кошкон. Журналист Айбек Мусаев «Көчмөндөр оюну мага өтө чоң таасир калтырды. Кыйынчылыкка карабай, байыркы тектеш элдердин маданиятын, спорттук оюндарын дүйнөгө даңазалай алдык... Уюштуруу иштеринде айрым кемчиликтер болгону менен укмуштуу оюндарды көрсөтүштү. Элдин духу көтөрүлдү» деп Көчмөндөр оюнунун өткөрүлүшүнө өз баасын берген.
«Кыргыз Туусу» гезити «ШКУ аймак коопсуздугуна басым жасады» деген өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин баяндамасын жарыялаган. Баяндамада жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун принципалдуу маанисин баса белгилеп, макулдашууларды кыйшаюусуз аткаруунун зарылчылыгына өзгөчө басым жасагандыгы туурасында айтылган.
Гезиттин 4-бетинде мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдык маарекесине карата анын бейнесине сүртүмдөргө орун берилсе, 5-бетте «Ишибиз дайыма элдин сынында» деген Аалы Карашев менен болгон маек жарыяланган. Маекте Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев кабарчынын Статс-катчы институту канчалык деңгээлде өзүн актап жатат деген суроосуна «Сынактык системаны жайылтуу, кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу ишинде башкы ролду ойноодо. Статс-катчы институтунун ролун мындан да жогорулатуу керек. Статс-катчы мамлекеттик органдагы ишкердүүлүк процессин уюштуруучу топ-менеджер болуусу керек» деген жообун узаткан.