0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Бектур Асанов президент Атамбаевди сотко берди

    Бектур Асанов президент Атамбаевди сотко берди
    14 10 2015 11:06

    Бектур Асанов президент Атамбаевди сотко берди. Бул тууралуу Бектур Асанов Би-Би-Сиге билдирген.

    Маалымат боюнча, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов Президент Атамбаевди шайлоо өнөктүгү учурунда СДПК партиясын колдогон сөздөрү менен Конституция жана шайлоо мыйзамдарын одоно бузду деп айыптап, аны административдик жоопко тартууну талап кылып Бишкектин район аралык сотуна кайрылды.

    Аталган саясатчынын жүйөөсүнө караганда, Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда президент өзүнүн саясий партиядагы мүчөлүгүн жана партиянын ишмердиги менен байланышкан ар кандай аракеттердин баарын токтотот деп жазылган. Бирок Президент Атамбаев жарандар жана жамааттар менен жолугушууда шайлоочуларды СДПК партиясына добуш берүүгө чакырып, баш мыйзамдын талаптарын жана шайлоо мыйзамдарын, президенттик антын одоно бузду:

    "2011-жылы эле БШК тарабынан президентке эскертүү берилген экен. А бул жолу Башкы прокуратура жана өкмөт тарабынан да эч кандай эскертүү болгон жок. Ошондуктан мен сотко берүүгө мажбур болуп жатам. Биздин Конституциянын 2-беренесинин 2-бөлүгүндө так жазылып турат: шайлоо тең, жалпы жана жашыруун болуш керек деп. Президент партиялардын шайлоо маалындагы теңчилик принцибин бузду. Мен арызымда президенттин кийлигишүүсү мамлекеттин коопсуздугуна жеке партиянын үстөмдүк коркунучун алып келе турганын көрсөтүп жаздым”,-деди Бектур Асанов.

    Бектур Асанов сотко берген арызында президентти административдик жоопко тартуу үчүн жолтоо боло турган иммунитет мамлекет башчыда жок экенин эскертип, ушул жагына көңүл бурууну өтүнгөн.

    Президент Атамбаевдин жана анын аппаратынын, ошондой эле Башкы прокуратуранын бул маселе боюнча жообу боло элек. Байкоочулардын баамында, президенттин шайлоо өнөктүгү маалындагы сүйлөгөн сөздөрү Конституцияга ылайык келер-келбестиги бир жагынан оппозициялык күчтөрдүн курч талкуусуна жем таштаган, экинчи жагынан шайлоо укугу боюнча адистердин дагы кызуу талаш-тартышын жараткан сот процессине айланышы мүмкүн.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *