0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Бүгүн улуттук намыска шек келтирген иштерди токтотуу максатында митинг болду (видео)

    Бүгүн улуттук намыска шек келтирген иштерди токтотуу максатында митинг болду (видео)
    18 09 2014 11:29

    Бүгүн улуттук намыска жана руханий баалуулуктарга шек келтирген иштерди токтотуу максатында митинг болду. “Кырк чоро” коомдук уюмунун төрагасы Замирбек Көчөрбаев мындай көрүнүшкө ЖКнын депутаттары чара көрүүсүн талап кылушууда экенин айтты. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кырк чоро”, “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, “Ар намыс” жана башка ата-баларыбыздан бери муундан муунга өтүп, өзгөчө маани берип ыйык тутуп келген ысымдар, ыйык сөздөр, бүгүнкү күндө арак ичимдиктерге, конфет шоколаддарга коюлуп, саясий партиялардын аттары аталып келет. Кыргыз баласы өтө этият колдонуп кадырлап - кастарлап айтып келген сөздөрдүн касиетин учуруп, маңызын бурмалап, маанисин кетирип катардагы бир жөнөкөй сөздөрдөн да төмөн түшүрүп учурда колдонулууда. Андан тышкары айрым сүрөтчүлөр кыргыз апасына курал карматып, карышкырга калпак кийгизип, кыргыз улутук кийинчен кызды сойку кылып көрсөтүп, кыргыздарды шылдыңдап, калпактарга жөргөмүш тартып ачык сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп келет. Эгер ЖКнын депутаттары бул ишке эч кандай чара көрбөсө, анда нааразычылык акциялары улана берет",-дейт З.Көчөрбаев.

    Кайрылууну ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү чыгышты. Ыйык аттардын аталышындагы ичимдиктерди рыноктон алып салуу үчүн Кыргызпатенттин өкүлдөрү иш-аракеттерди көрө тургандарын айтышты. Ал эми кыргыздын кадыр-баркына шек келтирген сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн жана алардын иш-аракетин ЖКын депутаты Каныбек Иманалиев колго ала тургандыгын билдирди. Бул боюнча ал атайын эксперттик комиссия түзүп, сүрөтчүлөрдү жоопко тарта тургандыгын белгиледи.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *