Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн, ЖКнын алдына митингге чыккан жарандарды өкмөт кабыл алат
19 06 2015 12:26
Бүгүн депутаттардан документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырууну талап кылып митингге чыккандарды өкмөт кабыл алат. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Ал бул боюнча тапшырма бере турганын айтты.
Ал эми ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков митингчилерди парламент кабыл ала берип чарчаганын билдирди. «Өкмөт бүгүн митингге чыккан жарандарды кабыл алып, түшүндүрүу иштерин жүргүзүп койсоңор», - дейт А. Жээнбеков.
Эки күндөн бери ЖКнын алдына жыйырмага жакын жаран колдоруна «Эл өкүлдөрү элге каршыбы?» «Эл тагрдырын ойлобой өз кызычылыгын ойлонгон, элге душман деутататтар» деген жазууларды көтөрүп алып митингге чыгышкан. Алардын талабы - документи жок үйлөрдү мыйзамдаштыруу.