Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкектин жеке-турак жай курулуш департаментинин башчысы мындан кийин мыйзамсыз жерди басып алуу болбош керек экенин айтты
13 08 2015 12:07
Мыйзамсыз куруу иштерин токтотуш керек. Мындай пикирин 12-августтагы тегерек столдо Бишкек шаардык мэриянын жеке-турак жай курулуш департаментинин башчысы Самарбек Болотбеков билдирди.
Анын айтымында, жер алууга кезекте тургандарда куруучу болуп эсептелет.
“Мындан кийин жерди басып алууну токтотуп жерди бастырбаш керек. Бардыгы мыйзам түрдө болуш керек. Үй салып жаткандарды чегиңерден чыкпай салгыла. Үйлөрүн жол жакка салып жатат. Жол салынган учурда аны бузганга туура келет. Эки жолу убара болбогула деп жаңы конуштун жарандарына кайрылат элем”, -дейт С. Болотбеков.