Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы сиздерди Курман айтыңыздар менен чын дилден куттуктайт
Кадырлуу мекендештер!
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы сиздерди Курман айтыңыздар менен чын дилден куттуктайт!
Курман айт – исламдагы эң ыйык эки майрамдын бири. Ал Алла Тааланын амири менен жаралган жашоону, тирүүлүктү, улуу-кичүү муундардын байланышын жар салуучу, терең философиялуу маараке. Бул күнү курмандыкка мал союлуп, бей-бечараларга өзгөчө көңүл бурулат. Ушул учурда мусулмандар ажылык парзын аткарат.
Быйылкы Курман айт Кыргызстандагы ири саясий-коомдук өнөктүктүн –Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун астында белгиленип отурат. Эли-журтубуз жергебизде калыстык болсун, тынчтык болсун, токчулук болсун деп Жараткандан астейдил тилеп турган чагы. Ылайым, ошол тилектерибиз кабыл болсун?!
Курман айтыңыздар кут болсун!
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары
А.Мадумаров А.Салымбеков