Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы Жети-Өгүз районунун эли менен жолугушту
Шайлоо кампаниясынын алкагында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун шайлоочулары менен жолугушту. Райондун эли партиянын лидерлерин терең урматтоо менен тосуп чыгышты. Кызыл-Суу айылынын маданият үйү партиянын негизги атрибуттары жана лидерлердин көрнөктөрү менен жасалгаланган.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан талапкер Бүбүкан Досалиева эл менен партиянын жетекчилигинин ортосундагы жакындыкты камсыз кылып, аны менен партияга болгон ишенимди арттырды.
Шайлоочулардын көңүлүнө партиянын платформасы, программасы жана экономикалык долбоорлор сунушталды.
Аскар Салымбеков эл алдында чыгып сүйлөп жатып «Ала-Тоо-Кенч» жана кооперация долбоорлорунун маани маңызын жана максатын айтып берди. Долбоорлор партиянын экономикалык программасынын өзөгүн түзүп, миңдеген жумушчу орундарынын түзүлүшүн шарттап, коомдун социалдык тамырын бекемдемекчи. Ал эми бул болсо ашыкча чыгымдарды азайтып, инвестиция тартуунун дагы булагы болмокчу. Айтылган долбоорлор шайлоочулардын келечекке болгон үмүттөрүн жандантып, тынымсыз кол чабуулар менен коштолду.
Өз кезегеинде «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров «Мамлекетте бекем тартип болмоюнча өзгөрүүлөргө үмүт артуу бекер иш. Тартип болгон жерде мамлекеттин ички, сырткы коопсуздуктары камсыздалып, чек аралар бекемделет. Тартип бекем жерде өлкөнүн дин жана маалымат саясаты көзөмөлдөнүп бүтүндүк камсыз болот. Тартип бекем жерде мыйзамдар туруктуу болуп, бөлүп-жарган партиялардын саны кыскарат. Тартип бекем жерде президенттик башкаруу системасы орноп, башкаруучулардын саны кыскарат» деди.
Адахан Кимсанбаевич бул сөзүн ата-бабадан бери келе жаткан «Бактылуу элдин башчысы – бир, баатыры – миң, бактысыз элдин башчысы – миң да, баатыры – бир» деген накыл кепке таянып, улуу мурасты ишке ашыруу убагы келгенин баса белгиледи.