0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын Саясий Кеңешинин билдирүүсү

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын Саясий Кеңешинин билдирүүсү
    16 12 2015 11:22

    Кыргызстандагы “Эмгек” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялары мамлекеттин бекемдигин, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн, элдин бакубат жашоосун камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту бекем сактоо максаты менен биригип, 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого катышты. Партиянын адилеттикти, саясий жоопкерчиликти бийик кармоо менен шайлоону таза өткөрүү демилгесин Кыргызстандын 100 миңден ашык шайлоочусу колдоп, өз добушун берди.

    Партиянын жетекчилиги менен мүчөлөрү өз добушун берип ишеним көрсөткөн мекендештерге зор ыраазычылык билдирет жана аларга кең келечек каалайт!

    “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы шайлоо процессинен кийин Кыргызстанда саясий маданиятты жогорулатуу, мамлекет жана коом алдындагы жоопкерчиликти көтөрүү зарылдыгы бышып жетилди деген бүтүмгө келди.

    Парламенттик шайлоо алдында биригишкен “Эмгек” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары мындай жооптуу милдетти мындан аркы саясий атаандаштык иш-чараларында өз алдынча ишке ашыруу чечимине келгендигин билдирет.

    Мындай чечим кабыл алууга партиялардын келечеги болгон жер-жерлердеги жаштардын жана миңдеген шайлоочулардын сунуштары менен талаптары негиз берди. “Эмгек” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялары бардык региондордогу өз тарапташтарынын каалоосун эске алуу менен мындан ары алдыга койгон максат, милдеттерин ишке ашыруу аракетин өз алдынча көрүшөт. Партиялар жер-жерлердеги өз мүчөлөрүнүн колдоосуна таянуу менен 2016-жылы өткөрүлө турган шаардык жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана андан кийинки саясий өнөктүктөргө өз алдынча катышаарын билдирет.

    “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын Саясий Кеңеши

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *