0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Славим Человека Труда

    Бүүзия Камалидинова: «Эл агартуунун отлитчниги» болбосом деле эл мени «отличниктей» кабыл алат

    Бүүзия Камалидинова: «Эл агартуунун отлитчниги» болбосом деле эл мени «отличниктей» кабыл алат
    29 04 2015 16:20

    45 жыл мугалимдик стажы бар Бүүзия эже өлкөнүн бир нече муундарын тарбиялап, билим берген. Комсомолдун 17 – съездинин делегаты. Эже өз кезегинде бүткүл Союз боюнча ошол кезде жүрүп жаткан БАМ курулушунун илеби менен Кыргызстандын жаштарын тарбиялап, индустриялык жактан өнүгүүгө салым кошкон ардагерлерибизден.

    - Эмгек жолуңуздун башталышынан кепти баштасак.

    Мен 1971-жылы Лейлек районунун Искра мектебинен эмгек жолумду баштагам. 1974 – жылы мектепте иштеп жүргөн чагымда эле мектепте комсомол комитетинин катчысы болуп жүргөм. Москвадагы комсомолдун 17-съездине Лейлек районунун Сүлүктү шаары боюнча делегаты болуп шайлангам. Съездден кайтып келгенден эле БАМ курулушу башталып, СССР боюнча жер жерлерди өздөштүрүү саясаты жүрөт. Себеп дегенде БАМга бригадалар комсомолдун 17–съездинен кийин кеткен да. Ошондон кийин жаштарды жерлерди өздөштүрүүгө чакырып олтуруп, биздин Лейлек районунда жаңы жерлерин өнүктүрүүнү баштадык. «Жаңы жер» айыл өкмөтү пайда болду. Ал жерге өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрүбүздү жайгаштыруу агитациялары жүрүп, 3 жаңы совхоздор ачылды. Алар «Жаштык», «Достук» жана «Арка» совхоздору. Булардын баары «Жаңы жер» айыл өкмөтүнө бириктирилди. Муну менен биз жаштарды тарбиялоодо, келечекке жол алуусуна жакшы насаат жолдорун үйрөттүк. Ал жерде жалаң жаштар шаарчасы түзүлдү. Жаңы жерлер өздөштүрүлүп, бирдей типтеги үйлөр салына баштады. Комсомолдун секретары болгондон кийин жаңы айылдар пайда болуп, жаштарды тарбиялоодо өзүмдүн салымымды жогору деп баалайм. 1976-жылы мектеп директору болуп дайындалдым. 98–жылга чейин иштедим. Бул жыл аралыгында мен окуучуларым, мугалимдерим менен эң жакшы иштерди алып бардым. Окуучулар арасында өз алдынча башкаруу комитеттерин түздүм. Азыркы күндө президент да шайлап жатышпайбы. Комсомолдук сакмалчылар, койчулар, жылкычылар бригадалары түзүлдү. Кийин менин жолдошумду «Ак Суу» жаңы конушуна которгондоруна байланыштуу ал айылга көчүп бардык. Ал жерде дагы 5 жыл иштеп, мектеп окуучуларды тарбиялоого үлгүрдүм.

    - БАМ менен биргеликте жаңы жерлерди өздөштүрүү, үйлөрдү куруу менен жаштарды эмнеге үйрөтө алдыңыздар?

    - Байкал-Амурдук магистралынын курулушу менен бүт өлкөлөр боюнча жаштар жаңычылдыкка умтула баштады. Биздин айылда эле канча жаңы жерлер өздөштүрүлдү. Канча жаңы айылдар пайда болду. Алардын бардыгын турукташтырып, жаштар өз колдору менен үйлөрдү, имараттары салышкан. Азыр деле ошол демилгелер колдоо таап келет. Мына «Кулунду» кыштагынын төмөн жагында 4 совхоз пайда болду. Бул 50-жылдарда курулган совхоз да. Азыр эми бул айылдар өтө өсүп, өнүгүштү. Биринчилерден болуп биздин окуучулар көчүп келишкен.

    - Бүгүнкү кезде ошол эмгегиңиздин үзүрү көрүнүп жатабы? Мамлекеттен алган сыйлыктарыңыз бар болсо керек.

    - Мугалимдин эмгеги дароо эле билине бербейт экен. Бир жыл, эки жылда эмес 10 жылдап, 20 жылдап билинет экен мугалимдики. Мына азыр 20 жылдык 30 жылдыктарын тойлоп жатышпайбы. Кудайга шүгүр биздин балдар райондун алдыңкыларынан болушкандарын ошондой тойлордо байкалат. Замандын алдыда жүргөн адамдарынан болуп чыгышыптыр. Кайсы айылга барбагын, мугалим эжекебиз деп кыздарыбыз тосуп чыгат, же болбосо балдарыбыз конокко чакырышат. Акимиатта, министрликтерде иштеген окуучуларыбыз биздин балдар. Булардын сый урматына каныгып отуруп, мугалимдик кесиптин ардактуу экендигине дагы бир жолу ынанам.

    - Бүгүнкү күндө «эмгек» деген сөздүн өзү канчалык барктуу десек болот.

    - Бүгүнкү күндү мугалимдин эмгеги канчалык барктуу экендигин айта албаймын. Мен 70–жылдарда эмгектендим да. Андан сырткары, пенсияга чыгып башка иштер менен алектенип келем. Бирок мен өзүмдүн үзүрүмдү көрүп жатам. Исхак Раззаковдун сөзүндөй, эмгектенип, ак иштесең эч жамандык көрбөйт экенсиң. Кудайга шүгүр жамандык көргөнүм жок. Балдарды, жаш муундарды тарбиялап өстүрүү менен ак эмгектендим деп ойлойм.

    - Кандай турмуштук насааттарыңыз бар?

    - Анан билим берүүдөн мурда мугалим балага тарбия бериши керек экен. Көп окуучуларым менен жолукканда, мисалы «Сиздин химиядан же биологиядан берген сабактарыңыз эмес тигини кыл, муну кыл деген сөздөрүңүз эсте калыптыр» дешет. Окуткан окуучуладын бардыгы эле химик, физик, врач же космонавт болуп кетпейт экен. 100 пайыз үйдүн ээси болот экен да. Мисалы кыздар бир үйдүн апасы, балдар бир үйдүн атасы болушат. Ошон үчүн буларды үй-бүлө курууга, бирин бири урматтап, сыйлоого, турмуш курууга тарбиялаш керек экен. Андан кийин гана сабакка үйрөтүү абзел. Билими канчалык күч алып турса да ал тарбиясыз алыска уча албайт. Эгерде тарбиясы күчтүү болуп туруп, билими орто болсо анда анын турмуш жолу да тыкан, бакыбат жашоону жашай билет экен. Турмуштук жолго салынган балдар түрдүү кыйынчылыктан жол таап кете алат экен. Мен ошого ыраазы болуп кетем. Ушу мен окуткан окуучулардын бардыгы турмуштан орун тапкан. Мисалы, орто билимдүү болсо дагы, айылда калганы болсо дагы абдан жакшы жашап келишет. Мен этика деген сабакты да берип калдым да. Ошондо айтылган сөздөрдү накыл кеп катары туткан окуучулар болгондуктан, мен өзүм менен сыймыктанып кетем.

    -  Эмгек наамдарыңыз бардыр да?

    - Мен эмгек наамын ала алган эмесмин. Себеби, менин жолдошум чоң совхоздун жетекчиси болгон. Совхоздун жетекчисинин аялы деген эле наам алууга тоскоолдук кылды. Ага ошол эле жетишет деп мени сыйлыкка көрсөтүшчү эмес. Бир жолу «Эл агартуунун отличниги» деген сыйлык келген экен. «Ал айыл башчынын аялы болуп туруп, бул сыйлыкты эмне кылат экен» дешип РАЙОНОдон бербей коюшкан экен. «Эл агартуунун отлитчниги» болбосом деле эл мени «отличниктей» кабыл алышат. Окуучуларым болобу, бирге иштегендер болобу, кайсы жерге барбайын мени тааныгандар «геройдой» эле мамиле кылып тосуп алышат. Мен ошого сыймыктанам. Ал деген значек эле, а мен кишимин. Аны чындыгында бардыгы деле ала албайт. Татыктуулар болсо деле кайсыл бир айылдарда тааныштар керек болот, кайсыл бир айылдарда пул керек болот. Кээ бир жерде кезекке коюп берет. Мен өзүм интернатта өсүп чоңойгондуктанбы дайыма чындыкты бетке айтып жүргөндүктөн сыйлык, наамдар мага берилген эмес.

    Бүүзия Камалидинова бүгүнкү күндү «Эмгек» партиясынын Лейлек району боюнча координатору. Жалпысынан бул жакта 48 шайлоо участору бар. Ушул тапта партиянын иштери менен калк арасында маданий, спорттук иш чаралады өткөрүп, эмгек менен гана адам көгөрүп өнүгө турганын айтып, түшүндүрүп жүрөт.

    P.S.

    Значение трудолюбивых людей для общества неоценимо. Они создают материальные ценности, двигают прогресс, трудятся для народа и страны, для своей семьи. Как правило, они очень скромные, так как привыкли больше работать, нежели декларировать.

    Но именно их, людей тружеников, можно и нужно выявлять, ставить их в пример молодежи и последующим поколениям, а также отдавать им дань уважения.

    Оглянитесь вокруг и обязательно найдете человека труда, который много трудиться в своей сфере. Цель этой рубрики – выявлять и знакомить общественность с ними, ставить их в пример.

    Редакция предлагает вам, уважаемые посетители сайта www.topnews.kg, сообщать о ваших героях труда. И их имена обязательно будут размещены на сайте.

    Тел.: 90 68 58, (0770) 999 198. Эл. почта: topnewskg@mail.ru.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *