0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Д. Орунбеков: Аспеков КСДПнын лидерин катуу сындагандан кийин, 5 жылга камалып кетти...

    15 09 2015 10:02

    Мелис Аспековдун камалышына бийликтин тийешеси бар. Мындай пикирин жаш активист Дайырбек Орунбеков TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирди.

    Анын айтымында, “Мекенчил” партиясынын лидерлеринин бири, “таксиге 100 сом бербей, тапанча такап коркуткан”,-деп айыпталып, 5 жылга камакка алынышы саясат экенин, ага бийликтин тийешеси болгон.

    “Мелис Аспеков жаш саясатчылардын арасында активдүү, оппозициялык маанайда болчу. Бир жыл мурда “Жаңы муун” кыймылынын активдүү мүчѳсү катары бир катар иш чараларды ѳткѳрүп, бийликтин ыплас саясатын катуу сынга алып келген. Мелисти кантип камакка алып же сындырабыз деп башы каткан бийлик, “таксинин 100 сомун бербей, тапанча менен коркутуптур”,-деген шылтоо тагып, 5 жылга камаганы адилетсиз. Аспеков 100 сом үчүн мындай кадамга барышына коомчулук деле ишене албай турат. Азыр, бийликке ким сын айтса, болбогон шылтоо менен камап, соттоп, айып пул салып, коркутуп басабыз деп жатышат. Мындай кадамы менен Акаев, Бакиев дагы ѳздѳрүн сактап кала алышкан эмес. Бир күнү социалдык жарылуу, саясий нааразычылыктар чегине жеткенде, азыр жаштарды каматып кутуруп аткандар, ѳздѳрү түрмѳнүн сыз, тар бурчуна тыгылып калышы мүмкүн. Жашоо бумеранг, бийлигине эсирип кѳпкѳндѳр да бир күнү кылган күнѳѳлѳрү үчүн жазасын алат. Мен билгенден, Мелис Аспековду акыркы жолу КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков сотко берип, экѳѳ бири-бирине каршы болуп жүргѳн. Аспеков дагы Чыныбайдын мыйзамсыз басып алган байлыктарын тизмектеп айтып, жарыя кылган. Ошол себептүү, Аспековдун камалышы саясий заказ. Таксист деле тосмо арыз берген экен. Ага карабай камап жатышат....”,-дейт Д.Орунбеков.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *