Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Д. Сооронбаев: Экономиканы өнүктүрүү үчүн адамга аба кандай керек болсо ишкерликти өнүктүрүү ошончолук керек
Мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө жол ача турган кичи жана орто ишкерлерлик кылгандарга ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Айрыкча мамлекет анда иштеген атка минерлерибиз ишкерлик чөйрөсүндө иштегендерге текшерүүчү, көзөмөлдөөчү, тескөөчү, ар кандай тоскоолдуктарды эреже, мыйзам түрүндө жаратуучулар эмес өнөктөш катары мамиле жасаганда гана мамлекетибиздин турмуш шарты оңолот.
Кудай буюруп эл колдоп биздин “Бутун Кыргызстан Эмгек” партиясы КР ЖК шайланып калса ушул маселени биринчи катардагы маселе катары көтөрүп жалпы эле ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бүгүнкү күндөгү күчүндө турган мыйзамдарга алымча –кошумча, түзөтүүлөрдү киргизип жаңы мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат элем. Себеби чакан жана орто деги эле өлкөбүздө ишкерлик өнүкмөйүн мамлекетибиз өнүкбөйт, элибиздин турмуш шарты оңолбойт. Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү үчүн адамга аба кандай керек болсо ишкерликти өнүктүрүү ошончолук керек. Демек бул акча ал болсо, мамлекетибизди коргоо, коопсуздугу, саясат, маданият, илим-билим, саламаттыкты сактоонун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн өбөлгөсү.