0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews - Советы и рекомендации граждан

    ДАРВИНИЗМ КАНДАЙ КОРКУНУЧ?

    ДАРВИНИЗМ КАНДАЙ КОРКУНУЧ?
    23 02 2015 21:29

    Бүт ааламды жана жандууларды сокур кокустуктардын чыгармасы деп айткан дарвинизм – учурдун эң коркунучтуу идеологиясы. Материализм, коммунизм жана фашизм башында турган адамзатка балээ алып келген бардык зыяндуу идеологиялык агымдардын калп илимий таянычы болгон дарвинизм дээрлик 150 жылдан бери идеологиялык максат менен гана сакталууга аракет кылынууда.

    Бирок дарвинизм жөнүндө жетиштүү маалыматка ээ болбогон же бул материалисттик идеология жөнүндө терең ойлонбогон адамдар дарвинизмдин кандай коркунуч экенин байкабаган болушу мүмкүн. Эволюция теориясы ортого коюлгандан бери социалдык жана ахлактык канчалык чоң балээлерге себеп болгонун билишпегендиктен, дарвинизм менен жүргүзүлгөн илимий күрөштүн канчалык маанилүү экенин түшүнө албаган болушу мүмкүн. Чындыгында болсо, Аллахтын бар жана жалгыз экенин, адамдардын Раббибиздин алдында жоопкерчиликтүү экендиги чындыгын жокко чыгарган дарвинисттик идеология адамдардын аң-сезимине «сокур кокустуктардын чыгармасы жана бир айбан түрүсүңөр» деген пикирлерди сиңирип, чоң кыйроолорго негиз даярдайт. Жашоону бир күрөш мекени катары кабыл алат, алсыздарды эзилиши жана жеңилиши керек болгон адамдар сыяктуу көргөзүп, бир гана күчтүүлөрдүн жашаарын айтат. Дал ушул себептен улам дарвинизм менен илимий күрөшүү абдан маанилүү жана эң зарыл. Бул күрөштү «керексиз» же «маанисиз» көрсөтүүгө аракет кылуу болсо абдан чоң катачылык.

    Дарвинизм менен жүргүзүлгөн илимий күрөштүн маанисин түшүнгүсү келген адам бул теориянын эмнени жактаганын, анын тамырларын жана 150 жылдан бери адамзатка алып келген балээлерин терең анализдеши керек. Мындай изилдөө ал адамга эволюция теориясынын Аллахка болгон ыйманга толук карама-каршы экенин, Аллахка болгон ишеним менен эволюция теориясы арасында орто бир жол табуунун эч мүмкүн эмес экенин көрсөтөт. Мунун себеби дарвинизмдин материалисттик жана атеисттик тамырлары.

    Дарвинизмдин пайда болушунун коомдук жашоого тескери таасирлери терең анализ кылынганда, дарвинизмден мурунку учур жана кийинки учур болуп эки түрдүү доордун жашалганы оңой эле байкалат. Дарвинизмден мурун материалисттик идеология алсыз болгон, элдердин көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган эмес, анын таасири аз сандагы топтор менен гана чектелген. Адамдардын көпчүлүгү Аллах коркуусу жана Аллах сүйүүсүнө таянган ахлактык баалуулуктарга маани беришчү. Адамзат жана аалам кандайча пайда болгон суроосуна көпчүлүк «Аллах жаратты» деп жооп беришкен. Материалисттик-атеисттик көз-караштар коомдун көпчүлүгү тарабынан тескери реакцияга кабылган. Себеби бул чөйрөлөрдүн каапырчылыктарына таяныч боло турган бир теориялары жок эле. Бирок эволюция теориясынын ортого коюлушу менен көп нерсе өзгөргөн. Эволюция теориясы калп илимий таяныч катары адамдарга сунулуп, чындыкка эч коошпосо да жандуулардын пайда болушун түшүндүргөн бир теория катары таанытылган. Жасалма далилдер, тузактар, көз бойомочулуктар, бурмалоолор, алдамчылыктар жана демагогиялар сыяктуу көп тараптуу пропаганда ыкмалары аркылуу адамдардын аң-сезимине сиңирилген жана натыйжада көпчүлүк муну кабыл алган.

    Дарвинизмдин алгач Англияда, кийинчерээк бүт Европа жана Америкада атеизмге көрсөткөн колдоосу Оксфорд университетинен Prof. Alister McGrath (проф. Алистер МакГрат) тарабынан мындайча баяндалат:

    Чарльз Дарвиндин эволюция теориясынын Виктория университетинде акырын акырын кыймылдап баштаган ыйман кризисине от жакканы талашсыз чындык. Батыш дүйнөсүн атеизмге багыттаган бир теория бар деп айтылчу болсо, ал эч шексиз Чарльз Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы китебинде ортого койгон теориясы...16

    Кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк көрүлө тургандай, бүгүнкү күндө Россия, Кытай жана кээ бир Европа өлкөлөрү башында турган дүйнөнүн көп бөлүгүндө илим кыйраткан эволюция теориясы дагы эле өз таасирин улантууда, адамдардын дин ахлагынан алысташына себеп болууда.

    Дарвинизмдин акылга жана илимге сыйбас калптары менен адамдар бала кезинен азап жана зулумдук менен натыйжалана турган бир жолго багытталышууда. Бүт дүйнөнүн мектеп, лицей жана университет жылдарында «адамдар бир айбан түрү», «коомдор арасында жунгли мыйзамдары өкүмчүлүк кылат», «чындык алсыздар тарапта болсо да күчтүүлөр дайыма аларды эзет», «жашоо күрөш» деген сыяктуу калптар менен алданган жаштар жашаган коомдорунда көптөгөн чоң маселелерге себеп болушууда. Адамзат сүйүүсүнөн алыс, заалым, зөөкүр, өзүмчүл, ахлактык баалуулуктарга маани бербеген урпактарды өстүргөн дарвинисттик системада көп өлкө өз жарандары тарабынан көп проблемаларга кабылууда. Хулигандар, нео-фашисттер, фашисттер, коммунисттер, анархисттер, террористтер бул өлкөлөрдү жашалбай турган абалга алып келүүдө, башкаруучулар болсо бул маселелердин кайдан келип жатканын абдан жакшы билип туруп, бул абалды оңоого күчтөрү жетпей жатат.

    Чындыгында болсо чыныгы чара – бул маселенин булагын жок кылуу, т.а. дарвинизмди илимий тараптан таасирсиз кылуу. Себеби тажрыйба көрсөткөндөй, мыйзамдык жана аскердик чараларды гана жасоо жетиштүү эмес. Чалканды кесип койуу менен анын түгөнбөшүн унутпаш керек. Кесилген жерден мурдакыдан да койуу жана көп бутактуу болуп көбөйөт. Аны чечүү жолу – бул аны тамырынан жулуп ыргытуу. Учурда да көптөгөн коомдор башынан өткөрүп жаткан ахлактык жана коомдук маселелердин тамырында дарвинисттик пикирлер турат. Жана мындай дарвинисттик пикирлердин туура эмес экендиги далилденип көрсөтүлмөйүнчө, маселелер тамырынан чечилбейт.

     

    Жырткыч идеологиялардын тамырында

    дарвинизм бар

    Дарвинизм менен Ислам дини арасында сөз жүзүндө бир орто жол табууга аракет кылган, өз ойлорунда бул бузуку теорияны Мусулмандаштырабыз деп ойлогондор теориянын адамзатка алып келген кыйроолорун байкамаксан болушат. Фашизм, коммунизм сыяктуу жырткыч идеологиялардын дарвинизм менен жашаганын көрмөксөн болушат. 20-кылымда жашалган согуштар, уруш-талаштар, анархия жана каргашалуу окуяларды караганыбызда дайыма дарвинизмди көрөбүз.

    Эволюция теориясы ортого коюлгандан кыска убакыттан кийин биология жана палеонтология сыяктуу илим тармактарынан тышка чыгып, адамдар байланышынан тарыхтын жоромолдонушуна, саясаттан коомдук жашоого чейинки көп тармактарда таасирдүү болуп баштаган. Өзгөчө дарвинизмдин «табият бир күрөш жана уруш-талаш мекени» деген калпы коомдор үчүн жоромолдонгондо, Гитлердин жогорку расаны түзүү бузукулугу, Маркстын «Адамзат тарыхы – бул класстык күрөштүн тарыхы» жаңылыштыгы, капитализмдин «күчтүүлөрдүн алсыздарды эзип, андан да күчөшүн» айтышы, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн империалисттик өлкөлөр тарабынан айоосуздук менен колония кылынып, эзилиши, ал өлкөлөрдөгү адамдардын адамгерчиликке сыйбаган мамилелерге кабылышы, негрлердин дагы эле расалык кол салуулар жана бөлүүчүлүккө кабылышы калп илимий негиз тапты. Адамдарды өз ойлорунда өнүккөн бир айбан түрү катары көргөндөр алсыздарды тебелеп жогору көтөрүлүүдөн, оорулуу жана алсыздарды жок кылуудан, башкача жана төмөн көргөн расаларды жок кылуу үчүн кыргындарды жасоодон тартынышкан эмес. Себеби илим маскасын кийген калп теориялары аларга бул нерселерди «табияттын бир мыйзамы» деп айтууда.

     

     

    Фашизмдин дарвинисттик негизи

    Фашизмдин негизги таянычы – дарвинизм. Себеби:

    1) Дарвинизм расалык бөлүнүүчүлүктү туура, кадимки нерсе деп көрсөтөт: «Европалык ак раса – Азиялыктар, негрлер, Түрктөр сыяктуу кээ бир расаларга караганда жогору» деген калпты айткан жана, ушул себептен жогорку раса төмөнкү расаны ар кандай жол менен башкара алат деген.

    2) Дарвинизм кан төгүүчүлүктү кадимки нерседей көрсөтөт: Табиятта абдан күчтүү бир «жашоо күрөшү» бар жана бул күрөш расалар арасында да, адамдар арасында да болот, ар бир расанын же адамдын өз кызыкчылыктары үчүн башкаларды «басмырлап, четке чыгарышы» табигый нерсе деп айткан.

    Немецтик фашизм болсо – дарвинизмдин эң караңгы жүзүнүн бири.

    Гитлер немец калкынын негизги элементин түзгөн Арий расасынын башка бардык расалардан өйдө экенине жана аларды башкарышы керек экендигине ишенген эле. Арий расасынын жакында миң жылдык бир дүйнө императордугу кураарын кыялданган эле. Гитлердин мындай фашисттик теорияларынын калп илимий таянычы болсо – Дарвиндин эволюция теориясы эле. «Урушум» деген атактуу китебинин атын Дарвин табиятта өкүм сүрөт деген «жашоо күрөшү» жаңылыштыгынан таасирленип койгон эле. Гитлер да, Дарвин сыяктуу, өз оюнда Европалык эмес расаларды маймылдарга теңеген жана мындай деген эле: «Түндүк Европа немецтерин адамзат тарыхынан чыгарып карасаңар, анда маймыл бийинен башка эч нерсе көрбөйсүңөр».17

    Гитлер 1933-жылы Нюрнберг чогулушунда «Жогорку раса төмөнкү расаларды башкараарын, мунун табиятта байкалган бир чындык экенин жана жалгыз логикага сыйган чындык экенин» айтты.18 Өз оюнда Арий расасынын жогорулугуна ишенген Гитлер бул расанын жогорулугу табият тарабынан берилди деп айткан эле. Фашисттик кыймылдын түпкү максаты да ушул эле. Бул максатка жетүү үчүн алгачкы кадам төмөнкү расаларды жогорку раса деп ишенген Арий расасынан бөлүү, изоляция кылуу эле. Фашисттер ушул максатта дарвинизмди ишке ашырышты жана кайра эле дарвинизмге таянган «евгеника теориясын» ишке ашырып башташты.

     

    Дарвинизм

    евгеника кыргынын колдойт жана тастыктайт

    20-кылымдын алгачкы жарымында көп санда колдоочулар топтогон евгеника теориясы майып жана оорулуу адамдардын жок кылынып тазаланышы жана ден-соолугу чың адамдардын көбөйтүлүшү жолу менен бир адам расасынын «жакшыртылышы» маанисине келет эле. Евгеника теориясынын бузуку пикири боюнча ден-соолуктуу айбандар бири-бирине жупталып жакшы айбан түрлөрү алынган сыяктуу, бир адам расасын да жакшыртууга болот эле. Евгеника теориясын чыгарган адамдар албетте дарвинисттер эле. Англиядагы евгеника агымынын баштоочулары Чарльз Дарвиндин жээни Францис Галтон (Francis Galton) жана уулу Леонард Дарвин (Leonard Darwin) эле. Евгеника пикиринин дарвинизмдин натыйжасы экени айдан ачык эле. Евгеника түшүнүгүн жактаган макалаларда бул чындыкка өзгөчө басым жасалып, «Евгеника – бул адамдын өз эволюциясын өзүнүн башкарышы» деп айтылчу эле.

    Евгениканы Германияда эң алгач кабыл алган жана жайган адам болсо эволюционист биолог Эрнст Гегель (Earnst Haeckel) болгон. Гегель – Дарвиндин жакын досу жана колдоочусу эле. Жаңы төрөлгөн майып бөбөктөрдүн ылдам өлтүрүлүшүн, натыйжада коомдун эволюциясынын ылдамдатылышын сунуштаган. Заалымдыкта андан да алдыга кетип, проказа, рак менен ооругандарды жана акыл оорулууларын да өлтүрүү керек, болбосо бул адамдар коомго жүк болот жана эволюцияны жайлатат деген пикирди жактаган. Гегель 1919-жылы өлдү. Бирок пикирлери немец фашисттерге мурас калды. Гитлер бийликке келгенден кийин көп өтпөстөн расмий бир евгеника саясатын баштады. Гитлердин бул жаңы саясатын төмөнкү сөздөрү кыскача баяндайт:

    Мамлекет үчүн мээ жана денени окутуунун маанилүү бир орду бар, бирок адамдарды тандоо да ошончолук даражада маанилүү. Мамлекеттин генетикалык оорулуу же ачык оорулуу болгон адамдардын көбөйүү үчүн ылайыксыз экенин баяндоо милдети бар... Жана бул милдетти эч кандай көңүлчөөктүк кылбастан жана башкалардын да түшүнүктүүлүк көрсөтүшүн күтпөстөн айоосуздук менен ишке ашырышы керек... 600 жылдык бир убакыт периоду боюнча денеси майып болгон же физикалык жактан оорулуу болгон адамдардын көбөйүшүн токтотуу... адамдын ден-соолугунда учурда жетишиле албаган бир өнүгүүгө алып келет. Эгер расанын эң ден-соолугу чың болгон мүчөлөрү пландуу бир жол менен көбөйүшсө, натыйжада бүгүнкү күндө дагы эле биз ташыган руханий да, дене тарабынан да бузук уруктар болбогон... бир раса куралат.19

    Гитлердин мындай айоосуз саясатынын негизинде немец коомундагы акыл оорулуулары, майыптар, тубаса сокурлар жана генетикалык оорулуулар атайын «стерилизация (тазалоо) борборлорунда» чогултулушту. Бул адамдарга немец расасынын тазалыгын жана эволюциялык алдыга жылышын бузган бир паразиттер сыяктуу мамиле кылынган. Бир убакыт өткөндөн кийин коомдон бөлүнгөн бул адамдар Гитлерден келген жашыруун буйрукка ылайык өлтүрүлүп башталды.

    Чынында 20-кылымда сансыз балээ алып келген негизги себеп – Гитлер жана фашисттер сыяктуу динсиздердин айоосуз кыялдары эле. Аллахтын бар экенин жокко чыгарган жана адамдар эволюциялашып өнүккөн айбандар деген жалганга ишенген бул адамдар өздөрүн башы бош, эч кимдин алдында жоопкерчилиги жок жандыктар катары көрүшкөн эле. Аллахтан жана акыреттен коркушпагандыктан, чеги жок ахлаксыздык жана заалымдыкка барышып, миллиондогон адамдардын жанын ушул себептен айоосуздук менен кыйышкан.

     

    Фашист Муссолиниден

    дарвинисттик кыргын

    Эволюция теориясынын фашизмге көрсөткөн колдоосу Германия жана Гитлер менен чектелген жок. Гитлер дарвинизмди колдонуп, саясатын аныктаган сыяктуу, анын замандашы жана досу Бенито Муссолини да Италияны империалисттик жана фашисттик негиздерге таяндыруу үчүн дарвинисттик түшүнүктөрдөн жана догмалардан пайдаланды. Зөөкүрдүктүн тарыхта түртүүчү күч экенине жана согуштун төңкөрүш алып келээрине ишенген Муссолини толугу менен бир дарвинист эле. Императордугунун алсызданышын «Эволюциянын эң маанилүү түрткүчү болгон согуштан качууга аракет кылуу» менен байланыштырган эле.20

    Башка дарвинист-фашисттер сыяктуу Муссолининин да согушчу, зөөкүр, диктатордук саясаттары көптөгөн адамдардын өлтүрүлүшүнө, үйсүз, үй-бүлөсүз калышына жана өлкөнүн талкаланышына себеп болду. «Кара көйнөкчөндөр» деп атаган ар түрдүү зөөкүрдүк жана заалымдыкты жасаган жарым аскердик биримдиктерди түздү. Кара көйнөкчөндөр аркылуу өз өлкөсүндө эле эмес, башка өлкөлөрдө да зөөкүрдүк жана диктатордук жасады. 1935-жылы Эфиопияны басып алып, 1941-жылга чейин 15 миң адамды өлтүрттүрдү. Эфиопиянын басып алынышын дарвинизмдин расаларга бөлүүчүлүк көз-караштарына таяп, өз оюнда кадимки нерседей көрсөтүп эле тим болгон жок. Муссолининин бузуку көз-карашы боюнча, Эфиопиялыктар кара расадан болгону үчүн төмөн адамдар эле жана Италиялыктар сыяктуу жогорку бир раса тарабынан башкарылуу алар үчүн бир кадыр-барк болушу керек эле. Башка тараптан, 1911-жылдын 3-октябрында Италиянын Ливияны басып алышы менен башталган жана Мусулмандарга карата жүргүзүлгөн зулумдукту улантты, ал тургай Мусулмандарга болгон кол салууларды андан да күчөттү. Басып алуулар Муссолининин өлүмү менен гана, 1947-жылы 10-февральда түзүлгөн бир келишим менен токтоду. Бул мөөнөт ичинде 1,5 миллион Мусулман айоосуздук менен өлтүрүлдү, жүз миңдегени жаракат алды.

    Гитлер жана Муссолини мисалдарында көрүлгөндөй, чындыктын күчтүүлөр жана заалымдар тарабында экени, алардын өйдө экени, кара күчтү, зөөкүрдүктү, кол салууну жана согушту өнүгүүнүн жана ийгиликтин жалгыз жолу катары көргөн фашизм Дарвиндин «Күчтүү жашайт, алсыздар өлөт, жашоо үчүн айоосуз күрөш керек» деген калптарынын ишке ашыруу мисалы эле жана миллиондогон адамга азап көрсөтүлүшүнө себеп болду.

     

    Миллиондор өмүрүнөн ажыраган

    Экинчи дүйнөлүк согуш – Дарвинизмдин натыйжасы

    Фашист идеологдор дарвинизмден алган илхамы менен согушту да өз ойлорунда бир зарылдык катары көрүшкөн эле. Жана бул догма менен экинчи дүйнөлүк согушту башташып, өз элдерине да, дүйнөнүн башка адамдарына да ар түрдүү азаптарды таттырышты. Бул тараптан экинчи дүйнөлүк согушта жашалган азаптардын негизги жоопкерлери арасында Чарльз Дарвиндин да бар экенин айтуу абдан туура болот. Профессор, илим доктору Jerry Bergman (Жерри Бергман) дарвинизмдин экинчи дүйнөлүк согушка таасири жөнүндө мындай дейт:

    Дарвинисттик пикирлердин Германиянын ой-пикир системасына жана ишке ашырылышына абдан чоң таасирлери болгонун көрсөткөн далилдер абдан ачык... Чынында дарвинисттик пикирлердин экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышы, 40 миллион адамдын өлүмү жана дээрлик 6 триллион доллардык чыгымга абдан чоң бир таасири болгон эле. Эволюциянын чындык экенине так ишенген Гитлер өзүн адамзаттын заманбап куткаруучусу катары көргөн эле... Өйдөрөөк бир раса «өндүргөнү үчүн», дүйнө Гитлерге адамзатты эволюциянын андан да өйдөңкү баскычына чыгарган адам катары карамак.21

    Албетте Дарвин теориясын чыгаргандан мурун да дүйнөдө көп санда согуш болгон. Бирок эволюция теориясынын таасири менен согуш алгачкы жолу илим тарабынан жасалма тастыкталып, колдоо алган эле. Max Nordau (Макс Нордау) Америкада көпчүлүктүн көңүлүн бурган "The Philosophy and Morals of War" (Согуштун философиясы жана ахлагы) аттуу макаласында Дарвиндин согуш темасындагы жаман ролуна мындайча көңүл бурган:

    Бардык согуш тараптарларынын эң жогорку авторитети (адамы) – бул Дарвин. Эволюция теориясы жарыя кылынгандан бери табигый варварлыктарын Дарвин аты менен жаап, ээ болгон заалым сезимдерин илимдин акыркы сөзү деп айтышууда.22

    Дарвинизм согуш менен аяктай турган ар түрдүү пикирди жана калп илимий негизди даярдаган жана согушту адамзаттын өнүгүшүнүн жалгыз шарты катары көргөн деспоттор миллиондогон адамдын өлтүрүлүшүнө себеп болушкан. Дарвинизм негиз түзгөн зөөкүрдүктөр тарыхчылар тарабынан да, социологдор тарабынан да, ошондой эле эволюционисттер тарабынан да ачык айтылып жатканда, тынчтык, сүйүү жана толеранттуулук дини болгон Ислам менен дарвинизмди байланыштырууга аракет кылуунун абдан чоң жаңылыштык экени анык. Мусулмандар мындай жаңылыштыкка кабылуудан абдан качынышы керек жана күнөөсүз адамдардын айоосуздук менен өлтүрүлүшүн өз оюнда кадимки нерседей көрсөткөн бир идеологияга каршы ачык жана так илимий күрөш жүргүзүүдөн тартынбашы зарыл.

     

     

    УЧУРДАГЫ ДАРВИНИЗМДИН ИШКЕ АШЫРУУЧУЛАРЫ:

     

    Нео-фашисттер

    Гитлер, Муссолини сыяктуу фашист лидерлер жана аларга тиешелүү фашисттик уюмдары (SA, SS, Gestapo ж.б.) же Муссолининин «Кара көйнөкчөндөрү» учурда тарыхка көмүлгөндөй көрүнсө да, алардын пикирлерин уланткан нео-фашисттик уюмдар дагы эле аракетин улантышууда. Мындай аракеттердин эң башында болсо Германиядагы нео-фашисттер турат. Нео-фашисттер бекерпоз көчө кыдырмайлардан, наркомандардан, кылмышкер рухтуу адамдардан куралган жана алар фашисттик кыялдын бардык өзгөчөлүктөрүнө ээ.

    Нео-фашисттер да Гитлер жана башка фашисттер сыяктуу дарвинисттик түшүнүктү көңүлдөрүнө сиңиришкен. Фашизм жана расалык бөлүнүү пропагандасы максатында даярдалган интернет барактарында Дарвиндин сөздөрү жана Дарвинге арнаган мактоолору орун алган. Интернет барактарында дарвинизм кабыл алынышы керек болгон бир теория деген догманы айтышат.

    Дарвиндин жана Гитлер сыяктуу фашисттердин мурасчылары болгон бул топтор кол салууларын жана киши өлтүрүүлөрүн дагы эле улантышууда. Мындай адамдыкка эч жатпаган кылмыштык аракеттерди жазалоо аркылуу чечүү эч мүмкүн болбой келүүдө. Бул зулумдукту тамырынан токтотуунун жолу соттоо-жазалоо чаралары менен бирге олуттуу бир илимий күрөш жүргүзүү. Расалык бөлүнүүчүлүктү бир табият мыйзамы катары көргөн бул адамдардын кылган зулумдуктары, дарвинизм илимий тараптан кыйратылмайынча, токтобойт.

     

    Коммунист лидерлер үчүн

    дарвинизм – мамлекеттин бир саясаты

    20-кылымда адамзатка эң көп зыян алып келген идеология шексиз коммунизм эле. Карл Маркс жана Фридрих Энгельс аттуу эки немец философ тарабынан 19-кылымда тарыхый чокусуна жеткен коммунизм дүйнө жүзүндө фашисттер жана империалист өлкөлөр жасаган геноциддерди да артка калтыраарлык деңгээлде көп кан төктү. Күнөөсүз адамдардын жанын кыйды, адамдар арасында паника, коркуу жана үмүтсүздүктү жайды. Коммунизм 1991-жылы жыгылды деп кабыл алынса да, артындагы калдыктары дагы эле уланууда. Бүгүнкү күндө дагы эле коммунизм жана марксизмдин караңгы жүзү жана адамдарды дин ахлагынан алыстаткан материалисттик философиясы бир убактарда коммунизм өкүмчүлүк кылган коомдордогу таасирин улантууда.

    20-кылымда дүйнөнүн төрт тарабында террор жайган бул идеология түпкүрүндө байыркы кылымдардан бери бар болгон бир көз-карашты чагылдырат. Бул пикир материалист, т.а. затты баалуу жалгыз нерсе катары көргөн философия эле. Коммунизм бул философия үстүнө курулуп, 19-кылымда дүйнөгө жайылды. Коммунизмдин пикир бабалары Маркс жана Энгельс материалисттик философияны «диалектика» деп аталган жаңы бир ыкма менен түшүндүрүүгө аракет кылышты. Диалектика – ааламдагы бүт өзгөрүү, өнүгүү күрөш натыйжасында болду деген гипотеза эле. Маркс жана Энгельс бул гипотезага таянып, бүт дүйнө тарыхын жоромолдоого киришишти. Маркс адамзат тарыхынын бир күрөштөн гана тураарын, учурдагы күрөштүн жумушчулар жана капиталисттер арасында болуп жатканын жана жакында жумушчулардын көтөрүлүш жасап, коммунисттик бир революция кылышаарын айткан.

    Коммунизмдин эки куруучусунун эң белгилүү өзгөчөлүктөрү болсо – бүт материалисттер сыяктуу Аллахка болгон ыйманга абдан душман болушу эле. Экөөсү тең нагыз атеист болгон Маркс жана Энгельс диний ишенимдердин жок кылынышын коммунизм үчүн зарыл шарт катары көрүшкөн эле. Бирок Маркстын жана Энгельстин маанилүү бир кемчилиги бар эле; көбүрөөк адамдарга таасир бере алуу үчүн идеологияларына илимий түс бериши керек эле. Ошентип 20-кылымда жашалган азаптарга, хаоско, жалпылай кыргындарга, бир тууганды бир тууганга өлтүрткөн иш-аракеттерге жана бөлүнүүчүлүккө кол койгон коркунучтуу биримдик ушул жерде ортого чыкты. Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде айткан негизги догмалары Маркс жана Энгельс издеген сөздөр эле. Дарвин жандуулардын «жашоо күрөшү» натыйжасында, т.а. «диалектикалык бир күрөш» менен пайда болгонун жактап жаткан. Болгондо да, жаратылууну жокко чыгарып, диний ишенимдерди жокко чыгарган эле. Бул Макрс жана Энгельс үчүн колдон чыгарылбас бир мүмкүнчүлүк эле.

    Дарвинизм коммунизм үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан, Энгельс Дарвиндин китеби чыгып чыкпас Маркска мындай деп жазды: «Азыр китебин окуп жаткан Дарвин жалгыз бир сөзү менен керемет».23 Маркс болсо 1860-жылы 19-декабрда Энгельске жазган жообунда мындай деген: «Биздин көз-караштарыбыздын табигый тарыхый негизин камтыган (түзгөн) китеп – дал ушул.»24 Маркс дагы бир социалист досу Ласальга (Lasalle) 1861-жылдын 16-январында жазган катында болсо «Дарвиндин эмгеги улуу эмгек. Тарыхтагы класстар аралык күрөштүн табигый илимдер тарабынан негизин түзөт.»25 деп айтуу менен эволюция теориясынын коммунизм үчүн маанисин баяндаган эле.

    Маркс Дарвинге болгон симпатиясын, урматын болсо эң маанилүү чыгармасы болгон Капиталды (Das Kapital) Дарвинге арноо аркылуу көрсөткөн эле. Китептин немец тилиндеги басмасында кол жазма менен мындай деп жазган эле: «Чарльз Дарвинге, чыныгы бир күйөрманы болгон Карл Маркстан».26

    Энгельс да Дарвинге болгон күйөрмандыгын бир жерде мындай деп баяндаган эле:

    Табият метафизикалык эмес, диалектикалык кыймылдайт. Бул багытта эң биринчи Чарльз Дарвиндин аты эскерилиши керек.27

    Энгельс Дарвинди Маркска теңеп, өз оюнда мактаган жана «Дарвин органикалык табияттагы эволюция мыйзамын тапкан сыяктуу, Маркс адамзаттын тарыхындагы эволюция мыйзамын тапты» деп айткан эле.28 Марксизм-дарвинизм байланышы – учурда бүт адамдар тарабынан кабыл алынган айдан ачык бир чындык. Карл Маркстын жашоосун баяндаган китептерде да бул байланыш сөзсүз баса айтылат. Мисалы, Карл Маркс өмүр баянында бул байланыш мындайча сүрөттөлөт:

    Дарвинизм марксисттик философияны колдогон, чындык экенин далилдеген жана өнүктүргөн бир катар чындыкты сунду. Дарвинисттик эволюциялык пикирлердин жайылышы коомдо марксист пикирлердин жумушчу калк тарабынан толук аңдап-түшүнүлүшү үчүн натыйжалуу негиз жаратты... Маркс, Энгельс жана Ленин Дарвиндин ойлоруна абдан маани беришкен жана ал пикирлердин чоң илимий маанисине ишарат кылышты, натыйжада бул пикирлердин жайылышына ылдамдык кошушту.29

    Тарыхтын эң бузуку киши өлтүргүчтөрүнүн бири болгон Мао да нагыз дарвинист эле. Маонун буйругу менен 10 миллионго жакын адам түздөн-түз өлтүрүлдү, ага баш ийбеген 20 миллионго жакын адам болсо түрмөлөрдө өлүштү. Мао курган мындай системасынын философиялык таянычын болсо «Кытай социализминин негизи Дарвинге жана эволюция теориясына таянууда» деп ачык баса белгилеген эле.30 Бир марксист, атеист жана эволюционист болгон Мао «алдын көздөй чоң атылуу» деп атаган аракеттин окуу материалдарынын Чарльз Дарвиндин чыгармалары жана ошондой эле эволюция теориясын колдогон башка материалдар болоорун буйрук кылган.31 Кытай коммунисттери 1950-жылдары бийликке келишкенде, эволюция теориясын идеологияларынын негизи катары алышты. Ал тургай Кытай интелектуалдар эволюция теориясын мурдатан эле кабыл алышкан эле:

    19-кылымда Батыш өлкөлөр Кытайды изоляция болгон жана байыркы адат-салттарын уланткан бир уктап жаткан дөө катары көрүшчү. Абдан аз европалык Кытай интелектуалдардын Дарвиндин эволюция теориясын жакшы көрүү менен кабыл алгандарын жана өзгөрүү үчүн үмүт убада кылганын аңдашканын түшүнүштү. Кытай жазуучу Ху Шихтин (Hu Shih) ою боюнча, 1898-жылы Томас Хукслейдин  (Thomas Huxley) Эволюция жана этика китеби чыкканда, Кытайлык интелектуалдар тарабынан ылдам тастыкталды. Бай адамдар арзан Кытай басмаларына спонсорлук кылышты, натыйжада көп адамдарга кеңири таралды.32

    Бүт бул маалыматтар дарвинизм алдында пассивдүү жана алсыз бир жол тандаган, бул бузуку теория менен жүргүзүлгөн илимий күрөштү керексиз деп ойлогон же байкамаксан болгондордун канчалык чоң бир жаңылыштык ичинде экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Дарвинизмди өз ойлорунда зыянсыз илимий бир теория катары көргөндөр алдыларында коммунисттик идеологиянын негизги таяныч чекити болгон, бардык марксист идеологдор болгон күчү менен колдогон бир теория турганын унутпашы керек. Марксист, ленинист жана маочу макалалар жана лидерлер оозунан түшүрбөгөн, жашоонун бүт тарабында ишке ашырууга аракет кылынган эволюция теориясын Ислам менен байланыштырууга аракет кылгандар өздөрүнүн канчалык чоң алдануу ичинде калганын байкашы үчүн бул теориянын чыныгы жүзүнө көз жумбашы керек.

     

    Дарвинисттик коммунизмдин кандуу жыйынтыгы

    Дарвинист-материалист көз-карашты кабыл алган террористтер «алгачкы аталарыбыз» деп ойлогон айбандар сыяктуу тоолорго чыгышты, үңкүрлөрдө абдан жаман шарттарда жашашты. Эч ойлонбостон адам өлтүрүүгө барышты, бөбөктөрдүн, улгайгандардын, күнөөсүздөрдүн жандарын кыйышты. Өздөрүн жана башка адамдарды Аллах жараткан, рухка, акылга, абийирге жана аң-сезимге ээ жандыктар катары көрүшпөгөндүктөн, бири-бирине айбандардай мамиле кылышты. Коммунизмдин кандуу жыйынтыгы Komünizmin Kara Kitabı (Коммунизмдин кара китеби) аттуу эмгекте мындайча жыйынтыкталган:

    СССР                                                             20 миллион адамдын өлүмү

    Кытай                                                            65 миллион өлүм

    Вьетнам                                                         1 миллион өлүм

    Түндүк Корея                                                2 миллион өлүм

    Камбоджа                                                      2 миллион өлүм

    Чыгыш Европа                                              1 миллион өлүм

    Латын Америка                                             150 миң өлүм

    Африка                                                          1,7 миллион өлүм

    Афганистан                                                   1,5 миллион өлүм

    Эл аралык коммунисттик кыймыл жана

    бийликте болбогон коммунисттик партиялар     10000 тегерегинде өлүм

    Жалпы өлгөндөрдүн саны 100 миллионго жакындоодо.»33

    Коммунизм жана материализмдин дин душмандыгы болсо большевик революциясы учурунда жана андан кийин абдан күчтүү абалда өзүн көрсөттү. Сталин жыктырган ондогон чиркөө жана мечит коммунизмдин дин душмандыгынын бир гана көрсөткүчү эле. Коомдун көп бөлүгү динге ишенген адамдар болгонуна карабастан, адамдардын ибадаттарын аткарышына тоскоолдук кылынчу. Христиандар чиркөөгө барган жекшемби күнүнө тоскоол болуу үчүн орток эс алуу күнү түшүнүгү жоюлду. Бүт баары беш күн иштеп, ар кайсы бир күн эс алмак. 1936-жылына келгенде, мечиттердин 65%ы, чиркөөлөрдүн 70%ы өрттөлүп, кыйратылган эле. Албаниянын коммунист лидери жана атеисттиги менен таанылган Энвер Хожа 1967-жылы Албанияны дүйнөнүн алгачкы динсиз өлкөсү деп атады. Диний кызматкерлер себепсиз камалышты, кээ бирлери камоого алынган жерден өлтүрүлдү. 1948-жылы эки епископ жана 5000 дин кызматкерине ок жаадырылды. Ушул сыяктуу Мусулмандар да өлтүрүлгөн. Өлкөнүн Nendori гезити 327си католик чиркөөсү болгон, жалпысы 2 миң 169 мечит жана чиркөөнүн жабылганын жарыялады.

    Учурда диалектикалык материализм жана коммунизм көрүнүштө чөккөн сыяктуу. Бирок бул бир көз бойомочулук. Себеби бул пикир ар түрдүү аттарды жамынып дүйнөнүн көп өлкөсүндө тымызын аракет кылууда, ал тургай Түркияда бөлүүчү терроризмди түздөн-түз уюштурууда. Ошондуктан, материализмдин тымызын аракет кылып жатышы абийирдүү жана акылдуу адамдарды жалкоолукка түртпөшү керек. Бул коркунучтуу идеологиялар менен жана бул идеологиялардын колдоочусу болгон дарвинизм менен илимий күрөшүү шарт.

     

     

    Дарвинизм жырткычтыкты өз оюнда

    туура көргөн адамдарды өстүрөт

    Коммунизм да, фашизм да адамзаттын душманы. Өрттөп кыйратууну, адамдарга коркуу, паника, коркунуч, азап алып келүүнү, өз өлкөсүнүн аскерине, милициясына кол салууну, күнөөсүздөрдү эч ойлонбостон өлтүрүүнү буйрук кылат. Фашисттик да, коммунисттик да режим жана уюмдарда орток бир психология өкүмчүлүк кылат: бул системада адамгерчилик сезимдер, айоо, ынсап кылуу, абийир сыяктуу сезимдер толугу менен жок кылынат. Адамзат коомдору жырткыч айбандар жашоо жана тамактануу үчүн согушкан бири-бирин өлтүрүү ареналарына айландырылат. Жырткыч бир айбан тамак жана жашоого ыңгайлуу орунга жетүү үчүн өз түрүндөгү айбандар менен күчтүү күрөшкө кирген сыяктуу, адамдардын да ушул «айбандар» сыяктуу мамиле кылышы туура деп көрсөтүлөт. Себеби Дарвиндин догмасы аларга түпкүрүндө алардын айбан экенин жана айбандар жашоо үчүн күрөшкөн сыяктуу алардын да күрөшүшү керек экенин үйрөтүүдө.

    P.J. Darlington (П.Ж. Дарлингтон), бир эволюционист катары, Evolution For Naturalists (Натуралисттер үчүн эволюция) аттуу китебинде жырткычтыктын эволюция теориясынын бир натыйжасы экендиги жана ал тургай мунун туура нерсе катары кабыл алынышы керек экендиги жөнүндөгү батыл (негизсиз) ишенимин мындайча мойнуна алат:

    Биринчи нерсе өзүмчүлдүк жана жырткычтык ичибиздеги табигый бир нерсе, эң алыскы атабыздан бизге мураска калган... Анда жырткычтык адамдар үчүн кадимки көрүнүш; эволюциянын бир натыйжасы.34

    Бир эволюционисттин бул сөзү көрсөткөндөй, Дарвиндин эволюция теориясын жол көрсөтүүчү катары кабыл алган идеологиялардын башка адамдарды айбан катары кабылдашы, аларга айбандарга ылайыктуу мамиле жасашы, аларга зулумдук кылышы өз ойлорунда толугу менен табигый көрүнүш. Себеби бул адам дарвинисттик идеологияны кабыл алуу менен бир Жаратуучубуз бар экенин, өзүнүн жер бетинде жашоо максатын жана акыретте дүйнөдө кылгандары үчүн Аллахтын алдында жооп берээрин унутат. Мунун натыйжасында Аллах коркуусу жоголгон бүт адамдар сыяктуу, жалаң гана өз кызыкчылыктарын ойлогон бир өзүмчүл, айоосуз бир заалым, ал тургай кутурган бир киши өлтүргүч абалына келет.

    Жаштарын дарвинист жана материалист идеология менен чоңойткон кээ бир Батыш улуттар 150 жылдан бери «коммунист», «фашист» же «нео-нацист» катары таанылган зөөкүр жана таш боор адамдарды көбөйтүүдө. Кийин өздөрү чоңойткон бул кылмыш машиналарынын кан төгүшүнө, мамлекетине жана улутуна душман болушуна тоскоол боло албай келишет. Бул өлкөлөрдүн эң чоң катасы – бул алардын алгач дарвинисттик билим берүү менен бул кылмыш машиналарын өндүрүп, кийин аларды кантип токтотоорун ойлонуп, чарасыздык менен жолдор издеши.

    Чынында болсо эң туура жол апачык белгилүү: дарвинизмдин илимий күрөш жолу менен кыйратылышы. Мунун жолу болсо дарвинисттик билим берүүнү токтотуу, адамдарга жоопкерчиликсиз бир айбан эмес экенин, Аллах жараткан, рух ээси, акыретте кылгандарынан жооп бере турган жандыктар экенин түшүндүрүү.

    Зыяндуу идеологиялардын тамыры болгон дарвинизмдин илимий чөктүрүлүшү менен ортодо бир гана чындык калат. Ал – бүт адамдарды жана ааламды Аллах жараткандыгы жөнүндөгү чындык. Муну түшүнгөн адамдар чын көңүлдөн дин ахлагына багытталышат. Адамдардын дин ахлагына багытталышы менен, жер бетиндеги азаптар, кыйынчылыктар, киши өлтүрүүлөр, балээлер, адилетсиздиктер, жакырчылыктар жоголуп, сабаттуулук, бейпилдик, байлык, береке, ден-соолук келет. Бул үчүн болсо батыл (негизсиз) болгон, адамзатка зыян алып келген бүт пикирлердин чындык болгон, адамзатка сонун жашоо алып келе турган пикирлер менен кыйратылышы жана жеңилиши зарыл. Ташка таш ыргытуу, таякка таяк менен жооп берүү, зөөкүргө зөөкүр мамиле кылуу маселени чечпейт. Мындан чыгуу жолу буларды кылгандарды илимий кыйратуу жана ордуна коюлушу керек болгон жалгыз чындыкты сабыр жана мыкты жол менен түшүндүрүү.

    Уруш-талаш, анархия, террор, көтөрүлүш, каргаша, зулум, жырткычтык, таш боордук жана күнөөсүздөрдү эзүүнү жашоонун качып кутулгус чындыктары деп ойлогондор жаңылышууда. Адамдар арасында табигый нерсе – бул тынчтык, бейпилдик, ишеним, бир туугандык, достук, ак жүрөктүүлүк, толеранттуулук, боорукердик, түшүнүктүүлүк, урмат-сый өкүмчүлүк кылган чөйрөлөр. Мындай чөйрөгө дарвинизмди илимий кыйратуу жана дин ахлагын өкүмдар кылуу менен гана жетишүүгө болот.

     

    Ахлактык бузулуу – жашоого болгон

    дарвинисттик көз-караштын бир натыйжасы

    Дарвинизмдин дүйнөгө болгон таасирине маани бербеген же байкамаксан болгондор адамдардын дин ахлагынан алыстап, динсиздикке багытталышынын чыныгы себебин да байкашпайт. Чындыгында болсо дарвинизм адамзатка алып келген эң чоң балээ – бул, эч шексиз, адамдарды динсиздикке түртүшү. Себеби дин ахлагынан алыстаган коомдордо кыска мөөнөттө күчтүү бир ахлактык жана руханий чөгүү болот. Учурдагы коомдордо да бул абалдын мисалдары байкалат.

    Бүгүнкү күндө дарвинизмди толук түшүнүп туруп жактаган адамдардын саны өтө көп эмес. Бирок бул аз адамдар тобу коомдук жашоого дээрлик бүт тараптан багыт берген адамдар жана өз дүйнө көз-караштарын көп адамдардын аң-сезимине сиңирүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, университет мугалимдеринин, кино режиссерлордун көпчүлүгү, дүйнөдө таанылган басмакана, гезит жана журналдардын редакторлору жана жазуучуларынын басымдуу бөлүгү – материалист жана дарвинист. Ошондуктан бул адамдардын сөзү, үнү жеткен адамдар да алардын пикирлерине сугарылышып, алардын эволюционист жана дин ахлагына туура келбеген көз-караштарын кабыл алышууда. Натыйжада мындай негизсиз, далилсиз пикирлер көпчүлүк тарабынан кабыл алынган коомдор пайда болууда.

    Дарвинисттердин коомдук жашоодогу мындай кеңири жайылган өкүмдарлыгы адамдарга күчтүү бир «гипноздой» таасир жаратууда. Өзгөчө жаштар дарвинисттик жана материалисттик пропагандаларды оңой кабыл алышууда. Окуган журнал, китептер, көргөн тасма, театрлар же музыкалык клиптер, уккан ырлардын сөздөрү жана эң маанилүүсү мектепте берилген «билим» аркылуу жаштардын дүйнөгө болгон көз-караштарын жана ойлонуу калыптарын бурмалоо абдан оңой болууда. Адамдардын эволюция теориясын, абдан көп алдамчылыктарына жана илимден алыс курамына карабастан, 150 жылдан бери илимий чындык деп ойлошунун себеби да – дарвинисттердин мындай күчтүү пропагандасында.

    Дагы бир белгилей кетчү жагдай, учурда динсиздик пропагандасы көбүнчө ачык жүргүзүлбөйт. Сөз кылынып жаткан атеист, материалист чөйрөлөрдүн дин темаларын же динчил таанылган адамдарды өз ойлорунда шылдыңдашы, ырлардын сөздөрүндө, романдарда, тасмаларда, гезит макалаларында, анекдоттордо Аллахка, тагдырга жана динге карата урматка ылайык келбеген сөздөрдү колдонушу (Аллахты аруулайбыз) – мындай жашыруун ыкмалардын бир канчасы.

    Дарвинизмдин темалары болсо атеисттик пропаганданын эң көп колдонгон куралы. Тиешеси жок жерде деле аталарыбыз маймылдар менен орток деген калп көп жолу айтылат. Адам психологиясы сүрөттөлгөндө да эволюция теориясынын догмалары орун алат. Натыйжада сураганда Аллахка жана динге ишенгенин айтса да, түпкүрүндө динди, акыретти, ахлактык милдетти өз ойлорунда анчалык маанилүү көрбөгөн (Аллахты аруулайбыз), ойлонбогон, Аллахтан коркпогон жана чындыгында Ага ишенбеген адамдардан турган коом жаралат. Аллах коркуусу жана ыйманы болбогон адамдар болсо эч кайсы темада өзүн чектебейт жана аталарым деп ойлогон айбандарга окшош абалда өмүр сүрүп баштайт. Мисалы, Аллахтан коркуп сактанбаган адамдардын абийирин (өзүн ойноштуктан) сакташын күтүп болбойт; себеби кандайдыр бир чектеген нерсе жок деп ойлошот. Башка адамдардан жашырына алса эле, ар түрдүү ахлаксыздыкка барышат. Чынында эле учурда дүйнө жүзүндө өзгөчө жаштар арасында жана коомдордун белгилүү катмарларында барган сайын чектен чыккан, ахлактык баалуулуктарга маани бербеген бир түшүнүктүн жайылышы – адамдардын дарвинист пропагандалар натыйжасында дин ахлагынан алысташынын бир натыйжасы. Өздөрүн жоопкерчиликсиз көргөн жана кылгандары үчүн эч кимге жооп бербейм деп ойлогон адамдар күн өткөн сайын бузулууда. Зина (ойноштук) кээ бир массалык маалымат каражаттары дээрлик мактоо менен жана бүт адамдарды чакыруу менен баяндаган, эч ким тарабынан жаман көрүлбөгөн бир нерсе абалына келди. Жакшылап карасак, кылмыш, сойкулук, алдамчылык, көз бойомочулуктун ар түрдүүсү, пара алуу, пара берүү, калп айтуу, кыскача айтканда, билинген бардык ахлаксыз иш-аракеттердин негизинде динсиздик турганын көрөбүз. Мындай динсиздиктин жайылуу ыкмаларынын эң натыйжалуусу – бул дарвинизмдин «жоопкерчиликсиз, кокустуктар натыйжасында пайда болгон адам» калпынын коомдордун аң-сезимине зордук менен сиңирилиши.

    The Lie: Evolution (Бир калп: эволюция) аттуу китептин автору Ken Ham (Кен Хам) дарвинизм себеп болгон динсиздикке көңүл буруп, мындай дейт:

    Эгер Аллахтан баш тартып, диний ишенимдердин ордуна шанс жана кокустуктарга толгон башка бир ишеним койсоңуз, туура эмес жана туура үчүн бир негиз калбайт. Эрежелер сиз кандай койгуңуз келсе, ошондой болот. Абсолюттук туура деген нерсе жок, так принциптер жок. Адамдар өз эрежелерин өздөрү жазышат.35

    Бул жерде бир нерсени эске салыш керек: кээ бирлери адамдар тарабынан коюлган эрежелер менен да ахлактык баалуулуктарды коргоого, коомдо тең салмактуулукту курууга болот деп ойлошу мүмкүн. Мындай көз-караш туура эмес. Албетте, коомдун тең салмактуулугун камсыз кылган мыйзам жана эрежелер болушу керек. Жана бул эрежелер ахлактык баалуулуктарды коргоодо жардамчы болушат. Бирок бул эрежелерге толук баш ийүү, системанын бүт адамдар ыраазы жана бейпил болгондой абалда сакталышы Аллахка жана акырет күнүнө болгон ыйман себептүү орун алган сонун ахлак менен гана мүмкүн болот.

    Theodious Dobzhansky (Теодиос Добжански) да – дарвинизмдин ахлактык бузулууга негиз даярдаганын кабыл алган дарвинисттердин бири. Дарвинизмдин таянычы болгон «табигый тандалуу» пикиринин коомдордун ахлактык баалуулуктарын алсыздатканын мындайча мойнуна алат:

    Табигый тандалуу өзүмчүлдүктү, каалоолорду ээрчүүнү, баатырдык ордуна коркоктукту, алдамчылыкты жана башкаларды эзүүчүлүктү тандайт. Коом этикасы болсо «табигый» иш-аракеттерге тыюу салат жана булардын карама-каршысы болгон сый мамиле, жоомарттык жана ал тургай башкалардын, коомдун, элдин жана бүт адамзаттын бейпилдиги үчүн өз жанын аябоо сыяктуу өзгөчөлүктөрдү даңктайт.36

    Добжанскинин сөздөрү абдан маанилүү бир чындыкка көңүл бурууда: жоомарттык, өз жанын аябоо, бекемдик, туруктуулук, кичипейилдик сыяктуу сонун ахлак өзгөчөлүктөрү дарвинисттик көз-караш эч кабыл албай турган эрдиктер. Себеби дарвинизм буларды калп эволюцияны артка тарткан тоскоолдуктар сыяктуу көрөт. Дарвинизм көз-карашы боюнча, ойлоп чыгарылган эволюция процесси уланышы үчүн адамдар таш боор, өзүмчүл, эч кимди сүйбөгөн, туруксуз болушу зарыл. Мындай түшүнүк кеңири кабыл алынган бир коомдо бейпилдик, ишенимдүүлүк жана туруктуулук жөнүндө сөз кылуунун эч мүмкүн эмес экендиги анык.

    Чынында эле жакшылап анализ кылынганда, дарвинисттик көз-караш себеп болгон терең бузукулуктун издери ошол замат байкалат. Адамдардын жардамдашуу, башкалар үчүн өз жанын аябоо, урмат жана сүйүүдөн, жана натыйжада бири-биринен алыс жашашы калп өнүгүүнүн жана цивилизациянын бир натыйжасы катары коомдордун аң-сезимине сиңирилүүдө. Көбүрөөк өндүрүш жана өнүгүү үчүн мындай натыйжага көнүшүбүз керек деген калп кайра кайра кайталанууда. Чындыгында болсо бул - өнүгүүнүн жана цивилизациянын эмес, адамдардын өздөрүн «айбан даражасына» коюшунун бир натыйжасы. Чынында адам – Аллах акыл, аң-сезим, абийир жана рух ээси кылып жараткан, башка бардык жандуулардан бул өзгөчөлүктөрү аркылуу толугу менен айырмаланган бир жандык. Бирок дарвинист-материалист ахлактын гипнозуна сыйкырланган кээ бир адамдар мындай өзгөчөлүктөрдү унутушат жана көбүнчө айбандарда да байкалбай турган төмөндүккө, ахлаксыздык, абийирсиздик жана акмактыктарга барышууда. Андан соң «Биздин ата-бабаларыбыз ансыз деле айбан, булар болсо ошолордон калган генетикалык мурас» деп, өздөрүнүн эрксиздик жана акмактыгына калп илимий бир негиз даярдашат.

    Көптөгөн дарвинист психолог мындай бузуку логикага таянып, адамдардын кылмышка болгон жакындыгынын себеби айбан аталарынан аларга калган мурас деп айтышууда. Эволюционист Stephen Jay Gould (Стефен Жей Гоулд) Ever Since Darwin (Дарвинден азыркы учурга чейин) аттуу китебинде алгач италиялык физик Lombroso (Ломбросо) тарабынан айтылган мындай догманы төмөнкүдөй баяндайт:

    Кылмыштуулукка байланыштуу биологиялык принциптер көп деле жаңы эмес, бирок Cesare Lombroso (италиялык бир доктор) бул талашка жапжаңы, эволюциялык бир багыт берди. Тубаса кылмышкерлер жалаң гана акылы кем же оорулуулар эмес эле; мурдакы эволюциялык баскычка кайра түшкөн, ата-бабаларды тартып калган эле. Алгачкы жана маймыл сымал аталарыбыздын генетикалык өзгөчөлүктөрү генетикалык репертуарыбызда сакталат. Кээ бир адамдар кадимкиден бир топ көп аталык өзгөчөлүктөргө ээ болуп төрөлүшөт. Кыймыл-аракеттери өтмүштүн кээ бир жапайы коомдоруна ылайыктуу болсо да, бүгүн мындай кыймыл-аракеттерди кылмыш деп атайбыз. Тубаса кылмышкерге боор оорушубуз керек, себеби өзүн башкара албайт...37

    Башкача айтканда, дарвинисттердин көз-карашы боюнча, бир адамдын башкаларды өлтүрүшү, аларга азап бериши, уурулук кылышы, уруш чыгарышы – ага калп маймыл атасынан генетикалык берилген бир мурас. Ошондуктан бул негизсиз догма боюнча, кылган кылмыштары ал адамга тиешелүү эмес жана ал айыпталбашы керек. Мындай акылга жана логикага сыйбас догмалардан байкалгандай, дарвинисттик көз-караш адам ээ болгон абийирди, эркти, чечим алуу, сындап туураны табуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарат жана адамды, айбандар сыяктуу, каалоолоруна жараша кыймыл-аракет жасаган, акылсыз бир макулук катары кабыл алат. Мындай бузуку түшүнүк, жырткыч бир арстан ичиндеги жырткычтыкты тизгиндеп, ачуусун жеңип, кечирип, сабыр көрсөтүү менен эрдик мамиле кыла албаган сыяктуу эле, адам да ошол жырткычтай кыймыл-аракет жасайт дейт. Мындай адамдар жашаган бир коомдун бейпилсиз, ишенимсиз, каргаша, уруш, талаш ичинде болоору анык.

    Дарвинист жана материалисттердин жаңылыштыгы боюнча, бүт аалам, анын ичинде адамдар да – хаостун жана кокустуктардын бир чыгармасы. Мындай негизсиз түшүнүктүн коомдордун аң-сезимине сиңирилиши менен өз алдынчамын деп ойлогон, жоопкерчиликсиз адамдар пайда болот. Максаты болбогон бир адам болсо ойлонбойт, өзүн өнүктүрүүнү максат кылбайт; бейкапар, шылдыңчыл, корс, эч нерседен таасирленбейт, абийирин колдонбойт, эч кандай чек жана эрежени кабыл албайт. Эч кандай эрдик жана суктанарлык нерсеси жок. Ал да өзүнүн бузуку түшүнүгү боюнча, өзүнө окшош өнүккөн бир айбан болгон башка жандыктар кылган сыяктуу бул дүйнөдө өз тамагын таба алышы, көбөйө алышы, кээ бир керектөөлөрүн камсыздаган соң, мүмкүн болушунча ырахат жана жыргал алуу үчүн аракет кылып, өлүмдү күтүшү керек. Бул – айбандар ааламынын жашоосунун адамга ылайыкташтырылган бир версиясы. Жана көңүл бурулса, канчалык адамдардын көпчүлүгү дарвинизмдин «илимий» детальдарын билишпесе да, дарвинисттер адамдарга сунуштаган мындай жашоону жашашууда.

    Бул адамдар бир тараптан максатсыз жана жок болуп кете турган бир жашоону жашап жаткандыктан улам абдан күчтүү бир пессимисттикке жана үмүтсүздүккө кабылышат. Өлүм менен бирге бүт нерсенин толугу менен жок болуп кетээрин ойлонуу бул адамдардын түнт, бактысыз болушуна себеп болот. Өзүн өзү өлтүрүү, психологиялык проблемалар, депрессиялардын түпкүрүндөгү себептердин бири да – дарвинисттик гипноздун (сыйкырдын) адамдардын психологиясына болгон мындай терс таасирлери.

    Бүт ааламды жоктон жараткан, чексиз күч-кудурет ээси болгон Раббибиздин бүт нерсени бир максат менен жаратканын унуткан же аны көрмөксөн болгон коомдор сөзсүз ахлактык жана руханий кыйроого кабылышат. Байлык, жыргалчылык, экономикалык өнүгүү бир өзү эч качан адамдарга бакыт жана бейпилдик алып келе албайт. Акылынын, абийиринин буйруктарын укпаган, өзүн жоопкерчиликсиз жана максатсыз бир жандык катары көргөн адамдарды дүйнөдө бактысыздыкка, үмүмтсүздүккө, пессимисттикке кабылткан көп нерсе бар. Эң негизгиси болсо бул - өлгөндө жок болуп кетем деп ойлогон бул адамдардын өлгөндөн кийин кабылган чыныгы жашоону көргөндө сезе турган бушаймандык, бактысыздык жана пессимисттик. Ал эми Аллахка жана акыреттин бар экенине ишенген бир адам чыныгы жашоонун дүйнөдө эмес, акыретте экенин билет. Дайыма Аллахтын ыраазычылыгына жана бейишине жетүү үмүтү жана кубанычы менен жашайт. Ар бир окуяда Аллахка тобокел кылат; ошондуктан эч качан үмүтсүздүк жана пессимисттикке кабылбайт.

    Байкалгандай, дарвинизм максат кылган дүйнө модели Ислам ахлагына эч туура келбейт жана эч кандай байланышы жок, демек экөөсү арасында бир орто жол табуу эч мүмкүн эмес. Себеби экөөсү бири-бирине толугу менен карама-каршы. Ислам дини адамдарга сунуштаган бардык ахлактык баалуулуктар дарвинисттик ахлак тарабынан жокко чыгарылууда. Дарвинизмде сүйүү, боорукердик, мээрим, бөлүшүү, жардамдашуу, муктажга жардам берүү, өз мал-жанын аябоо бир тоскоолдук, керексиз нерсе катары кабыл алынса, мындай ахлак өзгөчөлүктөрү Ислам ахлагынын негизин түзөт. Ошондуктан, өз ойлорунда дарвинизмди күнөөсүз көрсөтүүгө аракет кылган, Ислам дини менен «достошушу» мүмкүн деген сыяктуу жаңылыштыкка кабылган адамдар бул жөнүндө дагы бир жолу терең ойлонуп, дарвинизмге карата өзүн басынткан, алсыз жана пассивдүү мамиледен баш тартышы керек. Гезит, журнал, телевизорлордо көргөн эволюция пропагандасы болгон программалар, кабарлар, макалалар калп илимге жамынып чыккан аракет гана эмес, алардын терең мааниси бар. Дарвинизмди жактаган ар бир аракет бул темада маалыматы болбогон мээлерге багытталган уулуу бир октой коркунучтуу. Мындай уулуу пропаганданы токтотуу, коркунучтун чоңдугун байкоо жана бул коркунуч менен болгон илимий күрөштү кечиктирбөөнүн мааниси абдан чоң.

     

    Террор дарвинизм менен жашайт

    Акыркы жылдарда террор дүйнөнүн эң күчтүү өлкөлөрүн да коркута турган абалга келди. Эч кайсы өлкө террордук кол салуудан өзүн коопсуз сезе албоодо. Алынган чаралар, чыгарылган жаңы мыйзамдар, күчөтүлгөн аскердик чаралар бул коркунучту токтотуудан абдан алыс. Учурда бүт адамдар террордун канчалык чоң балээ экенин билет, бирок көп адамдар бул балээнин идеологиялык негизинин дарвинизм экенин билишпейт. Дарвинизмдин адамдардын аң-сезимине сиңирген «Адам – согушкан бир айбан» калпынын абдан таасирдүү экени анык. Дарвинизм адамдарга бир «дүйнө көз-карашы» жана «жол» сүрөттөөдө. Мындай бузуку дүйнө көз-карашынын жана жолдун негизги түшүнүгү болсо – «өзүнөн эместер менен согушуу».

    Дүйнөдө ар түрдүү ишенимдер, дүйнө көз-караштары, ар кандай философиялар бар. Булар же өздөрүнөн эмес адамдарга урмат көрсөтүп, алар менен диалог курууга аракет кылып, «адамгерчиликтүү» бир жол тандашы мүмкүн. Же болбосо, өздөрүнөн эместер менен согушуп, урушуп, аларга зыян берүү менен өз философиялары боюнча күчкө ээ болуу жолун тандашы, т.а. «айбандарча» аракет кылышы мүмкүн.

    Дүйнөдө террордун жайылышы – ушул экинчи жолдун тандалышынын бир натыйжасы. Ошондуктан, террор менен күрөшүүдө туура иш-чара – бул террордун негизги таянычын жок кылуу, т.а. дарвинизм менен илимий күрөшүү. Дарвинизм илимий кыйратылганда, калп илимий таянычы калбагандыктан, террористтик уюмдар кыйрап, терроризм балээси токтойт.

    Бирок, дарвинизм сакталууга аракет кылынып, дарвинисттик калптар адамдардын аң-сезимине сиңирилип окутулган сайын террордун токтошу эч мүмкүн болбойт. Бир тараптан мектептерде дарвинизмди окутуп, экинчи тараптан жаштардын террористтик уюмдарга киришине таң калуу – түшүнүксүз абал. Себеби бир адамдын террорист болушу үчүн алгач маңдайындагынын адам эмес экенине, уруштун табияттын бир мыйзамы экенине, өлтүрүүнүн кадимки бир нерсе экенине, эч кимдин алдында жоопкерчиликсиз экенине ишениши, б.а. дарвинист болушу керек. Жылдар бойу «аң-сезимсиз атомдор бир жерге чогулуп, жандууларды жараткан», «сен да бир зат жыйындысысың», ал тургай «бир айбан түрүсүң», «уруш болбостон алдыга жылуу болбойт» деген сыяктуу калптар менен чоңойгон бир адамга «сүйүү, толеранттуулук, мээрим, тынчтыкты сүйгөн» адам болууга чакыруунун бир мааниси жок. Же болбосо бул адамды «кантип, айоосуздук менен күнөөсүздөрдү өлтүрдүң» деп суракка алуу бир натыйжа бербейт. Мындай адамдан башкаларга урмат көрсөтүшүн, мыйзамдарга, мамлекетине баш ийишин күтүү маанисиз.

    Бир нерсени дагы бир жолу эске салуу керек, дүйнөдөгү киши өлтүрүүлөрдүн, айоосуз жасалган кылмыштардын, адамдарга жасалган зулумдуктун, террордун, бөлүнүүчүлүктүн, дин жана мамлекет душмандыгынын артында дарвинизм жана материализм билимин алган адамдар турат. Дал ушул себептен эң башта Батыш дүйнөсү болуу менен бүт дүйнөдө дарвинисттик билим берүү токтотулушу керек. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көпчүлүгү билим берүү системаларында материализм жана дарвинизмге абдан маани берип, жаштарга буларды үйрөтүү үчүн миллиондогон доллар коротушууда. Андан соң өлкөлөрүндө пайда болгон террор окуялары менен күрөшүү үчүн кайра миллиондогон доллар коротушууда. Мектептеринде, билим берүү мекемелеринде, университеттеринде дарвинист-материалист билим берилген, телевизор, гезиттеринде дарвинисттик пикир аң-сезимге сиңирилген бир өлкөдө «Анархия жана хаосту эмне үчүн токтото албай жатабыз?» деп суроонун кажети жок. Алгач дарвинист-материалист билим, тарбия берип, андан соң бул пикирдин «жемиши» болгон иш-аракеттеринен улам адамдарды суракка алган дүйнө өлкөлөрү чоң бир парадокс (карама-каршылык) ичинде.

    Чындыгында болсо террорду токтотууну чындап каалашкан болсо, анда алгач анархиянын жана террордун негизин түзгөн, адамзатка «урушту», күчтүүлөр жеңген бир «жашоо күрөшүн» өз оюнда туура көрсөткөн материалист-дарвинист билим берүүнү токтотуулары зарыл. Миллиондогон долларды материализм жана дарвинизмдин илимден алыс, жомокторго толо, чындыкка сыйбаган пикирлер экенин үйрөтүүгө жумшашканда, маселе тамырынан чечилет.

    Бул жерге чейин каралган маалыматтар дарвинизмдин канчалык чоң балээ экенин апачык көрсөтүүдө. Мындай чындыктарга карабастан, «дарвинизм эч кандай коркунуч жаратпайт» же «кыйрап бүттү» деп ойлогондор, бул жаңылыштыктарын чөйрөлөрүнө жайгандар бул теориянын өнүгүшүнө билип туруп же билбестен жардамчы болушат. Себеби мындай маалымат беришкенде, коомдо мындай коркунуч жок деген пикир пайда болот. Натыйжада дарвинисттик пропагандага, көз бойомочулук жана аң-сезимге сиңирүүлөргө каршы илимий жана пикирдик бир иммунитет пайда болбойт жана эч кандай чара алынбайт. Ошол эле учурда эволюция теориясын жактаган адамдар болсо эскирген, негизсиз маалыматтары менен болсо да өз ойлорунда даярдыктарын улантышат жана ар бир мүмкүнчүлүктө теорияларын болгон күчү менен жакташат. Ар түрдүү жасалмалык жана бурмалоолор менен болсо да пикирлерин кыйроодон сактоого аракет кылышат.

    Дин ахлагына каршы болгон, Аллахтын бар экенин жокко чыгарган ар кандай философияны илимий күрөш менен кыйратуу, чындыкты колдонуп батылды (негизсиз калпты) жок кылуу бүт Мусулмандардын маанилүү милдети. Мындай милдетке маани бербей, каапыр философиясы менен орток бир «келишимге келүү», каршы тарапка жол берүү же алардын пикирлерине моюн сунуу абдан чоң жаңылыштык болот. Ошондуктан эволюция калпына алданган кээ бир Мусулмандар өздөрү жактап жаткан философияны дагы бир жолу ойлонушу керек. Мисалы, коммунизм жайылган бир коомдо Мусулмандын милдети «коммунизмди Исламдаштырууга аракет кылуу» эмес. Бул эч кандай оң натыйжа бербейт, тескерисинче коммунизмге пайда алып келе турган, туңгуюк жол. Мусулмандын милдети – коммунизмди бир философия катары толугу менен кыйратуу, пикирдик жактан жыгуу жана мунун ордуна Ислам чындыгын ортого койуу. Ушул сыяктуу дарвинизмге каршы да Мусулмандын милдети «дарвинизмди Исламдаштырууга аракет кылуу» эмес, бул чоң калпты илимий кыйратуу, жыгуу жана мунун ордуна жаратылуу (креационизм) чындыгын койуу. Ушул себептен бүт Мусулмандардын ушундай аң-сезим менен аракет кылышы, дүйнөдөгү атеисттик философиялардын баарына таяныч болгон дарвинизмге колдоо көрсөтпөшү керек. Андай болсо, эң туура жол – бул билим берүү мекемелеринде, китептерде, массалык маалымат каражаттарында, коомдук платформдарда, кыскача айтканда, бүт жерде эволюция жомоктору менен дүйнө жаштарынын мээсинин жуулушуна жол бербөө жана аларды Куран жана илим сунуштаган акылдуулукка, терең ойлонууга багыттоо. 150 жыл уланганына карабастан, эч кандай илимий баалуулугу болбогон бул жасалма догманы жеңүү болсо оңой.

    Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн ыкластуу Мусулмандар эволюция теориясын кабыл алып, бул негизсиз теория менен Ислам дини арасында келишим жолдорун издеген, ал тургай ар кайсы чөйрөлөрдө бул теорияны жактаган болушу да мүмкүн. Бирок Мусулман катасын көрөөрү менен чындыкка багытталышы керек. Бул Ислам ахлагынын бир зарылчылыгы. Дарвинизмдин коомго болгон кыйратуучу таасирин билбестен бул теорияга жардамчы болуу менен теориянын кылымдар бойу алып келген зыяндарын көргөндөн кийин бул негизсиз ишенимге жардамчы болуу бир эмес. Эң туурасы жана эрдик мамиле – бул чындыктарды көргөндөн кийин ал адамдын ылдам аракет кылып, абийиринин үнүн угуп, мындай зыяндуу идеологияга каршы илимий күрөшкө жардамчы болушу. Мусулмандардын жалгыз бир дене болуп, дарвинизмге каршы жүргүзчү күрөшү эч шексиз абдан кыска мөөнөттө натыйжа берет, жана бул батыл теория тарыхтын караңгы барактарында өз ордун ээлейт. Жаңылыш пикирдеги адамдардын көгөрбөшүн, бир жаңылыштык менен дарвинизмди колдогон кээ бир Мусулмандардын чындыктарды көрмөксөн болбошун үмүт кылабыз.

     

    Дарвинизмдин терс таасирлери уланууда

    Китептин мурдакы бөлүмдөрүндө да көп жолу баса белгиленгендей, ыйман келтирген адамдардын кээ бирлери эволюция теориясы өтмүштө калды, бүгүнкү илим чөйрөсү тарабынан кабыл алынбайт, ошондуктан Мусулмандар үчүн анчалык коооптуу бир коркунуч жок деп ойлошот. Ушул себептен бул теориянын көз бойомочулуктарын, илимге сыйбас догмаларын, дүйнөгө алып келген чоң балээлерди ортого койууну өз ойлорунда маанисиз деп ойлошот. Дарвинизмдин адамдарды дин ахлагынан алыстаткан чоң бир балээ экенин түшүндүрүүдөн тынчсызданышат. Дарвинизм менен күрөшкөн адамдарды жана алардын дүйнө жүзүндө жүргүзгөн аракеттерин да өз ойлорунда керек эмес деп ойлоп, маанисиз көрүшөт.

    Чынында болсо бул адамдар абдан чоң бир жаңылыштык ичинде жана апачык чындыктарды көрмөксөн болуп жатышат. Алар ойлогондон тескерисинче, учурда эволюция теориясы, илим алдында болгон таянычтарын жоготконуна карабастан, бир гана идеологиялык тарабы себебинен көп адамдар тарабынан жакталууда. Көп өлкөдө, университеттерде, медиада жана билим берүү мекемелеринде дарвинисттер абдан таасирдүү. Болгондо да мындай таасир тынымсыз өсүүдө. Илимий чындыктар бул теорияны тарыхтын караңгы барактарына көмсө да, дарвинизмге жакындык ошол бойдон уланууда. Материалист жана атеист дүйнө көз-карашынын жасалма илимий таянычын түзгөн эволюция теориясы кандай баага турса да, белгилүү чөйрөлөр тарабынан тынымсыз колдоого алынууда. Дарвинизмдин материалисттик максаттар менен колдоо көргөнүн эволюция теориясын сындаган илимпоздордун бири америкалык профессор Phillip Johnson (Филлип Жонсон) марксист зоолог Richard Lewontin (Ричард Левонтин)дин пикирлерин колго алган бир макаласында мындайча түшүндүрүүдө:

    Дарвинизм философиялык жактан тарапсыз болушу керек болгон (илимий) далилдерге эмес, материализмге болгон «априори» (мурдатан кабыл алынган, туура деп гипотеза кылынган) жакындыкка таянат. Философияны илимден бөлгөнүбүздө, бой көтөрүү мунарасы жыгылат. Коомчулук муну толугу менен түшүнгөндө, Левонтиндин дарвинизми илимий басмадан өчүп баштайт жана тарыхтын чаң баскан текчелеринде Левонтиндин марксист пикирлеринин жанында өз ордун табат.38

    Эволюционисттер илим дүйнөсүндө бир диктатордук система курушкан. Илимий эмгектерде да, медиада да бир тараптуу жоромолдор жасалууда жана эволюция теориясы так бир чындык сыяктуу сунулууда. Өзгөчө абдан көп коомчулукка таасири күчтүү болгон медианын бир бөлүгү эч тиешеси жок табылга жана темаларды да эволюциянын жаңы бир далили сыяктуу көрсөтүүдө. Мындай кабарлар аркылуу чындыктар бурмаланып, адамдар алданышууда. Дүйнөнүн көп өлкөсүндө мектеп жана университеттерде дарвинист мугалимдерге колдоо көрсөтүлүп, Аллахка ишенген илимпоздорго болсо илимий карьерада тоскоолдуктар жаратылууда. Дарвинизмди жокко чыгарганы үчүн көп адамдардын китептери, макалалары илимий басмаларда орун албоодо, бир тараптан да эч чындыкка коошпосо да «артта калгандык» деген айып тагылууда. Көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө эгер бир илимпоз илимий карьера кылгысы келсе, дарвинисттик жомокторго көз жумушу, ал тургай буларды кааласа каалабаса жакташы керек. Антпесе илимий карьерасында жогорулашы, ал тургай иштеп жаткан университетте калышы да өтө оор.

    Биохимия профессору Micheal Behe (Майкл Бехе) илим дүйнөсүндө материализмдин өкүмчүлүк кылганын жана илимдин калкка кандайча чагылдырылганын мындайча баяндайт:

    Ааламдын кандайча иштеши менен байланыштуу дээрлик бардык маалыматтар эч нерсеге карабастан, алгач катуу бир материалисттик фильтрден өткөрүлөт. Андан соң элге сунулат... Илимий китеп, макалалар толугу менен бул түшүнүктү чагылдырат. Эмгектер көбүнчө, жалпы болсун, конкреттүү темалар болсун, табияттын билинген жана ишенимдүү болунган иштеши жөнүндө сөз кылат. Мектеп китептери бул пикирди окуучуларга жеткирип, милдетин аткарган болот. Бул аныктамалар боштуктар же жообу табылбаган суроолор жөнүндө эч сөз кылбайт. Мунун ордуна, бүт нерсе белгилүү, жок дегенде дээрлик бүт нерсе белгилүү жана лабораторияларда текшерилген деген сыяктуу көрүнүш жаратат. Эгер теорияга туура келбеген бир далил бар болсо, анда ал теория жөнүндө эмес, далил жөнүндө шек жаралат... Маселе – бул логикага сыйган пикирлерге таянбаган, коомдук басым менен жайылтылган материализм.39

    Micheal Behe да көңүл бурган дарвинисттердин мындай мамилеси эволюционист Frank Harold (Френк Харолд)дун The Way of The Cell (Клетканын кыймылы) китебинде ачык айтылат:

    Бир принцип маселеси катары, кокустук жана зарылчылыктардын ордуна акылдуу бир системанын кабыл алынышына каршы чыгышыбыз керек. Бирок башка тараптан, дарвинист жоромолдордун кандайдыр бир биохимиялык системаны түшүндүрүүдөн абдан алыс экенин, булардын бир гана мындай болушун каалаган спекуляциялардан гана тураарын кабыл алышыбыз керек.40

    Байкалгандай, Harold эволюция теориясынын жандуулардын пайда болушун түшүндүрө албашын кабыл алууда, бирок ааламдагы жана жандуулардагы системаны жараткан Жогорку бир Акылдын, т.а. Аллахтын бар экенин кабыл албоодо. Бул «принциптерге» туура келбейт деп айтууда. Frank Harold сөз кылган принциптер – бул материалисттик принциптер жана илим дүйнөсүндө абдан кеңири жайылган.

    Phillip Johnson (Филлип Жонсон) болсо эволюция теориясынын диний ишенимдерге каршы кандайча бир курал катары колдонулганын мындайча баяндайт:

    Заманбап илимдин лидерлери өздөрүн бир Жаратуучунун бар экенин кабыл алгандарга каршы киришилген бир согуштун алдыңкылары катары көрүшүүдө... Дарвинизм болсо бул согушта орду толгус бир идеологиялык ролду ойноодо. Дал ушул себептен, учурда илим чөйрөлөрү дарвинизмди илимий текшерүүнү эмес, эмне болсо да коргоону өздөрүнө максат кылып алышкан. Илимий изилдөөнүн эрежелери да бул идеологияны тастыктай турган абалда аныкталууда.41

    Johnson да айтып кеткендей, эволюционист илимпоздор академияларда, университеттерде бир «диктатура» куруп алышкан. Бул адамдар кээ бир университеттерди дарвинисттик билим берүү уяларына айландырышууда жана ал жерлерде материалисттик философияны илим деп ойлогон адамдар даярдалууда. Динге ишенген адамдар болсо илимий карьера жасабашы керек деп ойлонушууда. Мунун эң так көрсөткүчтөрүнүн бирин Түркиянын эволюционисттеринен профессор, доктор Али Демирсой «Эгер бир илимпоз кандайдыр бир абалда Теңирге ишенсе, университетте турбашы керек. Аллахка ишенгенди университеттен айдайм» сыяктуу сөздөрдү айтуу менен, алдын ала шартталган көз-карашын толук ачык көрсөткөн.

    Ыйман келтирген илимпоздордун креационизмдин илимий далилдерин ортого коюшу илим дүйнөсүнүн көпчүлүгү, өзгөчө материалисттик философия өкүмчүлүк кылган мекеме жана академиялар тарабынан тескери бир реакция менен кабыл алынууда, бирок бул чөйрөлөр атеизм же материализм пропагандасы жасалышына эч каршы чыгышпоодо. Phillip Johnson бул абалды мындайча сүрөттөйт:

    Академия (Америка Улуттук Илимдер Академиясы) Richard Dawkins (Ричард Доукинс) илимий авторитетин колдонуп, атеизмди колдогондо же Carl Sagan (Карл Саган) Cosmos сериалында «ааламдын чексиз мурдатан бери бар экенин жана дайыма бар болоорун» айтканда, терс кабыл албайт. Тескерисинче, Академия Саганды медаль менен сыйлады.42

    Балким кээ бир ыйман келтирген адамдар бул чындыктарды билбеген үчүн окуяларды туура эмес бир оптимисттик маанайда баалашып, ушул себептен дарвинизмди өз ойлорунда кооптуу көрбөй жатышы мүмкүн. Чынында болсо сөз кылынып жаткан материалист жана атеист чөйрөлөр дарвинизмден алган калп илимий колдоого таянып, дин ахлагына жана диндарларга каршы олуттуу күрөш жүргүзүшүүдө. Дүйнөнүн төрт тарабындагы Мусулмандар материалист, атеист, каапыр чөйрөлөрдүн зулумдуктарына, басым жана кысымчылык саясатына кабылышууда. Мусулмандар бул дарвинисттик диктатордук себебинен диндерин жашай албас, пикирлерин айта албас, чындыктар жөнүндө сөз кыла албас абалга келишүүдө. Дал ушул себептен «дарвинизм кооптуу эмес» деген Мусулмандар ылдам мындай жаңылыштыгынан алысташы керек. Бүт дүйнөдө эволюция теориясы аркылуу дин ахлагына каршы олуттуу бир ой-пикирдик кол салуу жасалып жатканда, бул теорияны кооптуу эмес деп айтуу жана дарвинизмди зыянсыз көрүү абдан чоң жаңылыштык болот.

     

    Дарвинизм адамдарды алдоосун

    улантууда

    Бир нерсени унутпаш керек, дарвинизм дүйнөлүк масштабда уюшулган бир аракет. Өзгөчө Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн көп бөлүгүндө, Россияда, Кытайда жана башка көп өлкөлөрдө эволюция теориясы элдин көп бөлүгү тарабынан кабыл алынууда, жаратылуу (креационизм) чындыгы болсо жокко чыгарылууда. Дүйнөнүн төрт тарабындагы университеттерде эволюция теориясы жалгыз жарактуу теория деп кабыл алынууда, башталгыч класстан баштап мектептерде окуучуларга эволюция теориясы жалгыз чындык сыяктуу окутулууда. Жаратылуу чындыгынан сөз кылууга көп өлкөдө тыюу салынган. Бул абал көп жылдардан бери уланууда. Өзгөчө Европа өлкөлөрүндө жасалган анкеталар Франция, Германия, Англия баш болгон көптөгөн өлкөлөрдө адамдардын көпчүлүгүнүн эволюция теориясын илимий бир чындык катары кабыл алганын аныктады. Эволюция калпына алданган бул адамдар Аллахка ыймандан жана дин ахлагынан да алыстоодо.

    Дүйнө жүзүнө таанымал илимий журналдардын бири Nature'да жүргүзүлгөн бир изилдөө боюнча, бүгүнкү күндө илим дүйнөсү тарых боюнча эч болбогондой даражада Аллахтын бар экенин жокко чыгарууда. Америка Улуттук Илимдер Академиясы мүчөлөрү арасында жасалган бир изилдөөдө болгону 7% мүчөнүн Аллахтын бар экенине ишенгенин, калган 93%ынын болсо атеист экенин баяндаган. Мындай жыйынтыктарга таанымал эволюционист биолог Ernst Mayr (Эрнст Майр) төмөнкүдөй жоромолду жасаган: «Жыйынтыкка таянсак, баарыбыз атеистпиз.»43

    Бул абал, мурда да айтылгандай, кээ бир ыймандуу адамдар айткандын толугу менен тескери абалды бизге көрсөтүүдө. Дарвинизм дагы эле көп чөйрөлөргө таасир берүүдө жана илим чөйрөсүндө да өкүмчүлүк кылган көз-караш. Болгондо да бир гана илимий бир теория эмес, адамдарды Аллахка ыймандан алыстаткан эң маанилүү себептердин бири. Nature'да чыккан бул изилдөө 1914-жылы жасалып, Аллахка ишенгендердин үлүшү ал кезде 35,2% деп аныкталган. Арадан өткөн 90 жылда илимпоздордун көп бөлүгү Аллахка болгон ишенимден дээрлик толугу менен алыстап, материалист жана атеист бир философияга ээ болушкан. Бул доордун эволюция теориясынын илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк кылган доор болушу – бул жерде көңүл бура турган эң маанилүү жагдай.44

    Дүйнөнүн экономика жана саясатында таасирдүү болгон кээ бир Азия өлкөлөрүндө да ыймансыздык абдан жайылган абалда. Булардын башында Кытай турат. Кытайда элдин 71%ы өзүн динсиз же атеистмин деп айтууда.45 Өзгөчө Европа өлкөлөрүндө орун алган дин ахлагынан алыстоо акыркы жылдары ар түрдүү изилдөө, китеп жана макалаларга тема болууда. Европанын Христиандык тамырынан баш тартышы, чоң ылдамдык менен дин ахлагынан алысташы, атеизмдин күчөшү, чиркөөгө жакындыктын абдан алсыздашы, Америкада күчөгөн дарвинизмге каршы эмгектерге Европада көңүл бурулбашы, мектептерде эволюция теориясынын окутулушу темасында Европа өлкөлөрүндө чечкиндүү бир мамиленин орун алышы жана каршы пикирлердин болушуна эч мүмкүндүк берилбеши бул эмгектердин негизин түзүүдө. Associated Press чыгарган бир изилдөөдө Батыш Европада ыймансыздыктын өсүп баратканы аныкталган. Бул изилдөө алган жыйынтыктар боюнча, Франция диний баалуулуктардын ачык айтылышына эң көп каршы чыккан өлкө жана өлкөдөгү атеисттердин үлүшү орточо 19%. Ушул эле изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, мынчалык көп атеист жашаган дагы бир өлкө - Түштүк Корея.46

    Мындай талаштар Европа Биримдигинин конституциясынын жазылышы учурунда абдан өскөн. Бул конституцияда диний ишенимдерге байланыштуу эч кандай сөз болбошу диндар чөйрөлөрдүн каршы чыгышына себеп болгон, бирок мындай каршы чыгуулар толугу менен терс жооп алган. Ватиканда жасалган расмий билдирүүлөрдө болсо учурдагы Европанын Христиандык баалуулуктарга таянган бир коом көрүнүшү бербегени айтылган.47 CBN'де орун алган "Is Europe The New 'Dark Continent'?" (Европа жаңы «караңгы континентпи»?) темалуу макалада 1000 жыл бою Христиан маданиятынын борбору болгон Европада эми бул доордун бүткөнү айтылган жана ар кандай адистердин пикирлерине орун берилген.48 The Cube and the Cathedral: Europe, America, and Politics Without God (Купол жана чиркөө: Теңирсиз Европа, Америка жана саясат) аттуу китептин автору жана Вашингтондогу Ethics and Public Policy Center (EPPC – Этика жана коомдук саясат борбору)нун башкаруучуларынын бири  George Weigel (Жорж Виегел) Европада атеисттиктин өсүшүн бир репортажында мындайча жоромолдогон:

    Европалык өзүн модерн жана эркин боло алуу үчүн радикалдык секуляр (динсиз) болуш керек деп шарттап алган. Мындай шарт коюунун Европадагы жашоо жана маданиятка абдан маанилүү жана, албетте, кыйратуучу таасири бар. Европанын ахлактык баалуулуктарындагы кризистин түбүндө бул көз-караштын жана коомдо жараткан маселелердин таасири турат.49

    БУУ тарабынан жүргүзүлгөн бир анкета болсо Европа өлкөлөрүндө дарвинизм жана атеизмдин жогорулашын көрсөткөн далилдердин дагы бирөөсү. Анкета боюнча, Европалыктардын болгону 18%ы адамды Аллах жаратканына ишенүүдө, 82%ы болсо адамдар башка түрлөрдөн (айбандардан) эволюциялашып пайда болду деп ойлоодо. Өлкөлөрдү бир-бирден анализ кылганда абал төмөнкүчө:

    - Германия: 35%ы Католик, 36%ы болсо Протестан болгон калктын 14%ы гана Жаратылууга (Аллах жаратканына) ишенүүдө.

    - Франция: Жаратылуу чындыгына ишенгендердин үлүшү дээрлик 18%. Францияда атеисттердин үлүшү 19% тегерегинде.50

    - Англия: Элдин 20%ы Жаратылууга ишенүүдө. Эволюция теориясына ишенгендер болсо 2006-жылдын 26-январында жасалган бир изилдөө боюнча дээрлик 50% тегерегинде. Мектептерде жалаң гана эволюция теориясы окутулушу керек дегендердин үлүшү болсо 70%.51 Жүргүзүлгөн изилдөөлөр Англиянын абдан бат ыймансыз бир өлкө болуу жолунда баратканын, бир гана мигранттардын диний ишенимдерин жашаганын, англис калкынын болсо динден алыстаганын көрсөтүүдө. Гезитте орун алган бир кабар боюнча Англияда мектептерде атеизмдин окутулушу пландалууда.52

    - Испания: Калктын маанилүү бөлүгүн Католиктер түзгөн Испанияда адамдарды Аллах жараткандыгы чындыгына ишенгендердин үлүшү 13%.

    - Норвегия: Жаратылууга ишенгендер коомдун 19%ын түзүүдө.

    - Финляндия: Жаратылууга ишенгендердин үлүшү 16%.

    - Швеция: Аллах адамдарды жаратканына ишенгендердин үлүшү 12%.

    - Дания: Калктын 9%ы Жаратылууга ишенүүдө.

    - Бельгия: Жаратылуу чындыгына ишенгендердин үлүшү 10%.

    - Швейцария: Калктын 24%ы Жаратылуу чындыгына ишенүүдө.53

    Төмөнкү таблицада болсо Европа өлкөлөрүндө атеист жана динсиздердин жалпы калктагы үлүшү көрсөтүлгөн:

     

    Өлкөлөрдөгү атеист жана ыймансыздардын үлүшү

    Швеция                                                               46-85 

    Дания                                                                  43-80 

    Норвегия                                                            31-72 

    Чехия Республикасы                                         54-61 

    Финляндия                                                         28-60 

    Франция                                                             43-54 

    Германия                                                            41-49 

    Венгрия                                                              32-46 

    Голландия                                                          38-44 

    Англия                                                                31-44 

    Бельгия                                                               42-43 

    Швейцария                                                         17-27 

    Австрия                                                              18-26 

    Испания                                                              15-24 

    Греция                                                                16      

    Италия                                                                  6-15 

    Булак: http://www.pitzer.edu/academics/faculty/zuckerman/atheism.html

    Бул маалыматтар илимий далилдердин эволюцияны жокко чыгарганын, дарвинизмдин жомоктон башка нерсе эмес экенин, илим көрсөткөн чындыктын Жаратылуу экенин түшүндүрүүнүн маанисин дагы бир жолу далилдөөдө. Адамдарды Аллахтын, акыреттин жана сурак күнүнүн бар экенине ишенүүдөн, Аллах ыраазы боло турган негизде жашоодон тоскон дарвинисттик дүйнө көз-карашынын кыйратылышы үчүн бүт Мусулмандардын биригип, кеңири масштабдуу бир илимий күрөш жүргүзүшү абдан зарыл. Мындай иш-аракеттерге тоскоол болуунун, маанисиз көрүүнүн же көрсөтүүнүн болсо чоң жаңылыштык экени анык.

     

    16. Alister McGrath, The Twilight Of Atheism, s. 98
    17. Carl Cohen, Communism, Fascism and Democracy, New York: Random House Publishing, 1967, ss.408-409
    18. www.trueorigin.org/holocaust.html
    19. Adolf Hitler, Mein Kampf, München: Verlag Franz Eher Nachfolger, 1993, s. 44, 447-448; A.E. Wilder Smith, Man's Origin, Man's Destiny, The Word For Today Publishing 1993, s. 163, 164
    20. Henry Morris, The Long War Against God: The History and the Impact of the Creation, Evolution, Conflict, 8.baskı, Michigan: Baker Book House, Mart 1996, s. 81
    21. http://www.fixedearth.com/hlsm.html
    22. Max Nordau, The Philosophy and Morals of War, North American Review 169 (1889):794 cited in hofstadter, social darwinism, s.171)
    23. Conway Zirkle, Evolution, Marxian Biology and the Social Scene, Philadelphia; the University of Pennsylvania Press, 1959, s.527
    24. Marx ve Engels, Mektuplar, s. 426
    25. Marks Engels, Mektuplar, cilt 2, s.126
    26. Conway Zirkle, Evolution, Marxian Biology, and the Social Scene (Philadelphia: University of Pennsylvania Press, 1959), ss. 85-87.
    27. Engels, Ütopik Sosyalizm-Bilimsel Sosyalizm, Sol Yayınları, 1990, s.85)
    28. Gertrude Himmelfarb, Darwin and the Darwinian Revolution, London: Chatto & Windus, 1959, s. 348
    29. Karl Marx Biyografi, Öncü Yayınevi, s. 368
    30. K. Mehnert, Kampf um Mao's Erbe, Deutsche Verlags-Anstalt, 1977
    31. http://www.fixedearth.com/hlsm.html
    32. Robert Milner, Encyclopedia of Evolution 1990 s.81
    33. Komünizmin Kara Kitabı, s. 17
    34. P.J. Darlington, Evolution for Naturalists, 1980, s. 243-244
    35. Ken Ham, The Lie Evolution, 15. Baskı, Master Books, Nisan 1997, s. 84
    36. Theodosius Dobzhansky, Ethics and Values in Biogical and Cultural Evolution, Zygon, the Journal of Religion and Science, Los Angeles Times'da yayınlandığı şekliyle alınmıştır, bölüm 4 (Haziran 16, 1974), s. 6; (That Their words, s.413)
    37. Stephen Jay Gould, Ever Since Darwin, s. 223
    38. Phillip E. Johnson, The Unraveling of Scientific Materialism. First Things: A Monthly Journal of Religion and Public Life. Issue: 77, November 1997, 22
    39. First Things: A Monthly Journal of Religion and Public Life, Issue: 158; December 2005
    40. First Things: A Monthly Journal of Religion and Public Life, Issue: 158; December 2005
    41. Phillip E. Johnson. Darwin On Trial, Intervarsity Press, Downers Grove, Illinois, 2nd ed, 1993, s. 155 
    42. Phillip E. Johnson , Overestimating the Power of Science, Commonweal. Volume: 125. Issue: 11, June 5, 1998, s.15.
    43. Phillip Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 65
    44. http://members.shaw.ca/tfrisen/Science/scientistbelieving/scintist.htm
    45. http://library.thinkquest.org/18802/factchin.htm 
    46. http://www.carnegiecouncil.org/viewMedia.php/prmID/5216
    47. http://www.time.com/time/europe/html/030609/religion.html
    48. http://www.cbn.com/CBNNews/News/040301a.asp
    49. http://www.albertmohler.com/commentary_read.php?cdate=2005-06-01
    50. http://www.iht.com/articles/2005/06/06/news/religion.php
    51. http://news.bbc.co.uk/1/hi/sci/tech/4648598.stm
    52. http://www.sabah.com.tr/2004/02/16/dun108.html
    53. http://www.geocities.com/fedor_steeman/Europe.html

     

    Харун Яхьянын "Дарвинизм менен күрөшүүнүн маанилүүлүгү" китебинен алынды.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *