Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Э. Ибраимова: Эсептөө палатасы коррупциялык жосундарды жоюу максатында аудиттин эл аралык стандарттарына өтүп жатат
18 06 2015 12:53
Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова бүгүн, 18-июндагы парламенттик жыйында өзү жетектеген мекемедеги коррупциялык жосундарды жоюу максатында аудиттин эл аралык стандарттарына өтүп жатканын айтты.
«Бул багытта Дүйнөлүк банк менен бирге бюджеттик мекемелер менен уюмдарга каржылык текшерүү жүргүзүүнүн жаӊы стандарттары менен усулдарын иштеп чыктык», - дейт Э.Ибраимова.
Анын айтымында, Эсептөө палатасынын ишин жакшыртуу багытында Дүйнөлүк банк 630 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Келишимге ылайык, каражат кызматкерлердин кесипкөйлүк деӊгээлин көтөрүү, иш усулдарын жакшыртуу багытына жумшалмакчы.