Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Э. Жумалиева: Мугалимдердин арасында нааразычылыктар көп болууда
19 06 2015 13:09
Мугалимдердин арасында нааразычылыктар көп болууда. Мындай маалыматты ЖКнын жыйынында «Республика» фракциясынын депутаты Эльмира Жумалиева билдирди.
Анын айтымында, айрымдар Билим берүү министрине телефон чалсак албайт дешүүдө. «Мугалимдердин айлыгын, саатын карап көтөргөн жакшы, бирок мугалимдердин саатын кыскартып жаткан учурлар болуп жатыптыр», - деп Э. Жумалиева билим берүү министрине кайрылды.
Ал эми министр Эльвира Сариева саатка карата айлык көтөрүлүп жатса кыскартылбаш керек экенин айтты.