0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ПартияNews - Новости

    «Эмгек» партиясы айыл чарбасына барандуу салымын кошууда

    14 04 2015 14:24

    Чүй өрөөнүнүн дыйкандарынын жазгы талаа иштерин бүткөрүүдө техника менен камсыз болуусу бир топ жеңилдеди. Анткени “Эмгек” партиясы Аламүдүн районунун “Көк Жар” айылында жаңы техникалары бар МТС ачты. МТСтин жетекчиси Эркин Салымбековдун маалыматына караганда, бул жерде  8 трактор, 3 комбайн, 4 соко, 4 пресстөөчү техника, 4 үрөө себүу техникасы бар.

    Жаңы МТС Чүй областынын бир топ аймактарында айдоо себүү жумуштарына активдүү катышты. Техника жаңы болгондуктан миң гектарга жакын аянтты жазгы талаа иштери өтө сапаттуу жана жогорку деңгээлде бүткөрүлдү. Трактор айдаган Асеин Кененбаев белгилегендей, бул тракторлордун сапаты өтө жогору.

    Кыргызстанда жумушсуздук күчөп турганда жаңы иш орундарды түзүү өтө маанилүү. МТСте бир топ жергиликтүү тургундар ишке орношуп жогорку айлыктуу кызматка орношту. Арасында жаштар да бар. Асеин уулу Жакшылык бул комбайндардын өзгөчө компьютер менен коштолгонуна ыраазы болот. Бул жерде иштеп акча гана таппастан, көңулдөнүп эмгектенесиң.

    Эми бул техникалар жакын арада Нарын областынын бир нече райондоруна жөнөтүлөт. Ал аймактагы дыйкандар заманбап техника менен жазгы жумуштарын бүтүрө алышат. “Биз Кочкор жана Ат Башы райондорунун дыйкандарына май айында баштала турган  айдап, себүу иштерине жардам беребиз” – дейт Эркин Салымбеков.

    “Эмгек” партиясы МТСти ачуу менен Кыргызстандын айыл чарбасын акыркы үлгүдөгү техника менен камсыз кылууга, өзгөчө жаштарды иш менен камсыз кылууга конкреттүү кадам таштады.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *