0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews - Новости глазами граждан

    Энергия биримдиги жана жалгыздатылган Россия

    Энергия биримдиги жана жалгыздатылган Россия
    18 10 2014 13:17

    Дүйнөлүк согуштардан кийин өнүккөн өлкөлөрдүн эң негизги артыкчылыгы колониялары эле. Согуштардын зыяндарын колония өлкөлөрдүн ресурстары менен жабууга аракет кылынып, өнөр-жайлар ошонун негизинде курулган. Колониясы жок өлкөлөрдүн ыкмасы болсо басып алуу эле. Көп аймактарда чек аралар жаңы чийилип, согуш бирден бир жол катары көрүлчү. Басып алуу жана башка аймактарды өзүнө кошуп алуу оңой эле.

    Басып алуу жана кошуп алуулар кыйындап, өлкөлөр көз-карандысыздыкка жетип, демократия тамырлап, «өнүгүп келе жаткан өлкөлөр» өздөрүн көрсөткөн 20-кылымдын экинчи жарымында болсо абал өзгөрдү. Колониялар иш жүзүндө көп өлкөлөр үчүн бар болгону менен, ачык жасалбай калгандыктан, кызматташуу жана биримдик түзүү өтө маанилүү болуп калды. Мурдакы советтик өлкөлөр Россиянын чийки заты менен өнөр-жай товарларынын Батышка агышына көмөкчү болуп, Батыш да Россияга кире ала баштады. Жана эки тарапты тең бир-бирине мажбур кылган ушунчалык маанилүү бир сөз бар эле: энергия. Кансыз согуштун бүтүшүндө жана идеологиялардын өзгөрүшүндө энергиянын роль ойногонун көрбөй коюу мүмкүн эмес эле.

    Украина кризисинин көптөр ойлогондой жаңы бир кансыз согушка айланышы мүмкүн эмес. Себеби энергия биримдиги эми өлкөлөрдүн бир-биринен бөлүнүшүнө мүмкүндүк бербейт. Россиянын Украина жана Крым темасында өзүнө өтө ишенишинин жана АКШнын буга күчтүү бир жаза бере албашынын да себеби ушунда. Украина аркылуу чоң бир энергия күрөшү жүрүп жатат жана бул күрөштө Россия күчтүү тарап.

    Европа Биримдигине (ЕБ) табигый газдын 40%дан көбү учурда Россия тарабынан берилүүдө. Бул муктаждык келечекте мындан да өсөт жана ЕБ өлкөлөрү Россиядан көз-каранды болуудан тынчсызданышууда. АКШдан суюкташтырылган табигый газды импорттоо инфраструктура талап кылгандыктан, узун мөөнөттүү бир план болмокчу. Табигый газ коридору Түркия болсо мына ушул жерде роль ойноодо.

    Түркия да, ЕБ сыяктуу, энергиядан көз-каранды бир өлкө; бирок жолдун кайчылашкан жеринде жайгашкан. Түркия аркылуу 3 негизги коридор бар:

    1. Ирак мунайзаттары. Түркиянын Ирак Күрт автономдуу аймагы менен болгон соодалашууларынын көптөн бери уланып жатканы белгилүү. Бул шарттарда АКШнын Ирак борбордук бийлигине мунун чечүү жолун оңойлото турган таасир тийгизиши ыктымал көрүнүүдө.

    2.  TANAP долбоору. Түркия-Азербайжан келишими натыйжасында башталган TANAP долбоору аркылуу Европага табигый газ агышынын 2018-жылы башталаары күтүлүүдө.

    3. Израил-Түштүк Кипр табигый газы. Чыгыш Жер ортолук деңизде жайгашкан, бирок ташуу мүмкүнчүлүгү болбогон бул табигый газды Европага жеткирүү үчүн Кипр маселеси чечилип, Израил-Түркия мамилелери оңолушу керек. Бул эки маселенин чечилиши натыйжасында Ортоңку Чыгышка да, Европага да байлык агаары анык.

    Бүт бул тең салмактуулуктарды Россия жагынан караганыбызда болсо башка жагдай келип чыгат. Украина маселеси Батыш үчүн бир энергия урушу болушу мүмкүн, ал эми Россия үчүн мунун өзгөчө бир мааниси бар. Россия досторунан, аскердик базаларынан, өз жарандарынан ажырап калуудан коркууда. Россиянын алгач Сириядагы, анан Украинадагы мамилесин Батыш эч качан бул көз-караш менен көрө алган жок. Көрө албаганы үчүн Россияга «мурдакы союздаштарыңдан ажырабайсың» деп кепилдик берип, маселени достук менен чечүүнүн ордуна, жазалар менен жооп берди. Батыштын проблемасы дүйнөнүн өзгөргөнүн байкабай, маселелерди илгерки жатталып калган ыкмалар менен чечүүгө аракет кылуу болду. Бирок бул ыкма эми ишке жарабайт; дүйнө биримдик курууга мажбур.

    Энергиянын Түштүк-Түндүк Кипр, Түркия-Израил сыяктуу өлкө маселелеринин чечилишине себепчи болушу жакшы көрүнүш; бирок энергияда жаңы жолдорду табууда башка өлкөлөр четке түртүлбөшү керек. Өлкөлөр маселелерин кансыз согуш доорунун ыкмалары менен эмес, биримдик жана ынтымак менен чече алаарын көрүшү зарыл.

    Бул бир энергия согушу эмес, энергия биримдиги болушу керек. Бөлүнүү алсыздыкка алып келет. Биримдик болсо анын мүчөлөрүн өнүктүрүп, күчтөндүрөт.

    Аднан Октардын (Харун Яхьянын) Arab News'да жарыяланган макаласы:

    http://www.arabnews.com/news/557836

    http://www.harunyahya.org/tr/Makaleler/185054/Enerji-ittifaki-ve-yalniz-birakilan-Rusya-

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *