0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) А. Акматалиев: «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» куру сөздөрдүн эмес, реалдуу, конкреттүү иштердин партиясы

    (интервью) А. Акматалиев: «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» куру сөздөрдүн эмес, реалдуу, конкреттүү иштердин партиясы
    25 09 2015 11:18

    Алмазбек Акматалиев Ат-Башыдагы №2 -мектепти бүтүргөндөн кийин, Казак Мамлекеттик Университенин (Алматы шаары) философия-экономикалык факультетин кызыл диплом менен аяктаган. Кийин Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетин бүтүрүп, экинчи жогорку билимге ээ болгон. Нарын облусунда 18 жыл эмгектенген. Анын ичинде губернатордун орун басары, Нарын районунун акими, облустук Кеңештин төрагасы, 11 жыл Нарын Мамлекеттик Университетинин ректору болуп иштеген.

    - «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясына токтолгонуңуздун себеби эмнеде?

    - Себеби бул партия куру сөздөрдүн эмес, реалдуу, конкреттүү иштердин партиясы. Партиянын лидерлери А.Салымбеков жана А.Мадумаров чыныгы патриот, мекенчилдер. Алар өзүнүн тегерегине да мамалекеттин тагдырына кайдыгер карабаган, «өз үчүн эмес өлкө үчүн» күйгөн адамдарды топтошту. Партиянын прогрессивдүү идеяларды камтыган программасы бар. Ошондуктан, биздин партия шайлоонун жыйынтыгы менен татыктуу орунду ээлейт деген терең ишенич бар. Мен буга ишенем жана өз салымымды кошууга даярмын.

    - Билим берүү тармагында азыр кандай иш жасалыш керек ?

    - Эми бул суроого кыска жооп берүү мүмкүн эмес. Бирок мен айтаар элем: Кыргызстандын баардык көйгөйлөрүнүн башаты жана себеби билим тармагында жатат. Булакты башынан булгап алдык. Кайра башынан тазалоо керек.

    - Аны тазалоонун жолдору кандай ?

    - Жолдору бар, ал жолдор эчак эле аныкталган жана көп мамлекеттерде ишке ашырылган. Бул тармак бүгүнкү күндө мамлекеттин өзгөчө көңүлүн талап кылат жана терең, чечкиндүү реформага муктаж. Эң биринчи буга бийликтин туруктуу саясий эрки керек. Сапаттуу билим берүү үчүн өкмөттүн, окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин жоопкерчилиги кескин көтөрүлүшү абзел. Бул тармакта чыныгы конкуренция орун алыш керек жана мугалимдик кесип эң престиждүү, эң абройлуу, эң сыйлуу кесипке айланышы зарыл. Курсагы ачка, коомдогу орду төмөн мугалим эч качан жакшы билим бере албайт.

    - Депутат болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

    - Ар бир ишти сенин идеяларыңды колдогон, көз караштары төп келген, бирдей багытта талыкпастан иштегенге даяр команданы түзүүдөн баштоо керек. Муну менин көп жылдык жетекчилик тажрыйбам ачык-айкын көп жолу далилдеген. Себеби, «жалгыз дарак токой болбойт» дейт. Жогорку Кеңеш – бул коллективдик орган, ошого жараша иш кылыш керек. Элибизде «Караңгы түндү каргагандан көрө, бир шамды жагып койгон артык» деген жакшы сөз бар. Менин максатым да өз мамлекетиме, өз элиме татыктуу эмгек кылуу.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *