0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) Ж. Назаралиев: «Жакынкы келечекте Кыргызстанда эч кандай революция болбойт»

    (интервью) Ж. Назаралиев: «Жакынкы келечекте Кыргызстанда эч кандай революция болбойт»
    25 09 2015 11:53

    Кыргызстанда ушул жылдын 4-октябрында кезектеги парламенттик шайлоо болуп өтөт. Жогорку Кеңешке он төрт саясый партия ат салышууда жана бүгүнкү күндө алар үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жатышат. Парламентке 120 депутат барууга тийиш. Ушуга байланыштуу «Саналуу орундар кандайча бөлүштүрүлмөкчү?», «Парламенттик көпчүлүккө кайсы партия ээ болушу мүмкүн?», «Кайсы бир партиялардын ЖКга келиши жана тескерисинче, башка партиялардын парламентке өтпөй калышы 2005- жана 2010-жылдарда болуп өткөндөгүдөй мамлекеттик төңкөрүшкө алып барышы мүмкүнбү?» деген суроолор коомчулукта жаралып жатканы да анык. Ушул жана башка суроолорго коомдук ишмер, профессор Жеңишбек Назаралиев жооп берет.

    - Сиздин шайлоо бюллетениндеги «Бардыгына каршы» деген пунктуна болгон көз карашыңыз кандай?

    - Эгерде шайлоо бюллетениндеги «Бардыгына каршы» деген графаны алып сала турган болсо, биздин жарандарыбыз чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышмак, анда «муну, же тигини танда» деген гана вариант болмок. Бирок, демократиялык көз караштардын принциптерине ылайык, биз жарандарга башка да мүмкүнчүлүктөрдү- бардык кандидаттарды жана саясый күчтөрдү колдоодон баш тартуу мүмкүнчүлүгүн да берүүгө тийишпиз. Дал ушул графа шайлоонун атаандаштыгын күчөтүп турат. Саясатчылар бири-бири менен гана атаандашпай, жарандардын коомчулукка болгон апатиясы, алардын өлкөбүздүн келечегине карата жасаган кайдыгер мамилеси менен да күрөшүүгө тийиш. Адамдар шайлоого маани беришпей, добуш берүү күнү шайлоо участкасына барбай коюшуп, анан саясый абалга доомат коюшса, аларды коомго болгон жоопкерчиликсиз жана акыл-эссиз мамилеси үчүн күнөөлөсөк туура болмок. Бирок мен адам эгерде өз эрки менен «бардыгына каршы» добуш берген болсо, анда ал тескери активдүүлүгүн көрсөтүп жатат деп эсептейм. Жаран, добуш берүүгө катышпагандардын катарын толтуруп, шайлоого эч кандай көңүл бурбай, көзүнө илбей койсо да болмок. Бирок, ал шайлоого атайын келип, бардык кандидаттарга «жок» деген көз карашын билдирип жатат.

    Мен алардын жан дүйнөсүнүн абалын түшүнүп турам: айтылып жүргөндөй, манеждеги саясатчылар баягылар эле, өлкөбүздү куру убадалары менен тойгузуп келе жатышат, көпчүлүк кандидаттарды көрө берип, көңүлүбүз айныган абалга келип жеткенбиз, эч кандай өзгөрүүлөр жок – баары тажатты! Ошентсе да шайлоо – бул механизм экенин эстен чыгарбоого тийишпиз, калктын саясый активдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн улам, «бардыгына каршы» добуш бергендер кайсы бир партиянын добушун кыскарткандыгына байланыштуу, парламенттеги көпчүлүк орун башкаларга өтүп кетип, бийликке деструктивдүү күчтөр келип калышы мүмкүн. Ошондуктан саясатта «эки желмогуздун» ичинен бирөөнү, алда канча коопсуз «желмогузду» тандоо абзел. Накта парламентаризм жөнөкөй жарандардын колдоосунда гана кармалып турат. Ушул себептүү өлкөбүздүн азыркы саясый түзүм моделинин туруктуулугу үчүн биз баарыбыз бирдей жоопкерчиликтүүбүз. Добуш берүү күнү – биздин саясый зиректүүлүгүбүздү текшерүүчү күн. Жашоодогу менин урааным: «Бардыгы сенин колуңда!». Бул биздин жарандык позициябыз болууга тийиш деп эсептейм.

    - Сиз кайсы партия үчүн добуш береээриңизди аныктап алдыңызбы?

    - Биринчиден, добуш берүүнүн жашыруундулугу бар, экинчиден, ачык айтсам мен үчүн олдоксондук болуп калмак. Байкоочу-аналитик катары, жалпы өлкөбүз жана жөнөкөй адамдар менен бирге кыргыз саясат чөйрөсүндөгүлөр үчүн да жакшы болушу үчүн «карталар» кандайча жайгашышы керектиги тууралуу жалпылап айтып бере алам. СДПК сыяктуу бир партия өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча программаны жападан-жалгыз турмушка ашыра албастыгын биз

    баарыбыз түшүнүп турабыз. Тармактуу оппозиция деп аталган саясый өнөктөштөр жана оппоненттер болууга тийиш. Идеологиялык жактан ар түрдүү партиялардын балансы бири-бирине канчалык тең келип турса, кезектеги мамлекеттик төңкөрүштөрдөн алыс болуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук көбүрөөк болмогу анык.

    - Сиз партияларга болгон өз көз карашыңыз жөнүндө айтып бере аласызбы? СДПК партиясына мамилеңиз кандай?

    - СДПК партиясы бүгүнкү күндө бийликтин партиясы. Мунун натыйжасы бизге Кыргызстан туруктуу жана коомдук силкинүүлөрсүз өнүгөт деген ишенимди берүүдө. Башкача айтканда, парламентке СДПКдан көбүрөөк депуттардын келиши, бул өлкөбүз үчүн өсүп-өнүгүүнүн жана бейкут эмгектенүүнүн мүмкүнчүлүгү. СДПК негизи туруктуу партия, өлкөбүздүн бир катар ички көйгөйлөрүн мыйзам деңгээлинде чечип келе жатат. Мисалы, партиянын лидери – азыркы президентибизден улам бийлик партиясынын идеологиясы державалык экендигин көрүп турабыз. Аткаруу бийлигине келип жана мамлекеттин жетекчиси болуу менен Алмазбек Атамбаев мурунку советтик мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге кошулууга жетишип, сырткы өнөктөштөр менен мааниси терең келишимдерди түзүүнү камсыздады, демократиялык баалуулуктарды туу тута жана Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдей тургандыгыбызды Батышка далилдей алды. Мен СДПК бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымысын алат деп ойлойм.

    - Бул, сиз өзүңүз азыр эле айткан, ички саясый балансты бузбайт деп эсептейсизби?

    - Сөзсүз, эгерде партия добуштардын жарымынан көбүн ала турган болсо жана мыйзам долбоорлорун кабыл алуу учурунда башка саясый күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл болбой калган учурда ошондой болот. Мындай учурда партия мыйзамдарды аткаруу бийлигинин муктаждыктарына карап алып чыга алат. Бул эркиндикти жана демократиянын принциптерин өтө эле чектеп коюшу мүмкүн. Бизге бийликке болгон монополия, аны узурпациялоо эмес, саясый атаандаштык керек. Бирок обьективдүү жагдайды да эске алууга тйишпиз: СДПК- өзүнүн лидери учурдагы президент болгон, так программасы жана кубаттуу ресурстары бар күчтүү жана зор партия. Бирок, башка да татыктуу саясый күчтөр бар. Мисалы, «Ата-Мекен» партиясы. Ал өзүн бириккен оппозиция катары көрсөтүп келет. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев зор саясый тажрыйбага ээ накта профессионал, анын аркасында кубаттуу аймактык электораты турат. Оппозициясы жок бийлик алсыз болуп калаарын биз баарыбыз жакшы түшүнөбүз, ошондуктан «Ата-Мекен» демократиялуулукка кепилдик берүүчү жана мыйзам чыгаруу чечимдеринде калктын ар кандай катмарларынын кызыкчылыгын эске алуучу эффективдүү, эң сонун каршылаш боло алат.

    - Дагы кайсы партиялар Кыргызстан калкынын ар кандай катмарынын кызыкчылыктарын жактай алышат?

    - Бул – «Партия Кыргызстан» экендигине ишененм. Муну жаңы гана түзүлгөн партия деп айтышат, бирок таптакыр андай эмес. Кыргызстанда ишкерчилердин классы, же нувориштер акыркы 20-25 жылдар аралыгында активдүү калыптанып келишти. Бул партиянын көпчүлүк мүчөлөрү финансылык абалын бекемдөө үчүн абдан оор жолдорду басып өтүштү. Алардын биографиялары жекече өнүгүүнү гана эмес, биздин өлкөбүздүн тарыхындагы оор жана кескин бурулуш учурларды да чагылдырып турат. Алар өздөрүнүн эркинин, жан дүйнөсүнүн күчтүүлүгү менен жана жети атасынан берки келе жаткан эмгекчилдиги аркылуу гана ирденип кетишти. Мен достук, өнөктөштүк жана тууганчылык байланыштарды айтып жатам. Анткени коомдо, компьютердин иш тармагы сымал, баары бири-бирине байланыштуу.

    Бай бизнесмендердин арасында кайсы бир учурда ыңгайлуу коммерциялык мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бирок коомдук жыргалчылыкка каршы иш жасап алгандар жок эмес. Алардын кээ

    бирөөлөрү мамлекеттик башкаруунун жана тескөөнүн, анын ичинде салык салуунун жана бажы көзөмөлүнүн жетиштүү деңгээлде болбогондугунан улам, өздөрүнүн байлыктарын топтоп алышты деп божомолдоого болоор. Бийлик түзүмдөрүндөгү байланыштарын пайдаланган бизнесмендер да болушу мүмкүн. Менде факт, маалымат болбогондуктан, мен буларды божомолдоп, тастыктай албайм. Бирок, мамлекеттик түзүмдүн алсыз жактарын жана бизнесте кандай шарттарда иштөө ыңгайлуу болоорун билүү менен бул адамдар бизнестин көз карашы менен биздин мыйзамдарыбызды өнүктүрө, мамлекет тараптан көзөмөлдү жүргүзүүнү жакшырта алышат. Бул кыргыз экономикасына чет элдик инвесторлордун кызыгуусуна өбөлгө болмок. Мында түз инвестициялар, капиталдын келиши, жаңы жумушчу орундар түзүлмөкчү. Бизнесте жакшы натыйжаларга жетише алган адамдар мамлекеттик институттардын кемчилик жактарын жакшы түшүнүшөт жана алар практикалык көз караштан алганда кайсы бир идеологияны карманышкан саясатчыларга караганда алда канча пайдалуу. Бизнесмендер – булар технократтар. Жогорку Кеңеште ушундай багыттагы мыйзам чыгаруучулар бизге керек. Анын үстүнө алар орто классты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзө алышат. Биздин мамлекетибизге ишкерчилик дарамети бар, генинде бизнесмендин психотиби болгон ишкерлердин классы керек, алар канчалык көп болсо баарыбызга ошончолук жакшы болмок: жаңы компаниялар, ишканалар,заводдор, мектептер, ооруканалар ачылат, өлкөбүз гүлдөп өнүгөт – жарандарыбыздын жашоо сапаты жакшырат жана өмүрлөрү узарат.

    - Мен да макулмун, мыкты ишкерлер парламентке абдан керек. Дагы кимдер жаңы чакырылыштын депутаттары боло алышат?

    - «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» Партиясы. Партиянын иши менен мен анын лидери Аскар Салымбеков аркылуу жакшы таанышмын. Билбегендер үчүн, «эмгек» кыргыз тилинен орус тилине «труд» деп которулат эмеспи. Салымбеков чындыгында эле эмгекчил адамды чагылдырып турат, өзүнүн «Дордой» империясын түзүү үчүн 25 жыл боюу күндүз- тынымы, түнкүсүн- уйкусу жок иштеди. Ал 35 миңден ашуун жумуш орунун түздү, ал бул көрсөткүчтү мамлекеттеги болуп өткөн төңкөрүштөргө жана кризистерге карабастан 15-20 жылдан бери кармап келе жатат. Америка эки гана идея менен өнүккөн, биринчиси — эмгек, экинчиси — убакыт, тактап айтканда америкалык жашоо тартиби убакытты жана материалдык ресурстарды коромжу пайдаланууга жол бербейт. Мындан башка да мен Аскар Салымбековду меценат катары да жакшы билем, ал кайрымдуулук максатында спортту, саламаттык сактоону, билим берүүнү, маданиятты, искусствону ж.б. өнүктүрүү үчүн миллиард сомдон ашуун каражатын жумшаган. Канчалык аракеттенсем дагы, мен ушунчалык көлөмдө үзгүлтүксүз кайрымдуулук колдоосун көрсөтүп келе жаткан башка бир дагы кыргызстандыкты эстей албай жатам. Меценатчылык – бул инсандын жан дүйнөсүнүн өз элине болгон ачыктыгынын жана тазалыгынын көрсөткүчү.

    -- Салымбеков чындыгында эле ишкерлер чөйрөсүнөн жаңы агым.

    - Ооба, бирок мен азыр «Республика-Ата Журт» партиясы жөнүндө айткым келип турат. Мага ал Бабанов менен Ташиевдин намыскөйлүгү менен өзгөчө жагат. Бири премьер-министрдин креслосунда отурууга жетишкен чыгаан бизнесмен-олигарх, экинчиси Ош окуяларында өзгөчө айырмаланып, көзгө көрүнгөн улуттук Баатыр. Башка жагынан алганда да бул партия көп улуттуу жана жаш саясатчылары арбын. Бирок, алар парламентке өтүшкөндөн кийин, бириккен эки партия өз ара пикир келишпестикке барышы мүмкүн деген кооптонуу да жок эмес. Бул тиги же бул мыйзамды кабыл алуудан көз каранды болгон өкмөттүн ишине, парламенттин мыйзам чыгаруу ишине тоскоол болушу мүмкүн.

    - А башка партиялардын тагдыры кандай болмокчу?

    - «Ар Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов өз партиясына кошулушкан батышчыл саясатчыларды «ээрчитип кетиши» мүмкүн, өзү баликим Кыргызстандын Россиядагы элчисинин

    ордун татыктуу ээлейт же ОДКБнын жетекчиси Николай Бордюжага жардам берет. «Бир Бол» партиясы жөнүндө айтсам, анда өткөн мезгилдерде өздөрүнүн кадырын кетирип алышкан саясатчылар чогулушкан деп ойлойм, элди оңой эле алдап кетүүгө мүмкүн эмес, алар баарын көрүп-билип жана эстеп турушат. «Өнүгүү-Прогресс» жана «Замандаш» партиялары – булар жаш саясатчылардын толкуну. Алардын көз краштары прогрессивдүү жана кызыктуу, бирок алардын келечеги али алдыда деп ойлойм. Турмуш алардын көз карашын практикада тегирменден өткөрүүгө тийиш.

    - Демек, сиз шайлоодо жеңип чыгуучу беш партияны аныктап бердиңиз: СДПК, «Ата-Мекен», «Республика-Ата Журт», «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» жана «Кыргызстан партиясы». Ушундайбы?

    - Так ушундай. Мындай жайгашууда – ушул саясый партиялардын өз ара балансында – биздин өлкөбүздө туруктуулук болмокчу жана эч кандай мамлекеттик төңкөрүштөр жөнүндө сөз кылууга да болбойт.

    Маектешкен: Жакшылык Бердибек уулу

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *