Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Бокоев депутаттарга кол тийбестик укугун берген Баш мыйзамдын жобосун алып салууну сунуштады
“Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев депутаттарга кол тийбестик укугун берген Баш мыйзамдын жобосун алып салууну сунуштады.
Мындан тышкары депутат жаңы долбоор боюнча премьер-министр депутаттык мандатын сактап калат дегенди колдой турганын айтты.
“Бул долбоор практикадан келип чыкты болуш керек. КСДП жана “Республика” фракциясынын лидерлери премьер-министр болушту. Эгерде Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов премьер-министр болгон болсо анда фракциялардын лидерлери жок болмок. Жеке оюм боюнча Кулов менен Текебаев премьерликке барса болмок. Анткени алар шайлоого катышат. Элдин астында жооп бермек. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев шайлоого барбай эл алдында жооп бербей калат”, -дейт К. Бокоев.
Мындан тышкары Кенжебек Бокоев Конституциядагы техникалык, граматикалык каталарды оңдоо тууралуу дагы айтты.