Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кемин - Ак-Туз унаа жолундагы кырсыктан 28 жаштагы жаран каза болду
10 08 2015 09:46
Кемин - Ак-Туз унаа жолундагы кырсыктан 28 жаштагы жаран каза болду. Мындай маалыматты 10-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-августта аталган унаа жолдун 10-чакырымында болгон. Айдоочу “Фольксваген Жетта” үлгүсүндөгү унаасын башкара албай бетон тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 28 жаштагы К.К. аттуу жүргүнчү каза тапкан.
Азыркы учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.