Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Конституцияны ѳзгѳртүүгө каршы чыккан Фейсбук колдонуучулары веложүрүш акциясын өткөрүштү
Фейсбук социалдык байланыш тармагынын колдонуучулары кечээ, 18-июнда веложүрүш акциясына чыгышты. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына акциянын демилгечиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага жыйырмага жакын жаран катышкан. Акцияга коомдук активисттер, укук коргоочу, журналист, ЖКнын депутаты жана «Бир Бол» партиясынын жаштар канатынын мүчѳлѳрү катышты. Веложүрүш «Биз сергек жашоо жана достук үчүн» жана «Конституциям менин тумарым» деген ураандын алдында уюштурулду.
«Акциябыз биз күткѳндѳн да жакшы ѳттү. Веложүрүшкѳ Интернет колдонуучуларынан тышкары шаар тургундары, үй-бүлѳсү менен келип колдогондор болду. «Биз сергек жашоо жана достук үчүн» деген чакырык менен, Интернет желелеринде достошуп жүргѳн адамдардын жолугуусуна да жакшы шарт түзүлдү. Буюрса, мындан ары веложүрүш маал-маалы менен уюштурулуп турмакчы болду, кийинки веложүрүштүн эстафетасын «Бир Бол» партиясынын келген ѳкүлдѳрүнѳ ыйгардык»,- дейт Д. Орунбеков.
Ошондой эле веложүрүш учурда Конституцияны ѳзгѳртүү демилгесин кѳтѳрүп аткан саясий күчтѳргѳ каршы да арналды. «Биз Конституцияны ѳзгѳртүүгѳ каршыбыз» деген ураан менен келген ЖКнын депутаты Ѳ.Абдырахманов, укук коргоочу Р.Карасартова, медиа-эксперт Ш. Маматокторовдор веложүрүшкѳ активдүү катышты.
Мындан кийинки веложүрүш акциясын «Бир Бол» партиясынын жаштар канаты уюштурмакчы.