0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    КРнын «Шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузууга жол бербестик үчүн «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын расмий билдирүүсү

    КРнын «Шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузууга жол бербестик үчүн «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын расмий билдирүүсү
    30 09 2015 09:57

    КТРКда 28 – сентябр күнү 23:55 саатта «Ата Мекен» саясий партиясынын фонду тарабынан даярдалып жана төлөнгөн атайын репортажы көрсөтүлдү. Бул атайын репортажда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаровдун жеке инсандык аброюна жана ар намысына шек келтирген маалыматтар көрсөтүлгөн.

    Бул «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары укугун одоно түрдө бузуучулук деп табылат. КТРК тарабынан коомчулукка таркатылган бул материал 4 – октябрда өтүүчү КРнын Жогорку Кеңешине шайлоо жыйынтыктарына жана партиянын имиджине олуттуу кедергисин тийгизүүсү ыктымал.

     «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы  Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, «Ата Мекен» саясий партиясы тарабынан даярдалган бул  материал чагымчылдык катары далилденип такталды. Ушундай эле даттануу арызы менен «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы КРнын Башкы прокуратурасына кайрылганы турат.

    КРнын ЖКнын депутаттыгына шайлоо учурундагы шайлоочулардын эркин тандоосуна кандайдыр бир кедергисин тийгизбөө, соттук териштирүүлөрдү болтурбоо жана урмат-сый боюнча  калуу үчүн «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын атына негативдүү үгүт материалдарын жайгаштырууда этият болууңуздарды эскертебиз.

    Терең урматтоо менен,

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын

    Укуктук маселелер боюнча ыйгарым өкүлү                                                                                                          А. Рысбаева

    Тел: 0777 777371

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *