Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
КТРКнын Байкоочу кеңешине ЖКнын комитети А. Асанованын талапкерлигин сунуштоо чечимин кабыл алышты
Бүгүн, 13-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети КТРКнын Байкоочу кеңешиндеги бош орунга К. Карасаев атындагы БГУнун Журналистика жана маалымат системалар факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Алтын Асанованын талапкерлигин сунуштоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, талапкер Алтын Асанова КТРКдан берилген маалыматтардын ар тараптуулугун камсыздоо, редакциялык саясатты жакшыртуу, корпорациянын ишмердүүлүгүнө ырааттуу түрдө мониторинг жүргүзүү сындуу максаттары менен бөлүшкөн.
Маалымат боюнча, аталган кызмат ордуна тараптардан талапкерлер боюнча сунушутамалар келип түшкөн. “Жаштардын укук коргоо тобу” коомдук уюмунун адиси Венера Стамалиеванын, “Бирдиктүү көчмө миграциялык борбор” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Тимур Алхожоевдин, К. Карасаев атындагы БГУнун Журналистика жана маалымат системалар факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Алтын Асанованын талапкерлиги сунушталган.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Эрнис Абдыжапаровдун жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.