0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews - Новости глазами граждан

    Кыргыз элинин классик акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл

    Кыргыз элинин классик акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл
    17 04 2015 20:41

                            Кыргыз элинин классик акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл

     

    2015-жылдын 27-мартында башкы имараттын чоң жыйындар залында кыргыз поэзиясынын классиги, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын биринчи лауреаты, алп акын Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган “Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс, артыбызда өлбөй турган эл калсын” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

    Иш чаранын уюштуруучусу - кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы Байсабаев Бектурсун Ашымович.

    Конференция факультеттин деканы ф.и.д., профессор Турусбек Маразыковдун сөзү менен ачылып, андан соң төмөнкү окумуштуу-профессорлор өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.

    Нурмамат Эсенкулов - КУУнун проректору.
    Эсенгул Исаков - ЖКнын депутаты.
    Абдылдажан Акматалиев - КР УИАнын вице-президенти , академик, ф.и.д., профессор.
    Акбар Рыскулов - Улуттук жазуучулар кеңешинин төрагасы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
    Бекаури Гоча - Кыргызстандагы грузин диаспорасынын өкүлү.
    Дадебаев Жангара – фи.д., профессор.Казакстан.
    Конуратбай Тынысбек – ф.и.д., профессор.Казакстан.
    Конференцияда КР УИАнын корр.-мүчөсү, ф.и.д., профессор Осмонакун Ибраимов, КР УИАнын корр.-мүчөсү, ф.и.д., профессор Абдыкадыр Садыков, КРнын Эл акыны, ф.и.д., профессор Вячеслав Шаповаловдор негизги илимий баяндамаларды жасашты.

    Жыйында "Алыкул Осмонов" Коомдук фондунун төрагасы Кеңешбек Көкөев, МАКтын башчысы Бекибай Мамытов, Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору Памирбек Казыбаев, композитор Астар Тыналиев, Шаршенбай Ажыбековдор да сүйлѳштү.

    Пленардык жыйындан кийин Алыкул таануу боюнча ар түрдүү темадагы 70 тен ашык илимий баяндамалар секцияларда иштерде окулуп, резолюция кабыл алынды.

    Бул иш чара Алыкул Осмоновдун талантын баалаган күйөрмандардын жан дүйнөсүнѳ чоӊ таасир эте алды.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *