Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстан визасыз тартипке өтүшү менен көп туристтер келе баштаган
22 06 2015 12:47
«Республика» фракциясынын демилгеси менен дүйнөнүн 44 мамлекети үчүн виза тартиби жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июндагы парламенттеги маалымат жыйында аталган фракциянын лидери Максат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, дүйнөнүн 44 мамлекетине визасыз тартипке бир тараптуу өтүү Кыргызстанга көп туристтерди алып келген. «2011-жылы чет өлкөдөн 37 миң турист катталса, 2012-жылы визаны жоюп салуудан кийин 57 миң адамга жеткен», - дейт М. Сабиров.