Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстанда 586 миң 278 адам жөлөк пул алат

19 09 2014 13:44
Кыргызстанда 500 000 ашуун адам жөлөк пул алат. Алардын ичинен 67,4 пайызы “Кыргызпочтасы” ИТдан алгандар.
2014-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча жөлөк пул алуучулардын саны 586 миң 278 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн КРнын Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, алардын ичинен “Кыргызпочтасы” ИТдан алгандар 395 миң 223 же жалпы эсептин 67,4 пайызын түзөт, калган 32,6 пайызы же 191миң 055 адам коммерциялык банктар аркылуу алышат.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 5 млн 2,9 адам жеке эсепке алынган (республиканын жалпы калкынын 96 пайызы).
Август айында жекелештирилген эсепке алуу тутумунда 3 миң 912 адам катталган.