Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кыргыз пресса
Өлкө башчы жаштарды билим алууга үндөдү
Гезиттин бул санында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин республиканын билим берүү тармагына көңүл бургандыгына басым жасалган. Жогорку окуу жайларда окуган 56 студентке окуудагы, илимдеги жетишкендиктери жана коомдук ишмердүүлүгүнө жараша президенттик стипендия менен сыйланганы «Эң баалуу сапатыбыз – билим жана өнөр» деген макалада кенен жазылган. Өлкө башчы азыркы заманды жана ал берип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билип, жаштарды убактыларын бекер өткөрбөй билим алууга умтулууга үндөгөн.
Ошондой эле 1-сентябрь Билим күнүнө карата Чүй облусунун Маданият айылындагы жаңы мектептин ачылышында өлкө башчы «Кыргызстандыктар жогорку билим берүү системасындагы реформалардын үзүрүн көрүшү керек жана ата-энелер дагы балдарынын билим алуусунан аянбоосу керектигин» айткан. Мектептин ачылыш аземине КР президенти Алмазбек Атамбаев, Билим берүү жана илим министри К. Садыков, окуучулар жана ата-энелер катышкан.
2- сентябрь, Эркин Тоо