0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери биометрикалык маалыматтарды чогултууга каршы билдирүү жасады

    18 06 2015 17:46

    «Биометрикалык маалыматтарды каттоо жөнүндө» мыйзамы жарандардын укуктары менен эркиндиктерин одоно бузгандык болуп эсептелет. Бул тууралуу «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков билдирүүсүндө кабарлаган.

    Анын айтымында, биометрикалык маалымат топтоо өлкөнү көп жылга артка таштап, адам укуктарын сактоо жагынан бардык жетишкендиктерди жокко чыгарууда.

    «Мекен Ынтымагы» партиясы жарандардын шайлоо укугун бузбоону жана Конституциянын кепили катары президент Конституцияга каршы келген «КРнын жарандарынын биометрикалык маалыматтарды каттоо жөнүндө» мыйзамды алып таштоосун талап кылат. Биометрикалык маалыматтарды каттоо, шайлоонун жүрүшүндө ар кандай көз боочулук, алдамчылык, кыянаттык сыяктуу көрүнүштөрдөн сактоого көмөк болот деп бизди алдоого аракет кылып жатышат. Бирок биометрика ондогон жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөрдү чечпейт, тескерисинче, аларды курчутуп жиберет. Мунун азабын карапайым эл тартат! Биздин укуктарыбызды бузууга биздин өз акчабыз кетип жатат. Ал каражаттарды жаңы мектептерди, социалдык мекемелерди курууга, медицина менен билимди өнүктүрүүгө, колунда жокторду колдоого жумшаса болмок», - деп жазылган билдирүүдө.

    Мындан тышкары, алар бул мыйзамга каршы чыгып жаткан Кыргызстандын бардык коомдук кыймылдарын жана бардык коомдук ишмерлерин колдой турганын билдиришкен. 

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *