Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ВУЗNews - Новости и Мероприятия
Мөңгүлөр маселеси Ысык-Көлдө талкуланууда
Суунун тартыштыгы жана мөңгүлөр маселесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция Ысык-Көлдө өтүп жатат
Бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чоктал айылында “Климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Иш-чаранын максаты - климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө, тоңуп турган муз жана кар катмарларына, суу ресурстарына тийгизген таасирин төмөндөтүү үчүн адекваттуу чечимдерди табуу. Конференцияга жакынкы жана алыскы мамлекеттердин илим изилдөө институттарынын жетекчилери, окумуштуулар, Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекеттердин (КМШдагы) гидрометеорологиялык мекемелеринин жетекчилери жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. Конференциянын жүрүшүндө учурда дүйнөдө жана Борбор Азияда орун алган табигый кырсыктар, мөңгүлөрдүн азайышы жана суу тартыштыгы маселелери тууралуу баяндамалар окулууда.
Булагы: http://fakt.kg/region/2002-suunun-tartyshtygy-zhana-m12571187g1199l1257r-maselesine-arnalgan-el-aralyk-ilimiy-praktikalyk-konferenciya-ysyk-k1257ld1257-1257t1199p-zhatat.html