0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews - Мнения и идеи граждан

    Модерн Ислам деген эмне?

    Модерн Ислам деген эмне?
    18 10 2014 13:25

    Ал доордо ыймандуу аялдар чачтарын бойоп, макияж жасап, колдорун каранышып, ал доордун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык кына, халюк (шафран жана башка заттардын аралашмасынан алынган, кызыл-сары өңдүү зат) сыяктуу каражаттарды колдонушкан. Аллахтын Пайгамбары (сав) эгер азыркы заманда жашаганда, учурдагы эң модерн адам, модерн динчилдиктин эң сонун өрнөгү болоорунда эч күмөн жок. Албетте, модерн дегенде тар мааниде бир гана бренддик кийимдерди кийип, люкс жашоону тандоону айтып жаткан жокпуз.

    Модерн Ислам түшүнүгүн кээ бир адамдар туура эмес түшүнүп же бурмалап жаткан болушу мүмкүн. Ошондуктан «модерн Ислам» дегенде эмне айтылып жатканына токтолуп кетүү туура болот.

    Модерн Ислам – Ислам дининин модерндештирилген (заманбапташтырылган), модерн көз-караш же жашоо формаларына ылайыкташтырылган абалы эмес. Модерн Ислам – Исламдын улуулугун жана бийиктигин жакшы түшүнө албай, төмөндүк комплексине кабылган, мүнөзү толук калыптанбаган кээ бир Мусулмандардын акылман-сөрөйлөргө, коммунизмге, кээ бир бузулган маданияттарга жана туура эмес философияларга болгон тымызын суктануусу жана аларды тууроосу да эмес.

    Модерн Ислам Исламдын өтмүш жана келечектеги бүт замандардын жана бүт элдердин модерндик түшүнүгүнөн эсе эсе жогору, эң жогорку даражадагы бир модерндик түшүнүгүнө ээ экенин көрсөтөт. Исламдын мындай модерн-үстү сыпатын бизге эң жакшы баяндаган булак – бул Аллахтын вахийи Куран. Ошондуктан модерн Ислам – бул Куранды эң туура түшүнүп, эң сонун, таза жана түз ниет менен турмушка ашыруу. Модерн Ислам кыскача Исламдын маңызынын модерндик экенин түшүндүрөт.

    Эң модерн адам Пайгамбарыбыз (сав)

    Модерн Ислам – Пайгамбарыбыз (сав) жана сахабалары жаашаган Ислам. Дүйнөнүн эң модерн инсаны болсо Куранды эң туура түшүнүп, аны эң сонун жол башчы кылган Пайгамбарыбыз (сав). Албетте, биз айтып жаткан модерндик түшүнүгүн Расулуллах (сав) өз доорунун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттарына ылайык эң жогорку даражада турмушка ашырып, ыймандууларга да ошондой жашоону үйрөтүп, насаат кылган.

    Мисалы, бүгүнкү күндөгү фанаттык Ислам түшүнүгү аялдардын өзүн каранбай, эркектерге окшоп жүрүшүн туура көрсө; Пайгамбарыбыз (сав) аялдардын эркектерге, эркектердин болсо аялдарга окшошуусуна катуу тыюу салып, аялдарга дайыма өздөрүн каранып, макияж жасап жүрүүгө, сулуу көрүнүүгө буйруган. Ал доордо ыймандуу аялдар чачтарын бойоп, макияж жасап, колдорун каранышып, ал доордун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык кына, халюк (шафран жана башка заттардын аралашмасынан алынган, кызыл-сары өңдүү зат) сыяктуу каражаттарды колдонушкан.

    Аллахтын Пайгамбары (сав) эгер азыркы доордо жашаганда, учурдагы эң модерн адам, модерн динчилдиктин эң сонун өрнөгү болоорунда эч күмөн жок. Албетте, модерн дегенде тар мааниде бир гана бренддик кийимдерди кийип, люкс жашоону тандоону айтып жаткан жокпуз. Адамдардын эң модерни болуу – бул бүт тараптан, б.а. адеп-ахлак, акыл, маданият, түшүнүк, аң-сезим, кыймыл-аракет, мамиле, кулк-мүнөз, кийим, сулуулук, искусство жана сүйүү түшүнүгү ж.б. өзгөчөлүктөрү жагынан адамдардын эң укмушу, эң сапаттуу, эң өрнөк алынган, эң жактырылганы болуу.

    Модерн Исламдын эң чоң душманы: фанатизм

    Пайгамбарыбыз (сав) жана сахабалар жашаган доор илим, демократия, адамгерчилик, сүйүү толук өкүмчүлүк кылган, эркиндик жана сөз эркиндиги эң жогорку деңгээлде болгон, Ислам эң оңой жана ырахаттуу, чыныгы мааниде турмушка ашырылган бир доор болгон. Бүгүнкү күндө да ошондой таза Куранга таянган, ойдон чыгарылган кошумчалар менен фанатизмден алыс Ислам түшүнүгү өрнөк алынышы керек.

    Сөз болуп жаткан бул «Сахабалар доорунун Исламы» менен учурдагы Мусулман элдердин көпчүлүгү тарабынан кабыл алынып, турмушка ашырылып жаткан фанаттык Ислам түшүнүгүнүн эч байланышы жок. Ал тургай, көз-карашы жагынан бир-бирине толугу менен карама-каршы келет. Учурда көптөгөн Мусулман калктар тарабынан Ислам аты менен чагылдырылып жаткан фанатизм – сахаба доорунан кийин пайда болуп, өрчүгөн, ойдон чыгарылган туура эмес түшүнүктөргө толгон шайтандык бир дин.

    Учурда Батыш дүйнөсү, Европа, Америка, Россия, Израил сыяктуу күч борборлорунун Исламды өздөрүнүн маданиятына бир коркунуч катары көрүшүнүн түбүндөгү чыныгы себеп – мына ушул Куранга туура келбеген фанаттык дин модели. Батыш маданияты тарабынан чыгарылган «Исламофобия» түшүнүгүн пайда болуу себеби да – ушул жасалма дин жана анын мүчөлөрүндөгү фанатизм, жапайылык, караңгылык, эскилик, канкордук сыпаттарынан болгон коркуу.

    Дүйнөнүн жалгыз кутулуу жолу – бул адамдардын сахаба доорундагы модерн Ислам менен жашашы

    Мындан башка дүйнө үчүн эч бир кутулуу жолу жок. Себеби Аллах Өзү адамдар үчүн тандап жактырган диндин турмушка ашырылып, дүйнөгө жайылышынан башка эч бир модельдин өкүмчүлүк кылышына жол бербейт.

    Сахаба доорундагы чыныгы Ислам бүгүн турмушка ашырылса, дүйнө жүзүндөгү терс көрүнүштөрдүн эч бири, Аллахтын уруксаты менен, болбойт. Мусулман дүйнөсү бүгүнкүдөй балээлерден, азаптардан жана кыйынчылыктардан кутулат жана Батыш дүйнөсү болсо ушул күнгө чейин билгенинен такыр башка, өтө сонун бир Ислам моделине жолугат. Мындай сонун бир динге душман болуу мындай турсун, Мусулмандар менен дос болуунун, биримдик түзүүнүн жана аралашуунун, Исламга кошулуунун жолдорун издейт, иншаАллах. Исламдын бүт диндердин, бүт философия жана көз-караштардын үстүндө экенине түздөн-түз күбө болушат. Ошондуктан бүт дүйнөнүн сахаба Исламын кабыл албашы үчүн эч бир себеп жок. Абдан жакында ушундай болоорун да бүт адамдар көрөт, иншаАллах.

    Бүгүнкү күндө сахаба доорунун модерн Ислам түшүнүгүндөгү бир Мусулман эң биринчиден сүйүү менен адамгерчиликти негиз алат. Бир эле мусулмандарды эмес, христиандарды да, иудейлерди да, башка мазхап мүчөлөрүн да, алевиттерди, шииттерди, ваххабиттерди да коргоп, колдойт. Коммунисттерди, атеисттерди да коргойт. Арменияны да, Грецияны да, Россияны да, Израилди да, Европаны да, АКШны да, Кытайды да, бүт өлкөлөрдү да кучактайт. Бүт баарынын пикирине, жашоосуна, түшүнүгүнө урмат көрсөтөт. Демократия, сүйүү, илим, адамгерчилик өкүмчүлүк кылган бир дүйнөнү максаттайт. Мусулмандардын өз ара карама-каршылык, уруштарын токтотуп, бир туугандык маанайында биригип, Ислам Биримдигин курушу үчүн болгон аракетин жумшайт. Андан соң бүт адамзаттын ошол Ислам Биримдиги астында биригип, кутулууга жетишин көздөйт.

    Фанатизм Батыш үчүн да чоң балээ

    Мусулмандардын Куранды негиз туткан Исламды таштап, фанаттык дин түшүнүгүн кабыл алышы бир эле Ислам дүйнөсүн эмес, Батыш дүйнөсүн жана бүт дүйнөнү да кыйынчылык менен караңгылыкка түрттү. Бүгүнкү күндө бир эле мусулмандардын эмес, мусулман эместердин да Исламды туура эмес таанып, Аллахтын бул улуу жакшылыгы менен мээриминен алыс калышынын эң негизги себепкерлери – бул фанатизмдин жактоочулары.

    Мунун натыйжасында чыныгы динден кабарсыз жана алыс калган Батыш дүйнөсү канчалаган кылымдан бери бир балээден экинчи балээге түртүлдү. Акыйкат диндин жоктугунан пайдаланган дарвинизм, материализм, коммунизм сыяктуу шайтандык идеологиялар дүйнөгө өкүмчүлүк кылды. Батыш адамдарына балээ үстүнө балээ жаадырып, алардын рухтарын шал кылды.

    Адамдардын рухтары сокурлап, ыйманы, кубанычы жоголгону үчүн роман, музыка, сүрөт, айкел сыяктуу искусство чыгармалары Ортоңку кылымдан алга жыла алган жок. Ошондой күчтө, ошондой сапатта, ошондой чын ниет менен чыгармаларды жараткан адамдардын саны барган сайын азайып, жок болду. 1700-жылдары курулган керемет кооз имараттардан бери архитектура күндөн күнгө артка кетип, бүт тарапты муздак, рухсуз, көрксүз бетон жыйындылары каптады. Бир канча кылым мурдагыдай искусство шедеврлерин жараткан адамдар түгөндү.

    Сахаба доору Мехдилик менен кайрадан келет, иншаАллах

    Көрүнүп тургандай, дүйнө жаналакетке түшүп, өлүмдү көздөй баратат. Дүйнөнү жана адамзатты бул өлүм төшөгүнөн куткара турган жалгыз күч болсо – бул Мехдилик, б.а. Мехди (ас). Мехди доорунда дин чыныгы абалына кайтып, фанатизм жок болот жана Пайгамбарыбыз (сав) жана сахабалар убагындагы чыныгы Ислам дүйнөгө жайылып, бүт адамзат Курандын нуру менен нурданат.

    Урматтуу агайым Аднан Октар А9 ТВдеги бир сөзүндө Мехди доорун кыскача төмөнкүдөй сүрөттөйт:

    «Дал сахаба доорундагыдай болот, ошол доордун кубанычы, ошол доордун эркиндиги, ошол доордун бакыты, ошол доордун аялдарынын эркиндик түшүнүгү, ошол доордун тамашакөйлүк түшүнүгү, сүйүү түшүнүгү, искусство жана илим түшүнүгү бүт тарапты каптайт, иншаАллах.»

    Бир аятта болсо Исламдын жайылышы үчүн күрөшкөн жана алга озуп чыккан ыймандуулар жөнүндө мындай деп айтылат:

    «Алга чыккан мухажирлер менен ансар жана аларды ээрчигендер: Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту жана Аллах аларга ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди даярдады. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул.» (Тообо Сүрөсү, 100)

    (Автор: Дидем Үрер, оригиналы түрк тилинде: http://haber.rotahaber.com/modern-islam-ne-demektir_461350.html#.U4GZzcBvmpR.facebook)

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *