Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия
Ош шаарынын окуучусу республикалык көркөм окуу сынагында баш байгени багынтты
Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата көркөм окуу сынагынын республикалык баскычы болуп, ага Ош шаарынан үч окуучу катышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Т. Досмуратов билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык баскычка Ош шаарынан жаш категориясына карата алдыңкы орунду ээлеген үч окуучу катышып, анда согуш, жеңиш, мекенчилдик, эне тил тууралуу көркөм ырларды аткарышты.
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган бул сынакта Ош шаарындагы №17 Ю. Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын 8-классынын окуучусу Кудайбердиева Дамира баш байгени багынтты. «Дамира аталган сынактын мектептик, андан кийин шаардык баскычтарында да өзүнүн мыктылыгын далилдей алган. Ош шаарынын намысын коргоп келген сыймыктуу окуучубузга калаа башчысы А. Кадырбаев өз колу менен мактоо баракчасы, ошондой эле белек менен куттуктады», - дейт Т. Досмуратов.